КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

ххх

Маржан Сапаровнанын иш бөлмөсүнө башкы врач кирип келди.

– Уруксат бекен? Маржан, кандайсың?

– Саламатсызбы?

– Швейцарияга болгон иш сапарга жакшы даярдандыңарбы? Эртең жолго чыгасыңар да.

– Жакшы, буюрса.

– Керектүү тажрыйба алып келесиңер деп ишенем. Ак жол каалайм, жакшы барып келгиле.

– Рахмат бизге ишеним артканыңыз үчүн. Буюрса, сиздин ишеничиңизди актайбыз. Бардык ишти бөлүштүрүп алдык.

Башкы врачты узата баскан Маржан жанагы палатадан чыгып келе жаткан Алмазды көрдү. Ал бала менен Алмаздын эмне тиешеси бар деп таң калды. Аны утурлай басты.

– Кандайсың, ден соолук жакшыбы? Жайчылыкпы, эмне болду?

– Баары жакшы эле. Бир балабыз ооруканага түшүп калды. Өзүңүз кандайсыз? Байкем жакшыбы?

– Биз жакшы. Болот иштери менен Алматыда.

– Ии, жеңе, тиги 4-палатадагы жигитти карап койбойсузбу?

– Мен командировкага кетип жаттым эле. Бирок дайындап коём.

– Кайда кетип жатасыз?

– Швейцариянын Цюрих деген шаарына барабыз.

– Жакшы барып келиңиз.

– Макул, мен кетейин. Үйдөгүлөргө салам айтып кой.

Алмаз жолдошунун бөлөсү болот. Жанатан оюнун баары 4-палатадагы балада болуп жаткан Маржан эмнегедир сетиркей түштү. “Жөн эле аша чаап ойлонбоюнчу. Менин балам болсо Алмазга кайдан келмек эле?” Бул ойлордон кутулгусу келди. Палатага баш багуудан, баланын көзүн кароодон коркту. Чын эле таштап кеткен уулу болсочу? Палатага кирбестен, иш бөлмөсүн көздөй жөнөдү.

ххх

Байэл катуу сабалыптыр, денеси бүтүндөй жанчылыптыр. Башынан бутуна чейин эле ооруп жатат. Кыймылдагандан коркуп, чалкасынан эле шыпты тиктеп жатат. Өзүн коргой албаганы үчүн өзүнө жини келет. Көптөп сабап кеткен тиги балдарга жинденет. “Мен бул жакка кантип келдим, караңгыда мени ким көрдү экен?” деп ойлонуп жатты Байэл. Сырттан Алмаз агай кирип келди.

– Салам, кандай болуп калдың?

Байэл унчукпай шыпты тиктеген бойдон бир саамга жатты.

– Денем бүт эле ооруп жатат. Бул жакка мени ким алып келгенин билбейм. Сиз менин бул жакта жатканымды кантип билдиңиз?

– Мага бир кыз чалды. Телефонуңду издеп жатып кечээ мен жазып берген номерди чөнтөгүңдөн тааптыр. Сени ооруканага ошолордун машинасы менен алып келдик.

– Сизге рахмат. Сизге жамандык кылган адамга эмнеге жакшылык кылып жатасыз?

– Сени түшүнүп турам. Күчтүү болушуң керек. Андан көрө айтчы, кимдер менен мушташып жүрөсүң?

– Чогуу жүргөн балдар. Уурулук кылбайм дедим. Чөйрөсүнөн чыгып жатканым үчүн сабап кетишти. Анын үстүнө бири мага өчөшүп калган.

– Эми жатаканага сүйлөшүп берем, залга барып балдар менен машык. Ыгы келсе окууга тапшыр.

Экөөнүн сөзүн Алмаздын телефонуна келген чалуу бөлдү. Алса кечээ кечинде телефон чалган кыз экен.

– Саламатсызбы? Сиз Байэлге бардыңызбы?

– Саламатчылык. Жанындамын.

– Мен барып кетейин дегем, канчанчы палатада?

– Келе бер, мен тосуп алам.

Сага санааркаган дагы бирөө пайда болду. Кечээ сабалганыңды айтып чалган кыз сени сурады, бул жакка келем дейт. Айдоочу менен жүрөт экен. Сыягы, бир байдын эрке кызы...

– Коюңузчу, ал мени эмне кылсын? Боору ооругандыр...

– Эми келгенде көрөбүз,- деп күлө сүйлөдү Алмаз агай.

ххх

– Айбек байке, мени кечээки баланы жеткирген ооруканага алып барыңызчы.

– Эмне кыласың ага барып? Атаң урушат.

– Антпей эле алып барып келиңизчи. "Атаң урушат, апаң урушат" дей бересиз дайым эле. Кээде аларсыз деле иш кылып койбойлубу? Эгер сиз алып барбасаңыз, мени кечке күттүргөнүңүздү айтам. Андан мурунку “косягыңызды” атама айтсам сизди эмне кылат, билесизби? Азыр ооруканага алып барып келсеңиз, алардын баары унутулат. Келиштикпи?

Айбек унчукпай калды. Бул кызды баласынтып өз жумуштарын бүтүрүп жүрө берчү. Көрсө, кыз баарын тизмеге жазып жүргөн турбайбы. Айдоочу ооруканага кетчү жолго бурулду. Кыз кудуңдап сүйүнүп кетти.

– Ммм.

– Эмне, жеңдим деп жатасыңбы?

– Жок, Айбек байке, эми сиз мен тууралуу, мен сиз тууралуу атама айткандан эмне чыгат? Сизди урушуп жумуштан кетирет, мени тилдейт. Андан башка мага эч нерсе кыла албайт. Сизди эле ойлоп жатам.

Айбек ичинен “кыйын кыз, жемин жедирбейт го. Муну кичинекей деп жүрсөм балээнин баарын түшүнөт” деп ойлоно башын чайкады.

– Айбек байке, андан көрө ылайыктап бир жерден токтоп коюңузчу. Ысык тамак алып алайын.

– Тамакты эмне кыласың? Алдагы колуңдагылар деле көптүк кылат.

– Ой, жөн эле токтоп бериңизчи. Тамак да алгым келип жатат.

– Оюңдагыны бербейсиң, мынакей алып чыга кал.

Аделя ооруканага жетти. Көтөрүнүп алып кирип келатканда телефон чалайын деди эле, маңдайындагы палатадан чыгып келе жаткан кечээки кишини көрдү.

– Мен келдим. Саламатсызбы?

– Кел бул жакка,- кыздын колундагы баштыктын көлөмдүүлүгүн көрүп таң калды. “Дүкөндү бүт эле көчүрүп алган го” деди ичинен.

Экөө палатага кирип барышты. Байэл жанагысындай эле шыпты тиктеп жаткан.

– Жакшы болуп калдыңызбы?- деп тарсылдаган кыз эмнегедир уялыңкы үн катты. Байэл да кыздын жүзүнө карагандан уялды. Сабалып көчөдө жатып калганынан уялды. Алмаз агай:

– Атың ким?

– Аделя.

– Кайда окуйсуң?

– 11-класска көчтүм.

– Байэл, мынакей сени бул кыз көрүп калбаганда дагы канча жатмаксың? Аделяга рахмат айт.

Байэл акырын башын буруп Аделяны карады. Тегерек, бакырайган кара көздөр, ак жуумал, сулуу жүз тааныш учурады. “Кайдан көрдүм эле? Койчу, Байэл өзүңчө кыйын болосуң го. Сен кайдан көрмөк элең? Деги сен кай жакты көрдүң эле?” деди ичинен. Бирок эстеди. Өткөндө капчыгын албай коюп, ушул кыз үчүн балдардан жеме укпады беле. Ооба, дал ушул карагаттай көздөргө суктанып кыя өтүп кетпеди беле.

– Кылган жакшылыгыңарга рахмат. Азыр рахматымдан бөлөк эч нерсем жок,- деди Байэл ыңгайсыздана.

– Ысык тамак алып келдим. Сууй электе ичип алгыла. “Ооруканадагыларга тооктун шорпосу жакшы” деп куюп беришти,- деп кыз алып келгендерин стол үстүнө чыгара баштады. Өтө эле көп экенин көргөн Алмаз агай:

– Мынча көп нерселерди алып убара болбой эле койсоң болмок.

– Убара деле болгон жокмун. Витаминдүү тамактанып, күч топтосун дедим. Мына буларды муздаткычка салып коёсузбу.

– Байэл, эртерээк жакшы болуп кет. Менин айдоочум күтүп калды. Болбосо шашпай отуруп сүйлөшүп кетмекмин.

– Рахмат, жакшы бар.

Алмаз агай Аделяны узатып чыкты.

– Ии, сиздин атыңызды сурабаптырмын го...

– Атым Алмаз.

Чыга бериште турган кыздын унаасы экенин жазбай тааныды.

– Жакшы калыңыз,- кыз бейтапканадан чыгып кара Мерседеске отуруп узап кетти.

Байэл ойлонуп жатты.

– Кудай мени кандай жакшы адамдарга жолуктуруп жатат. Мен бул адамдарга жамандык кылам деп аракет кылдым эле. Бирок алар мага жакшылык жасап жатышат. Кантип мени ушул кыз көрүп калды? Алмаз агай менден эмнеге кол үзгөн жок?..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kari
2021-01-25 14:25:56
Дагы бир жума
0
№ 946, 21-27-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан