КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Кыз түшүп аны күтүп отурган Тилекти карады. Жо-ок, бул кете албайт. Тиктегенин карачы... Калган өмүрүн ушуга байлап койгондой тиктейт.

– Эмне болду?

– Бир ишти ишке ашырышыбыз керек.

– Кандай иш?

– Уурулукка барабыз.

– Азыркы кейпибиз мененби? Элдин баары тааныйт экөөбүздү. Сүрөтүбүз ар бир даракка илинген...

– Анын айласы табылат, Тилек. Кам санаба! Башкысы сен акырына чейин мени мененсиңби, ошону айт!

– Хе... Кайда барам?..

– Анда азыр тамактана берели. Саша байке өзү түшөт.

ххх

Айтылгандай эле тамактанып бүтөрү менен Саша баягыдай жай түшүп келди.

– Та-ак, дети... Слушайте! Жок, мен кыргызча сүйлөйүнчү,- деди Тилекти сынай карап.

– Сөздүн кыскасы мындай... Иш так жана бат жасалышы керек. Мына бул номердеги Ленд Крузерде 350 миң доллардын тегерегиндеги акча жүрөт. Сыртка товарга жөнөтүлө турган акча. Жөнөтүлөт, кайра чогулат, жөнөтүлөт, кайра чогулат. Ишкер кыргыз жигити. Офисинде сейф бар.

– Сейфте акча жокпу?- деди Тилек.

– Сейф жөн гана алдай турган кадам. Товардын акчасы күн сайын чогулуп турат, 5 миң доллардын тегерегиндеги акча. Тиги бизнесмен 5 миң доллар чогулары менен аны сейфке салат. Күн сайын... Бирок сейфке башка акча салынат. Жасалма долларлар... Чыныгы акча жанагы брондолгон Ленд Крузерде.

– Кайсы жеринде?- кыз кызыкты.

– Салондогу экрандын артында... Экран пароль менен ачылат негизи. Сейф катылган артында...

– Эмне Голливуд болуп кеткенби?

– Хе... Кыргыздын ишкерлери кайра-кайра тоноло берип, акча катуу боюнча профессионал болуп калышты.

– А машина кайда турат?

– Адатта офистин алдында, машина телефонго туташкан. Ээсинин уруксаты менен гана ойгонот. Машинага кимдир бирөө кирсе дароо телефонго билдирүү барат.

– Бул нерселер Кыргызстандабы?- Тилек ишенбегендей үн катты.

– Албетте...

– Ишенүүгө кыйын экен. Мен бир да жолу уккан эмесмин мындайды... Көргөн дагы эмесмин.

– Фишка мына ушул жерде. Эгер ал 350 миң долларын уурдатса да эч жакка кайрылбайт.

– Жо-ок, мен түшүнбөдүм, эмне банкка сактаса болбойбу ал акчаны?

– Бул декларацияга кирбеген акча...

– Демек, биздин клиент чиновник окшойт да?

– Балким... Ал маалымат биз үчүн ашыкча. Чын-чынында 350 миң ага акча деле эмес. Анткени ошол акчага эле алынган товарынан ал жума сайын 20 миң доллардан көрөт. Бул 4-5 жылдан бери иштеп келе жаткан схема! Машинадагы акча эбак пайдасын алып келген. Аны уурдатып деле ал сырын ачпайт. Ачса өзүнө жаман... Ага духу жетпейт.

– Тескерисинче, унаадагы акча жасалма, сейфтеги акча чыныгы болуп жүрбөсүн?

– Андай болушу мүмкүн эмес!

– А маалыматты сизге ким берди?- Тилек суроо артынан суроо жаадырды.

– Сен мент эмессиң болду. Биздин катарыбыздасың. Ашыкча маалыматтын бизге кереги жок. Ишке ашыруунун жолун ойлонгула андан көрө...

– Баягыдай эле жол менен барабыз го...- кыз чал экөө билген жолду каңкуулады.

– Кандай жол?- Тилек суроолуу тиктеди.

– Сабина аны азгырат. Машинасына түшөт... Мурунку иштердей эле.

Тилек дароо кызганып кетти. Ал эми Сабинаны башкага өптүрбөйт болду.

– Андан башка жол издешибиз керек!

– Жигит туура айтат! Бул бат жасалчу иш. Бирөөнү азгырып, анын кучагына кирүүгө көп убакыт кетет.

– Анда анын унаасына кантип киребиз?- деди Сабина.

– Кечкисин унаа кайда болот?

– Үйүндөгү гаражында. Ал жакка кирүү дээрлик мүмкүн эмес дешти.

Үчөө баштарын мыкчып отуруп калышты.

ххх

Марс түшкү тамактанууга Айканын ашканасына барды. Кыз өзү кардарларды тейлеп, маанайы суз жүргөн экен.

– Кандай?

– Жакшы... Бүгүн биринчиге шорпо, экинчиге бризоль гана калды...

– Мен тамак жегени келген жокмун. Сүйлөшө алабызбы?

Кыз үндөбөй гана баш ийкеди.

– Анда мен тиги бош столго бара берейин. Кофе ала келчи.

ххх

– Ал сага байланыштыбы?- кыз отуруп-отура электе эле Марс шашкалактады.

– Ха... Магабы? Мен ага эч ким деле эмесмин да. Байланышса сага байланышмак.

– Кыскасы, сени да суракка чакырышат жакында. Мен Тилек менен сенин ортоңордо эч нерсе жок деп койдум. Сен тескерисинче менин “девушкамсың”...

– Эмне?

– Тилек менен мамилең болгонун айтсаң кыйналып каласың. Сага ошонун кереги барбы? Баары билет, Тилек экөөбүздү жумуштан алып кетип жүргөнүңдү. Мен сага биротоло кызым бол деген жокмун го. "Ооба, Марс менен мамилебиз бар. Күйөөгө чакырып жүрөт" деп кой. Болду...

– Уфф... Жарайт. А Тилек кайда?

– Кайдан билем. Жер жутуп кеткендей эле жоголду... Ал биринчи сага байланышышы мүмкүн. Байланышса эле мага чал, макулбу?

– Ал эмне болот?

– Эмне болмок эле, камалат.

Кыздын көздөрүнөн окулуп турган капалык Марсты дароо түпөйүл ойго түрттү. Буга байланышса деле айта турган эмес...

– Айка?.. Мени түшүндүң да, ээ? Сага чалса дароо мага айт. Ал өз жолун тандады. Эми ал кылмышкер. Эгер аны жаап-жашыра турган болсоң зыяны аябагандай тиет...

– Албетте, айтам. Мен киммин ага? Менимче, ал мага чалбайт да болуш керек. Деги аны өлтүрүп коюшпады бекен?

– Жок. Ким өлтүрмөк эле?

– Тиги кыз жөн кыз эмес го дейм.

– Албетте, жөн кыз эмес. Жанагынча ишти жалгыз жасады дейсиңби?

– Жардамчылары бар да ээ?

– Албетте, аны жалгыз жасай алмак эмес.

– Ошо кыздын жардамчылары Тилекти өлтүрүп коюшу мүмкүн да. Аларга ашыкча кишинин эмне кереги бар?

– Жок. Өлгөн жок. Азырынча көлдү карай кетишкен деген маалымат бар... Ошол жакта жашынып жатышат го дейм. Табылат... Кам санаба! Бирок... Жинди, ушуга эмне барды билбейм. Акча көп окшойт. Акчага алдандыбы деп калдым.

– Жок. Ал акча десе эбак башка жумуш издеп кетмек. Менимче, анын жашоосуна бир нерсе жетпей жатты окшойт. Балким, ошол издеген нерсесин тиги кыздан таап, ал менен качтыбы дейм.

– Аны өзү менен жолукканда сурап коём, Айка... Кармалат аз күндө.

Кыз Марстын ички дүйнөсүн эми аңдап көрө баштагандай болду. Качан Тилек аңга түшөт деп калп күлүп, ыңгайлуу учурду күтүп жүргөн дос сымал неме окшойт.

– Аа, байкушум... Жашоосунун баары талкаланды. Мени эле алып албайт беле?- кыз Тилектин тагдырына кайдыгер кишидей каткырды. Атайын Марс үчүн ушинтти. Марс аны чын эле ушинтип айттыңбы дегендей күлбөй, тескерисинче мостоюп карады.

– Эмне? Күлөсүң да, айла жок. Жашоосун өзү талкаласа мен кайгырайынбы бияктан?! Убал жок андайларга...

– Туура айтасың. Мээси иштебесе ошо да... Жыргап жылуу кабинетте иштеп жүрө бербейт беле? Аай, несин айтасың.

– Көлдө экен дедиңби?

– Ошондой деп жатышат. Бир-эки күндө кармалат. Бардык маалыматтар такталып бүттү.

– Эмне маалымат?

– Аны сага айта албайм... Бирок көлдө... Кармалат.

ххх

Кечке жуук Саша эмнегедир капыл-тапыл шашып түшүп келди. Кыз-жигит ар кайсы нерсени кагазга чиймелеп, тиги ишти ишке ашыруунун амалын издеп жатышкан.

– Саби! Тилек!.. Силер эч ким менен сүйлөшкөн эмес белеңер?

– Жок,- экөө бир ооздон жооп кылышты.

– Милициянын жоон тобу көлгө чыкты деп уктум...

– Кантип билишти?

– Ал маанилүү эмес. Биз кетүүгө даярданышыбыз керек.

– Сизге аны ким айтты?- Тилек шектенгендей сурады.

– Ишеничтүү кишилер бар. Маалымат 100 пайыз чындык!

– Кантип кетебиз? Саби экөөбүздү жаш балдардан өйдө таанышса керек...

– Баягыдай кылабыз, Саби...

– Кандай баягыдай?- Тилек жинденип кетти. Бул экөө сыр менен сүйлөшкөндү токтотушпады...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
rafo80
2021-01-18 11:06:48
Сонун, дагы бир жума күтүшкө туура келди.
0
№ 945, 14-20-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан