КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Мен уурдай албайм.

– Кыйынын мунун, эмнеге уурдай албайсың? Биз сени мындан ары бага албайбыз. Жетимкананын белен тамагына көнгөн экенсиң!- деп Эрик оозун жыйганча бетке тийген соккудан көзү караңгылай түштү. Байэл ызаланып кетти. Эс тартканы көкөйүнө тийип бүткөн жетим деген сөздү укканда жини кайнап кетмейи бар.

– Эй, мага кол көтөргүдөй сен кимсиң?! Эмне, киши болуп калдыңбы?!- өзүнөн кичүү жигиттен муш жегенине ызырынган Эрик Байэлди жакадан кармап, башы менен мурунга сүздү. Байэл артка жүткүнүп арыкка кулап түштү. Жер таянып турайын деп жатканда Эрик ич талаштыра тепти эле, Байэл бүрүшүп жатып калды.

– Эскирип бүткөн кийимиңди кийип аркамдан ээрчип жүрбөдүң беле. Жонуңду жаңыртып, курсагыңды тойгузуп койсо көпкөн экенсиң! Биздин колду карап жашагандан намыстанбай жетимдигиңди эсиңе салганда арданып кеттиңби?- деп сүйлөнө Байэлге турууга мүмкүндүк бербей Эрик дембе-дем тепкиге алды. Кимиси кыйын экен дегенсип четте карап турган экөө чуркап келип, Баха Эрикти билегинен тартып чегинтти. Влад бүрүшүп жаткан Байэлдин бетиндеги канды көрүп чочуп кетти. Көрсө, мурдунан аккан кан бетине жайылып канжалап калыптыр. Тургузуп бетин кийими менен сүртүп, үйдү көздөй алып жөнөдү.

– Ага эмне теңелесиң? Алар биздин тагдырды түшүнбөйт. Биздин жетимдигибизге асылгандан ырахат алышат. Болбосо экөөнүн деле бизден айырмасы жок, бири таенесинде, бири чоң энесинде чоңойгон. Болбосо балдар үйүнөн чыккан бир баланын колуна ууру болуп иштеш үчүн келет беле? Өз жаныңды өзүң аябасаң, алар сени эч качан аяшпайт. Андай сөздүн мен канчасын уктум? Мени да шеф өзү бул балдарга кошкон. Анын бул кылыгын укса бир жазасын берет. Шефтин ар кайсы райондо балдары бар, ич ара мушташкандарга атайын чара колдонот,- деп бежиреп келаткан Владдын сөзүн Байэл уккан деле жок.

– Влад, сен балдарга бара бер, мен өзүм эле,- деди онтогон үн менен. Кабырга тушу катуу оорутуп жатты. Бети-башын эшиктин алдындагы муздак сууга жууп, өзүнүн эски кийимин кийип бул жактан кетейин деп чечти. Бирок кайда барам деп ойлонуп жатты. Тепкиден кийин денеси ооруп, шалдырап, көңүлү айланып басканга шайы келбеди. Тагдырына нааразы боло мукактанып бир далайга ыйлады. Таштап кеткен ата-энесине жини келди. Мээрим төгүп, аяп өстүргөн Шайыр апасын эстеди. “Сиз болсоңуз, мен мындай күнгө туш болбойт элем, балким... Кайда барарымды, эмне кыларымды билбейм”,- деп ыйлап жатып уктап кетти.

ххх

Эрик менен Байэлдин мушташканы Тикого жетиптир. Кечинде үйдө катуу териштирүү болду. Тико өзүнө караштуу балдардын көчөдө көзгө чалдыга турган жорук кылышына жол бербейт. “Элдин көңүлүн бурбагыдай жүргүлө” деп дайыма эскертип турат. Эрик күнөөнүн баарын Байэлге үйдү.

– Өзү баштады, “уурдабайм” деди. Биз муну кечке эле багып жүрө бермек белек?

Бирок Тико уруштун эмнеден чыкканынан да кабары бар. Жетим деген сөздөн өзү да катуу теригет. Андыктан Байэлдин абалын түшүнүп турду.

– Убакыт, керек. Сен деле келериң менен үйрөнүп акча таба калган эмессиң. Сени да балдар баккан. Жөн эле дердеңдеп көчөнүн так ортосунда күчүңдү кичинекей баладан чыгарганды токтот. Сен бүгүнкү жоругуң үчүн ашыгы менен акча иштеп бересиң.

– Шеф, мындай да...

– Мындай-сындайы жок. Эртең мага күндөгүдөн эки эсе акча алып келесиң, болду.

Эмнегедир Тико Байэлге эч нерсе айтпады. Эриктин буга катуу жини келди. "Карга карганын көзүн чукубайт дейт. Жетим жетимди коргоп жатканын. Шашпа, мен сага дагы көргүлүктү көрсөтөм" деди ичинен ызырына.

Эртеси Байэл ооруп калды. Балдар адаттагыдай жумушка кетишти. Тико дары-дармек, тооктун шорпосун ала келиптир. Байэлге аларды берип жанына отурду.

– Байэл, туура жашайм дегениң жакшы. Бирок жаныңды кантип багасың? Бизди эч ким жумушка албайт. Балдар үйүнөн чыктым десең сенден айланып качышат.

– Адамдар иштеп тапкан акчасын 1 мүнөттө бизге алдырып отуруп калышат. Мен аларга кыянаттык кылгым келбейт.

– Сен кыянаттыкты кайдан түшүнүп алдың? Керек болсо балдар үйүнө таштап бизге кыянаттык кылып жатканын ата-энебиз түшүнгөн эмес. Бизди эч ким аябайт, эч кимдин боору оорубайт. Сен дагы эч кимге боор оорутпай эле кой. Адал эмгек дегениң болбогон нерсе. Уурдап-тоноп жыргап жашап жатышпайбы. Кызматына жараша ар кимдин тоной турган катмары бар. Колунда бар туруп бийликтегилер элди тоноп жатышат. Бизде эмне бар, эч нерсе жок. Биз деле элден алып жатабыз. Кадимкидей эле көрүнүш.

Байэл сөзгө муюгансып унчукпай отуруп калды. Тико телефон менен сүйлөшүп сыртка чыгып кетти.

ххх

– Шеф эч нерсеге шыгы жок балдарды эбак эле кетирип салчу. Муну эмне коргоп жатканын билбейм. Кечээ ага бир ооз сөз айткан жок.

– Бизге жармашты да калды,- күжүңдөшүп беттерин жууп жатышкан Эрик менен Баха эшикке чыккан Байэлди көрүштү.

– Ии, эмне, уурдаганга белсендиңби? Жакшы адам болгуң келбей калдыбы?- деп ага асыла башташты. Байэл унчуккан жок. Адаттагыдай эртең мененки тыгылышта маршруткага түшүштү. Эмнегедир жолдору болбоду, эч нерсе илинген жок. Эриктин жини келе баштады.

– Эй, сенин кара мышыгың барбы? Түш болду, бир сом таба элекпиз. Билесиңби, сенин айыңдан бүгүн шефке канча акча береримди? Сени бакканыбыз аз келгенсип...

– Тээтиги кызда акча көп экен. Мен турган жерге келип шоро алып ичти. Окуучу экен, эч нерсени деле байкабайт. Байэл, ишти баштачы, көрөлү сени. Жандай басып барып капчыгын сууруп кет,- деп жетип келди Баха.

Байэл ушулардын жемесинен тажады. Кызды утурлай басканда Шайыр апасынын сөзүн эстеди. “Кечир” деди ичинен. Аны коштоп Влад баратты. Жакындап калганда көздөрү кыздын сулуу көздөрүнө урунду. Сулуу жүзгө суктана жөн гана жанынан өтүп кетти. Кыз бир аз басып кара Мерседеске түшүп кетти.

– Эй, кеңкелес, колдогу нерсени качырбадыңбы! Көрдүңбү кандай машинага түшүп кеткенин? Ал үчүн капчыктагы акча кеп эмес болчу.

– Мен коркуп жатам. Кармалып калсамчы? Силердей кылдат боло албайм да?

– Биз эмне уурдаганды үйрөнүп төрөлүптүрбүзбү? Баарыбыз эле бири-бирибизди ээрчип жүрүп үйрөнгөнбүз. Мына бул соода борборуна киребиз. Эмне кыласың билбейм. Иши кылып кур чыкпайсың. Кур чыкчу болсоң, сазайыңды колуңа берем. Тикого таянбай эле кой. Ал келгиче баштыгыңды жыйнап үйдөн өзүң чыгып кетесиң.

Жигиттер ээрчишип соода борборуна кирип бир нерселерди карамыш болуп эки жакты байкап турушту. Телефон менен сүйлөшүп, капчыгын чөнтөгүнө жаңы салып эскалаторго түшкөн спорт кийимчен кишини 4 жигит жандай басышты. Байэл аргасыз эле, колу калтырап коркуп жатып капчыкка араң жетти. Акырын тартып алайын дегенде капчык менен чогуу чөнтөк да тартылды. Киши жигитти шап билектен кармады. Балдар аны тааныбаган түр көрсөтүп басып кетишти...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 943, 30-декабрь - 6-январь, 2020-21-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан