«АСКЕРГЕ БАРЫП, МАЙЫП БОЛУП КЕЛДИМ»

- Кичинемден архитектор болом деген максат коюп, изги тилек менен мектепти “5” деген баага бүтүрдүм. Атам менен апам бизди эч нерседен кем кылбай чоңойтту. Мен үйдүн улуусумун. 7-класста окуган иним бар. Мектепти аяктаган соң дароо жогорку окуу жайына тапшырууга ашыккан жокмун. Себеби андан мурун мекенге кызмат кылууну дегдеп жүргөм. Апамдын кой дегенине кулак салбай, жазгы чакырык менен Бишкектеги аскер бөлүктөрүнүн бирине жөнөдүм.

Аскер бөлүктүн босогосун аттаганда эле бизди душманындай тосуп алышты. Ага чейин аскерге барып келген алысыраак тууганым мага “аскерге барбай эле кой” деген. Бул өңдүү сөздөрдү мурун-кийин угуп жүргөндүктөн, маани берген эмесмин. Бирок ал жактагы окуялар таң калтырды деп айта албайм. Мени мындай тагдыр күтүп жатканын билгем. Али кылдын учун да көрө электигимди сездим. Түнкү саат үчтө эшик ачылып, бейтааныш бирөө бизди сыртка ээрчитип чыкты. 40тан ашык жоокер топурап барып караңгы жерге бир катар тизилдик. Дембелдер өз эрежелери менен тааныштырып, андан соң бизди уруп-согууга өтүштү. Эч ким үн деген жок. Алгачкы сокку жаагыма тийди. Шишип калбасын дедиби, айтор, алаканы менен чапты. Ал жерде 30 дембел болсо, ар бири бирден сокку жасап өтүп жатышты. Баарыбыз казык сымал туруп бердик. Бир кезде “жок” деген үн угулду. Таң кала түштүк. Арабыздан бирөө “мен жаагыма операция жасаттым эле, андан башка кайсы жериме чапсаңар да макулмун” деди. Ошол караңгы түндө отуз жоокердин каткырыгы жаңырды. Дембел “кайсы жерге урушту мен сенден сурабайм” деп, дал ошол жаагын сындыра чапты.

Мен мектепте окуп жүргөндө классташтарым менен досторумдун арасында чынчылдыгым менен өзгөчө болчумун. Бирөөлөр менен тамашалашып, обу жоктонгонду жаман көрчүмүн. Аскерге жөнөөр алдында ал сапатымды үйгө таштай алган жокмун.

Бир жолу курал-жарактарды кайтарып тургам. Ал жерге эки дембел келип, мени башка жакка жумшашты. Алардын сөзүн эки кылуу мыйзам бузууга барабар болгондуктан, экөөнүн айтканын кыңк этпей аткаруу зарыл эле. Жумшаган жагына жөнөп кете бердим. Келсем куралдын ичиндеги эки окту алып коюшкан экен. Бирөө “бул келесоо турбайбы, куралдарды карабай, бар деген жерге кете берет турбайбы” деди. Жанында турган дембел 2000 сом алып келсем, окту бере турганын айтты. Мен эмне кылышты билбей туруп калдым. Жанымда 2000 сом эмес, эки тыйын жок эле. Айласыздан окту талаша баштадым. Аларга кол көтөрүү мүмкүн эместигин билсем да, ачууга алдырып экөө менен мушташа кеттим.

Бул жоругум өч алуусуз калган жок. Ошол эле күнү 15 бала келип, эс-учумдан тангыча сабашкан экен. Жанымда бир жолдошум болсо да жардам бере алмак эмес. Бул каргашанын жыйынтыгында экинчи топтогу майып болдум. Башым ооруйт. Балалыкта эңсеген архитектор деген кесиптин ээси боло алган жокмун. Азыркы тапта Орусияда көчө шыпырып иштейм. Кылганым кара жумуш. Кыргыз аскери менин жаркын келечегиме балта чапты.


Таалай

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
SalihaQueen
2021-01-11 16:18:20
Аллахым шыпаасын берсин! Журогум ооруп кетти
+6
Raihan0602
2021-01-11 22:41:37
Ушуга окшогондорду угуп кантип балдарыңы мекенге кызмат кылып кел деп жөнөтөсүң бул бир гана баланын тагдыры канчалаган уландар майып болуп канчасы өмүрү менен кош айтышып жатат өтө өкүнүчтүү.
+8
Nurislam-Nuraiym
2021-01-11 23:54:52
Кантип жоебуз ушундай окуяларды
+6
Gospozhatsetok
2021-01-12 01:32:37
Инилеримди армияга барасынар деп урушчумун,созумду кайтып алдым.
+5
voennyi88
2021-01-12 08:00:17
0
Kg.ka84
2021-01-12 18:04:32
Менин иним армияда эсен аман кызматын өтөп келсин деп Аллахдан тилеп отурабыз. Барам деп жүрүп кеткен эле.
0
nazira...
2021-01-17 17:17:03
Акмактар. Таанып калсан керек эле го ошолорду, служба бүткөндөн кийин баарын топтолуп туруп, таап сазайынын бербейт беленер.
+1
№ 944, 7-13-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан