КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башталышы)

Таңдан бери жупуну кийинген, чымыр денелүү, сулуучумак келген жигит базардын четиндеги пайдубалдын кырында көңүлсүз отурду. Ары-бери өткөн кишилер аны байкабаганы менен, базарды түрө кыдырып жүргөн сары жигит андан кыя өткөн жок.

– Салам, тууганым! Байкасам, эртеден бери ушул жерде отурасың. Эмне маанайың жок? Үйүңдөгүлөр менен уруштуңбу?- деп эки колун чөнтөккө салып ары-бери кыйма-чийме басып, суроо артынан суроо узатып жаткан сары жигитке Байэл көңүл бургусу келген жок. Эки бутун салаңдатып жерди тиктеген абалында отура берди. Жанында турган жигит адамдын ичи-коюнуна кирип, тамырын тартканга жөндөмдүү. Анын кай жерге болбосун башын батырып кеткен, шыпылдаган мүнөзүнөн улам достору Тико деп атап коюшкан. Байэл көңүл бурбаса да сүйлөй берди.

– Жүрү, тамак ичебиз. Эмне болгон күндө да сен бул жерде көшөрүп отура берсең эч нерсе өзгөрбөйт.

– Сен эмнеге мага жармаштың да калдың? Менин тамак ичер акчам жок. Өзүң иче бербейсиңби,- деп Байэл ачуулана сары жигитти карады. Чынында курсагы ач эле, тамак ичели деп жигиттин дердеңдегени ого бетер жинине тийди.

– Ээ, көйгөйүң ушулбу? Бас, мен төлөйм. Акчанын жоктугу маселе эмес. Сага 5 мүнөттө акча тапканды үйрөтөм,- деп Байэлди ээрчитип базардын четиндеги ашканага киришти. Бул жактагылар аны жакшы таанышат. Байэлдин тартынып жатканын байкаган сары жигит буюртма берип дасторконду тамак-ашка толтурду. Курсак тоюп көңүлдөр жайлана түшкөндө Тико кеп баштады.

– Атыңды да айткан жоксуң, меники Тимур, бирок баары мени Тико деп таанышат.

– Байэл.

– Сени мурда бул аймактан көргөн эмес элем. Кайдан келдиң?

– Эч жактан келген жокмун, балдар үйүнөн чыктым,- деди шылкыя.

– Аа, өзүбүздүкүлөрдөн турбайсыңбы. Каякта жашап жатасың?

– Азырынча эч жакта.

– Коркпо, биз менен жашап турасың. Өзүбүздүкүлөрдү талаага таштабайбыз. Оокат-кечеңди ал, сени үйүбүзгө жеткирип келейин.

– Бул рюкзактан башка эч нерсем жок,- деп жанындагы үстөлдө турган рюкзакты көзү менен көрсөттү.

Экөө ээрчише басып базардан чыгып кетишти. Байэл эки жагын карап алаңдап, Тикону ээрчип баратты. Узун көчөнү бойлой жүрүп отуруп, жапырайган кичинекей үйдүн короосуна киришти. Сары жигит эшиктин алдында жаткан темирлерди аралай басып, короонун төрүндө жайгашкан кичинекей времянкага баштап кирди.

– Мына ушул жакта жашайбыз. Мурун темир төгүлчү окшойт, азыр бул жакка эч ким келбейт. Биз тазалап, төшөнчүлөрдү алып келгенбиз. Ээси кайсы күнү келип бизди кууп чыгат, билбейм. Жакында бир бала бизден кетти. Анын төшөктөрүнө жатып турасың. Азыр балдар иштеп жүрүшөт. Келгенде тааныштырам.

– Эмне иш кылышат. Мага жумуш чыгабы?

– Сурайсың да, жумуш чыкпай анан? Эртең балдарга кошулуп сен дагы ишке жөнөйсүң.

– Эмне иш кылабыз?- деп Байэл сурады эле эшиктен тапырап өзү курактуу үч бала кирип келди. Ар бири Тикого чөнтөктөгү акчаларды чыгарып берип, каяктан алышканын бежиреп жатышты.

– Демек, баары жайында. Эч кимде көйгөй жаралбады? Анда бир аз эс алгыла. Баса, таанышып алгыла, биздин жаңы досубуз Байэл. Булар болсо Эрик, Баха, Влад,- деп кол жаңсай баарын тааныштырып коюп Тико сыртка чыгып кетти. Балдар чарчаган көрүнөт, катарлаша салынган төшөктөрдүн үстүнө жатып уктап калышты.

Аларга окшоп көп акча тапкысы келди. “Бирок кантип? Мынча акчаны эмне кылып таап келишти? Бир күндүк тапканы эле ушунчабы? Тимур баарынын акчасын алып койду, кыязы, булардын башчысы го. Мен дагы тапканымды буга берип турамбы?"- Байэл өзүнчө ойлонуп отурду. Анын оюн биринин телефонуна келген чалуу бузду. Эрик дегени телефонун алып сүйлөшүп балдарды ойготту.

– Баскыла, Тико чакырып жатат. Балдардын баары кечки тамакка чогулат экенбиз. Байэл, сен дагы биз менен бар.

– Жок, мен үйдө эле болуп турам. Жанараак эле тамактангам.

– Мейли, биз чыктык. Кеч келебиз,- балдар чыгып кетишти.

ххх

Байэл ар кайсыны ойлонуп жатты. Балдар үйүн, аны эркелетип өстүргөн Зейнеп Сапарованы эстеди. Ал аны ушунчалык өзүнө жакын тутчу, жакшы көрчү. Байэл азыр анын фамилиясын алып жүрөт. Аны апа дечү. Зейнеп Сапарова өмүр бою балдар үйүндө улук тарбиячы болуп иштеди. Башта эч кимге боор тартчу эмес. Бирок анын жүрөгүн бир күнү кичинекей чүрпө жибитти. Түн ичинде оролгон баланы көтөргөн бир келин келди. Ага жалынды, жалбарды.

– Эже, суранам, алып калыңыз. Менин төрөгөнүмдү эч ким билбейт. Атам, агамдар муну укса, баланы да, мени да өлтүрүп коюшат.

– Мунун атасы кайда?- деп сураган Зейнеп оор үшкүрүнө.

– Азыр кайда экенин билбейм, эже. Баш кошобуз деп жүрүп мени таштап дайынсыз жоголду. Бир-эки үйдүн эшигинин алдына бардым, сыртка таштай алган жокмун,- деп көз жашын төккөн келин.

Кеч күз болгондуктан эшик суук эле. Зейнеп келинди мекеменин кире беришине киргизип, баланы колуна алды. Бетин ачып жарыктан көзү уялып бырышып оозун кыймылдаткан наристени көрүп эмнегедир жүзүнө жылмаюу пайда болгон. Келин чынында айласыз эле. Зейнеп баланы алып калды. Атын да айтпастан тызылдап шашып бараткан келинди карап Зейнеп:

– Балага ат койдуңбу?

– Байэл,- деп эшиктен чыгып кеткен келин кийин уулун сурап бир дагы жолу келген жок.

Зейнеп Сапарова мындан 3 жыл мурун дүйнө салган. Өлөр алдында Байэлге "апаң бар" деп айткысы келди. Бирок бир издеп келбеген апасы жөнүндө айтып ага үмүт берүүнү туура көрбөдү. Ал болгону “мени капа кылбай жакшы бала бол. Чоңойгондо бул жактан кетишиң керек болот. Кыйналасың, чыда, уурдаба, бирөөгө жамандык кылба, ак эмгегиң менен оокат кыл” деген сөздөрдү айткан. Анын өлүмү Байэлге абдан катуу тийди. Балдарга аралашпай, көпчүлүк учурда маанайы суз жалгыз жүрчү.

ххх

Байэл 3-4 күндөн бери көчөдө түнөп жүргөнгө жылуу төшөккө жатып катуу уктаптыр. Түндө балдардын келгенин сезген эмес. Анын таттуу уйкусун эртең менен Влад бузду. Байэл кийинип жатып эмне иш кылат болду экенбиз деп ойлонду? Анын оюн окугансып Баха:

– Азыр барып маршруткага түшөбүз, бирөөбүз же экөөбүз биринчи чыгып кетебиз. Сен эң акыры ким маршруткада калса ошо менен чогуу түшөсүң.

– Ошондо мен эмне иш аткарам?

– Түшүнбөй жатасыңбы, бирибиз уурдайбыз, калганыбыз аны башкалар көрбөсүн деп тосмолойбуз. Жеңил эле. Азырынча сен кишинин санын көбөйткөн кызматты аткарасың.

Байэл “уурдаба, бирөөгө жамандык кылба” деген Зейнеп апасынын сөздөрүн эстеп бушайман боло, аларды ээрчип баратты. Аялдамага жетип киши шыкалып түшүп жаткан маршруткага 4 бала да түштү. Байэл аң-таң болуп эч нерсени байкабай деле калды. Бир караса Влад менен Баха эбак түшүп калган экен. Чынында алар эмне кылышканын Байэл көргөн жок. Бирок эртең менен айткандарын эстеп, демек, алар көздөгөнүн алган экен деди. Күнүнө акчалуу 2 капчык уурдашса жумуш бүтөт. Ала албай калган күнү Тико буларды кууруйт.

ххх

Жакшынакай кийинген 4 жигит адаттагыдай чалгынга чыгышты. Аларды сыртынан караган кишиде эч кандай жаман ой жаралбайт. Үч жигит алдыга басып өздөрүнчө күпүңдөшүп сүйлөшүп жатышкан. Байэл жанына келгенде Баха ага карап:

– Канча күн болду биз менен жүргөнүңө? Бизди ээрчип эле жүрө бербей, өзүң да кыймылда. Коркуп далай мүмкүнчүлүктү колдон чыгардың. Бүгүн сенин карьераңдын жаңы барагын ачабыз. Эми тескерисинче болот. Биз сени жандайбыз, сен уурдайсың...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 942, 24-30 декабрь, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан