КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Ороздун токтой турган түрү жок. Кызды чачынан тартып өйдө тургузду да: «Азыр мен сага үтүктү кайда басыш керек экенин көрсөтөм» деп жарым-жартылай каалгасы ачылып турган эки киши батчу керебети бар бөлмөгө сүйрөдү.

– Шеф?- кабак түйө жетекчисине карады.

– Эмне?- шашпай гана колундагы сыраны жутуп үн катты жетекчиси.

– Ашыкча кетип жатат!- бул арада Ороз кызды бөлмөгө алып кирип кетти.

– Жетим бекен?!

– Ооба. Бирок…

– Сен кете бер! Калганы сенин ишиң эмес!

– Жок!- ушул учурда кыз чаңырып, жардамга чакыргандай «Тиле-ек!» деп кыйкырды.

– Токтогула!- тапанчасын сууруп чыкты да, жетекчисине каратты.

– Эй!- обдула берди жетекчиси.

– Жылба ордуңдан!- кийим илгичте турган шефинин шымында кыстарылган тапанчаны сууруп алды.

– Энеңди урайын!

– Жап оозуңду!- жетекчисине жете келип, аны бет талаштыра тапанча менен чаап жиберди.

– Ороз!

Досунун кыйкырыгынан чыга калды. Дырдай жылаңач… Тапанча кармап элейип калган Тилекти көздөй жүткүндү Ороз. «Токто!»- тапанчаны жүгүрүп келе жаткан Орозго каратты. Бирок анын токтой турган түрү жок. Жакындап калганда курокту басып жиберди. Көзгө көрүнбөгөн жипке моюну менен илингендей тык токтоду Ороз. Моюнун кармалап жиберип, көзү чакчая кыркырай берип кулап түштү.

– Тилек!- кыздын үнүнөн гана эсине келе түштү. Сабина селейе аны карап туруптур. Анын кийимин тытып жибергенге жетишкен экен Ороз.

– Кеттик!- Тилек шашып калды. Кызды колунан алды да, сыртка чуркамакчы болгон. Бирок кыз жалтактай түшкөндөй артка кетенчиктеп, анан стол үстүндө турган унаанын ачкычын ала калды да, жигит менен сыртка карай чуркады.

Жанатан тарс эткен үндөн кийин башын катып жерде жаткан Бакыт акырын көзүн өйдө көтөрүп айланасына көз чаптырды. Досу Ороз жыпжылаңач бойдон кекиртегинен кан агып, көздөрү аңтарыла жатыптыр.

ххх

– Жок! Сеникине эмес!- өз унаасын карай чуркамакчы болгон Тилекти колдон тартты кыз. Ачкычтын баскычын басары менен короодогу капкара БМВ жол тандабас жарк эте кулпуларын ачты.

– Биз тез кетишибиз керек! Ылдамыраак!

Тилек дароо түшүндү. Унаага отуруп от алдырары менен кыз дарбазаларды ача коюп, жигиттин жанындагы орундукка жабышты. «Күрр» эткен БМВ ишенимдүү түрдө буларды бардык балээден куткарчудай жулкунуп жөнөп берди.

ххх

– Тилек… Коё турчу, ой токтотолучу,- түнкү Бишкекте БМВ чымын-куюн болуп бара жаткан.

– Эмне?

– Токто! Бул унааны баары тааныйт! Номерлерин жулуп таштоо керек!

Күү менен келе жаткан унаа асфальтта катуу үн чыгара шыпырыла келип токтоду. Ичинен чыга калган жигит унаанын номерлерин күч менен жулуп алды.

– Муну токтотуу керек!

– Эмнеге?- Тилек шашкалактады.

– Чоң-Арыкка айда! Мүрзөлөр тараптагы эски гараждарды билесиңби?

– Эмнеге?

– Менин унаам бар. Ошону менен качабыз.

ххх

Фаралардын жарыгында ийрелеңдеген кыз гараждардын биринин каалгаларын ачып жатканын Тилек дендароо боло карап турду. Кыпкызыл түстөгү эки эшиктүү седан Мерседес ээсин тааныгандай кызгылтым жарыктарын күйгүздү. Кыз унааны айдап чыгарары менен бошой калган гаражга жол тандабас кирип токтоду.

– Бул жерден аны эч ким таппайт!- кыз шашкалактап гараждын эшиктерин жаап кулпулады да, ачкычты чөнтөгүнө салды.

– Сен эч нерсе жок дедиң эле го?

– Отур! Жолдо баратып сүйлөшөбүз.

– Биз кайда?

– Көлгө! Мен көлдү сагындым,- деди Сабина ишенимдүү.

ххх

Айланма жолдо, кызыл Мерседес саатына 180 чакырым ылдамдык менен шуулдап баратты.

– Сен кимсиң? Мага баарын ачык айт!

– Сага баарын ачык айткам…

– Бул машина сенде кайдан?

– Сатып алгам… Ороздун акчасына ушуну сатып алгам.

– Демек, жетимдерге бердим дегениң калп экен да?

– Жок. Калп эмес. Бергем… Муну да алгам… Ушуну айдап өлкөдөн качып чыкмакчы болгом. Бирок чек араларга менин сүрөтүм жөнөтүлгөнүн билдим. Учак менен качууга аргасыз болдум. Муну катып кеткем. Эртели-кеч келмекмин Кыргызстанга. Ошондо кереги тиет деп ойлодум…

– Деги кимсиң сен? Чек арачыларга информация барганын кайдан билдиң? Сен жалгыз эмессиң! Алдаба мени!

– Ооба, жалгыз эмесмин… Агайым бар.

– Эмне?

– Жетимдер үйүндө тарбиялап чоңойткон агайым бар. Мурда өзү кесилип чыккан неме. Анын толтура тааныштары бар. Ошолор аркылуу билген…

– Биз азыр көлгө кимге бара жатабыз? Агайыңабы?

– Ооба!

– Жок-жок… Силер эмне мени жем кылганы жатасыңарбы?

– Тилек, бизде башка жол жок! Ал биз жашынганга орун таап, кийин өлкөдөн чыгууга жардам берет. Анын таасири күчтүү…

Тилек рулду тарс-тарс эттире чаап жиберди. Эмне кылып салды? Миң жолу жумушунан тажаса да эмнеге ушуга барды? Келечеги эмне болот? Карыган атасы кантет? Жалгыз ушул уулун караан кылып жашап жүрбөйбү ал дагы…

Кайсы шайтан жолуктурду бул кызга? Кашайып мунусу да табышмагы көп куу неме экен. Эми кантти?

– Сен мени алдап кетем деп ойлобо, уктуңбу? Мээңди чачырата атам ойт берсең! Түшүндүңбү?

– Тилек! Эми биздин тагдырыбыз бир! Кандай болсо да чогуубуз! Мага ишенчи,- кыздын алакандары жигиттин муштумуна оролду.

Жоошуй түштү Тилек. Ишенип кетти. Биринчи эле жакшы сөзүнө ишенип кетти.

Кыз бир нерсени эстегендей унаанын бардачогун ачып жиберип, ал жактан эски телефонду алып чыкты. СИМ-карталар да даяр экен. Шапа-шуп ачып, телефонго орнотуп баштады.

– Сен мунун баарын алдын-ала пландапсың! Айтчы деги, кимсиң?

– Жо-ок, Тилек! Качууга даярдангам… Жаман ойлобо!

– Сен кечээ эле кылмыш кылып баштаган адам эмессиң! Тажрыйбаң бар. Демек…

– Мен жетиммин, Тилек! Эч кимге ишенбей жашоомду курганга аракет кылган жанмын. Менде башка жол жок болчу.

Уурдаганды үйрөндүм…

– Алдаганды да мыкты билесиң...

– Албетте! Башка жолум жок болчу дедим го.

Тилектин кулактары чуулдап, башы айланып кетти. Деги ким үчүн кылмышка барды? Биринчи жолуккан кыз! Болгондо да кылмышкер кыз!

ххх

Таң ата Чолпон-Атанын ичке көчөлөрүндөгү жашыл дарбазалуу үйдүн алдына токтоп-токтой электе чачын ак баскан абышка күтүп тургандай дарбаза ачты.

– Бул эмне оруспу?- деди Тилек.

– Ооба, бирок кыргызча суудай билет. Аялы кыргыз болгон экен. Азыр мен түшүп бункерди ачам.

– Эмне? Кайдагы бункер?- жепирейген тамды карап таң калды Тилек.

– Азыр көрөсүң,- кыз түшүп айдап кир дегендей кол жаңсады. Андан соң ал чуркап барып байлануу турган чоң алабайды бошотуп жиберип, анын уясы болгон кичине жыгач тамды ары жылдырды. Аз өтпөй анын жанына абышка шуулдай келип, жерден чукуп чыккандай эле эки чынжырды кармап тартып жөнөштү. Алдыда пол катары орнотулган тактайлар рельс менен жылгандай жылып, алдыда темир аянтча пайда болду.

– Темирдин үстүнө айда!- деди кыз буйрук менен. Кылт эте темир аянтчанын үстүнө унаа токтоору менен кыйчылдаган темирдин үнү чыкты да, береги аянтча акырындап жер астына түшүп баштады. «Өлдүм» деди Тилек…

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Dilbaranurdinova
2020-12-28 09:17:54
Укмуш
0
Altyn-kyzym
2020-12-28 09:39:36
Мынча аз, кобуроок жазгылачы бай болгурлар.
+1
suban78
2020-12-28 22:59:35
Мынча аз
0
№ 942, 24-30 декабрь, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан