КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Баары кеч болуп калды, Тилек. Же эмне артка кайтасыңбы?- кыз жигиттин колдорун силкип жиберип сүйлөдү. Кабагын бүркөгөн бойдон дал болуп туруп калды Тилек. Чын эле артка кайта албайт. Эми кантти?

– Өзүңдү токтот! Бардыгын туура пландасак, бул ситуациядан деле чыгып кетебиз. Ашыкча эмоциялар бизге жардам бере албайт.

– Мен атамды таштап өлкөдөн чыгып кетпейм.

– Алар сенин атаңды эч нерсе кыла алышпайт. Карыган киши экен. Өзүбүз өлкөдөн чыгып кетсек, 2-3 айда жаныңа алып барып алсаң болот. Анын жолу оңой эле.

– Деги кантип өлкөдөн чыккан жатабыз? Экөөбүздү азыр бүт Кыргызстан издеп жатат.

– Акча... Бардыгын акча гана чечет.

– Барбы анан акчаң?

– План бар... Биздеги акча эч нерсеге жетпейт. 80 миң гана бар деди Саша байке?

– 80 миң эмне?

– Доллар...

– Мени алдачу болбо дедим беле сага?.. Бардыгын балдар үйүнө котордум дебедиң беле?

– Өзүмө тиешелүүнү которгом. 80и Саша байкеники болчу. Ар ким өз акчасын кантип коротушту өзү билет.

– Сука...- айласы кете түштү. Керебеттин кырына отура кетти. Алсырап калыптыр кадимкидей.

– Тамагыңды ич! Көл жээгине барып келебиз.

– Кайдагы көл жээк?!

– Бизди эч ким көрбөй турган жагына барабыз. Кам санаба!

ххх

Тамакка деле табити тарткан жок. Кыз кайдан-жайдан таап келген кара спорттук костьюмду кийип, капюшонго жашынды. Эшикте кеч кириптир. Короодо эски Гольф от алып турат.

– Жүрү,- деди кыз, өзү рулга отуруп.

Чолпон-Атадан чыга берип, чычырканак каптаган жээкке келишти. Кыз бул жерди коён жатагына чейин билет окшойт. Тикенектүү бадалды аралап, көнгөн жолун жазбай таап баратты. Мына, көл көрүндү. Көздөн далдоо, сыр чечишчү жер экен...

Көктөгү ай, көл үстүнө нурдан жол тартып түн керемет болуп турган экен.

– Керемет, ээ?- деди кыз отура калып алаканына көлдүн суусун сузуп.

– Менин эң жакыным ушул көл. Кыйналганда эле ушул жерге келем. Сырыңды да угат, дем да берет... Көл керемет. Башка жакка кеткенде да мен ушул көлгө болгон кусалыктан өлөм.

Негизи мага көп нерсенин деле кереги жок болчу. Көл жээгинде кичинекей жыгач тамым эле болсо... Балдарым ошол үйгө кирип-чыгып ойноп, а мен ашканада аларга тамак жасап... Анан жайдын ысык күндөрүндө ошол жыгач тамымдын тепкичинде отуруп алып көлдүн шоокумун угуп, жашоомо ыраазы болуп отурмакмын...

– Антип жашоого эмне тоскоол болду?- Тилек горизонтту тиктеген калыбында үн катты.

– Билбейм... Улам бир адам алдай берди. Улам бири... А ишенич деген соолубаган булак эмес экен. Бир күнү түгөндү. Мен башкача адам болуп чыга келдим. Ар ким өзү үчүн жашайт тура. Мен да ошенттим...

– А тигил Саша байкеңдин колуна кандай келгенсиң.

– Кудай окшош адамдарды кошот турбайбы. Ал да адамдарга ишенүүдөн калган бир пенде. Саша байке өлүмдөн алып калган кыз менин апам. Орус кыз болгон экен. Апам эрте эле өтүп кеткен. Кийин Саша байке түрмөдөн чыккандан кийин мага балдар үйүнө барып жүрчү. Ал жактан чыккандан кийин “менин үйүмө келип жашай бер” деп алакандай кагазга дарегин жазып берген эле. А мен толтура адамга алданып, турмуштан тепки жеп бүткөндө Сашага келдим.

Бул өлкөдөн кет деди ал. Келечегиң туңгуюк. Сырттан бакыт изде деди. А мен көлдү кыя албай, кете албай жүрө бердим. Анан акыры чыгынганда сенин колуңа түштүм.

– Ким-кимдин колуна түшкөнү азыр белгисиз...

– Хе... Кел, андан көрө ичебиз. Рюкзакта үйдүн виносу бар,- кыз бир аз мурун жээкке таштаган рюкзакты алып чыгып, кыпкызыл шарап толтурулган бөтөлкөнүн оозун бошотту.

ххх

Экөө үн-сөзсүз эле көлдү тиктеп, кызыл шараптан жутуп отурушту. Ар ким өз ою менен алек.

– Айтсаң, сен мени кичине да болсо сүйүп калган жоксуңбу?- деди кыз бир убакта.

– Жок,- деди жигит көлдөн көз албай.

– Сен менден ушинтип сураганыңда ооба деп жооп бермекмин.

– Экөөбүз сүйүү тууралуу сүйлөшчү абалдабызбы?

– Критикалык, чукул кырдаалда адамдар арасында чыныгы сүйүү пайда болот дешет...

– Кимдер?

– Окумуштуулар.

– Сүйүүнү изилдеген да окумуштуулар барбы?

– Ананчы...

– ...

– Таптакыр сүйбөдүңбү?

– Жок...

– Анда эмнеге куткардың?

Жигит үндөбөй туруп берди. Кыз акырын анын ийинине башын жөлөдү. Баягы баш айланткан кыздын илеби. Чачтарынан чыккан жыпар жыт. Ошол илеп, ошол жыт эңги-деңги кыла баштаганда кыз акырын жигиттин моюнунан өөп койду. Болду, ушул эле жетиштүү болчу. Тилек дүйнөнү унутуп койду... Кыздын эриндеринен узак-узакка өпкүлөп, анын ичке белин коё берсе жоготуп алчудай бекем кысты. Асманда ай күлмүңдөп, сансыз жылдыз көл бетинде быжырап, тажаткан дүйнөдөн чогуу качмакчы болгон эки адамды эркелете карап турушту... Кийимдер чечилип, денелер жуурулушту. Дүйнө унутулуп, көйгөйлөр жоголду. Дүйнөдө жалгыз ушул экөө калгандай...

ххх

Таңга жуук кайтышты. Орус чал тамагын даярдап, жер төлөгө коюп кетиптир, өзү көрүнбөйт. Экөө кучакташкан бойдон уйкуга кетишти.

ххх

Марс жетекчисинин үйүнө түн бир оокумда барды. Чакыртып жиберген экен. Үйүндөгү жеке иш бөлмөсүнө алып кирди.

– Сен билесиң да, туурабы?

– Жок...

– Анткорлонбо! Мен акыры табам аны. Качып кутула албайт. Ошондо акыбалың жаман болуп каларын ойлон...

– Шеф, мен билсем дароо айтмакмын.

– Сүйлөшкөн кызы бар беле?

– Жок.

– А экөөңдү машина менен алып кетип, алып келип жүргөн кызчы?

– Ал... Ал менин теңтуш кызым?

– Эмне мукактанасың?

– Бул ишке Айканын да аралашып кетишин каалаган жокмун. Мен ага үйлөнөйүн деп жүрөм. Баарын ачык айткам үйлөнөлү деп. Ойлонуп, жообун бере элек...

– Бул ишке сен жоопкерчиликтүү болосуң, уктуңбу?! Эгер аны таап берсең Бишкектин борборунан 3 бөлмөлүү батир сеники деп бил. Айкаңды да аласың, үйлүү да болосуң. Эмнеси жаман?!

– Албетте, шеф. Тилек экөөбүз напарник гана болчубуз. Ал эми мен үчүн кылмышкер. Мага бир жума убакыт бериңиз.

– Таак?

– Бир жумадан кийин мен сизден батирдин ачкычын алып кетем.

– Жигитче сөзүмдү берем. Бир жумада жаныма алып келесиң, батир сеники...

– Ал эртели-кеч мага байланышка чыгат.

ххх

Саша түшкө жакын жер төлөгө адаттагы шашпаган калыбында түшүп келди. Кыз-жигит бири-бирин сагынышкан адамдардай мемиреп кучакташа уктап жатышыптыр.

– Тургула! Саат 1 болуп калды... Саби, сен мага чык!

Кыз үн-сөзсүз гана ордунан туруп, өйдө карай чыгып кетти. Абышка адаттагыдай поюздарда коюлчу темир капталган айнек кружкасынан капкара чайды ууртап отуруптур.

– Угуп жатам, Саша байке...

– Тигиниңдин колунан келеби?

– Менде башка жол жок. Ал мени сактап калган үчүн деле ыраазы болушум керек.

– Кыскасы, мен маалыматты жакшы акчага сатып алдым. Жарымын азыр беребиз. Калганын иш бүткөндөн кийин...

– Анан?

– Даярдангыла!

– А...- кыз сөзүн улай албай туруп калды.

– Бишкекке барасыңар. Сумма силерге жетет.

– А сизгечи?

– Сен качып кет. Калганын кийин сүйлөшөбүз.

– Ким чыгарып кетет бизди?

– Баягы министрди чыгарып кеткендер чыгарат.

– Демек, Америкага экен да?

– А сага айырмасы кайсы?..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Kari
2021-01-11 17:02:15
Жашоодон алынган туру бардай го бул чыгарманын.Бара бара оз ичине опулдап тартып бараткансыйт.Окуганга убакыт жок деп эле бошой калсам кире калчу болдум.Дуйшомбу кунун кутуп жашап каламынбы эми.
+1
Nurtoruk
2021-01-12 15:51:20
Жакшы чыгарма окшойт
0
№ 944, 7-13-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан