"Мени кантип бирөө сүймөк эле дедим"

– Кинолордон гана көрүп жүргөн мырзаларга окшош келишимдүү жигит мен тарапты көздөй келе жатты. Басканы да, келбети да, жылмайганы да актёрлорду элестетти. Колумдагы стол сүрткөн чүпүрөктү кармаган бойдон катып калдым. Кадимки эле кинодо жүргөндөй сезим болду. “Сиздерде ашпозчуга вакансия барбы?” деген анын суроосу мени “ойготту”. Такалып, сөздөрүмдү бир-эки тамгадан курап жатып, бетим кызарып араң жооп бердим. 2 күндөн кийин бул келишимдүү жигит мени менен иштеп калды. Баса, мен ашканада тамак сатып иштечүмүн. Актёрлордой таасир калтырган жигиттин аты Тимур. Бирок мен ага Келишимдүү деп ат коюп алгам. Ал мага Маша деген ат койду.

– Сен мультфильмдеги Машага окшош экенсиң. Мындан ары сага Маша деп кайрылам,- деди бир күнү. Күлүп койдум. Ал мени аюу Машаны карагандай көз караш менен карачу, кичинекей кызга сүйлөгөндөй абайлап сүйлөчү. Кандай болсо дагы анын көңүл буруп жатканы, койгон аты жакты. Ушул мамилеге деле ыраазы болмокмун. Бирок биздин мамиле аюу менен Машанын деңгээлинде калган жок. Бир күнү Келишимдүүм билдирүү жазды.

– Маша, бүгүн үйүңө узатып койсом кантет?

– Жарайт.

Ушул кездеги толкундануум, жүрөгүмдүн дүкүлдөгөнү бир башкача эле. Үйгө узатып баратып Тимур адатынча мени кичинекей кыздарча эркелете берди. Кийин күн сайын үйгө узата баштады. Күн өткөн сайын жакындаша бердик. Мен муну жөн гана достук деп түшүнчүмүн. Бирок бир күнү ал мага байланышкан кыялдарды көптөн бери куруп жүргөнүн айтты. Мен тууралуу апасына да көп жолу айтып бергенин, кыскасы, жашоосун мага ылайыктап куруп алганын айтып, ага турмушка чыгуумду, аны менен кошо Баткенге кетүүнү сунуштады. Мен үчүн кол жеткистей туюлган Тимур менин колумду сурады. Ойлонбой туруп макул болчу сунуш эле. Эмнегедир макул боло алган жокмун. Ар кайсы шылтоону айтып башын ооруттум. Чындыгында жөн гана аны менен жаңы жашоо баштагандан корктум, “мага ишен” деген сөзүнө карабай ишене алган жокмун. Аныгында Тимурга эмес, өзүмө ишене албаптырмын. Бирөө мени чын дилинен сүйө аларына ишене албаптырмын. Мен үчүн идеалдуу көрүнгөн адам “мени кантип жакшы көрө алмак эле? Мени кантип бирөө сүйө алмак эле?” дедим. Келишимдүүм башын чайкаган бойдон артты карап кете берди. Жумуштан да, жашоомдон да кетти. Өз чечимим менен турмуштун сунган белегинен баш тарттым, идеалымды коё бердим.

Бир топ жыл бири-бирибизден кабарсыз кеттик. Бир күнү социалдык тармактардан билдирүү келди. Ачтым, Тимур экен. Сүйлөшүп, ал-жай сурашып калдык.

– Сен мени унуткандырсың, бирок мен унута алган жокмун. Сеникиндей көздөрдү издеп жүрүп, сага көзү, көз карашы, өзү да окшош кызды таап алдым. Үйлөндүм. Кыздарым чоңойгондо сага окшош болсун деп тиленем,- деди Тимур.

Баракчасына кирип жубайынын сүрөтүн көрдүм. Ишенесиңерби, жубайынын жүзү, кашынын өйдө-ылдый карап өскөнү, уялыңкы көз карашынан бери мага окшош экен, өзүмдүн түгөйүмдү көргөндөй эле болдум. Ошондо гана Тимурдун мени чындап сүйгөнүнө, анын мени менен турмуш куруу сунушу олуттуу болгонуна ишендим. Жүрөгүм тызылдап чыкты. Өзүмдөгү ишенимсиздик менен бактымды алдырып жибергенимди түшүндүм. Адам алгач өзүнө ишенгенди үйрөнүшү керек экен. Кеч боло электе сүйүктүү болууну үйрөнгүлөчү. Көрсө, аны дагы үйрөнүш керек тура. Мага өкүнүүгө кеч. Бактылуу бол, Келишимдүүм!

Сенин Машаң

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Lina2020
2021-02-01 22:06:15
Менде да ушундай өкүнүч болгон. Ал менен мамилебиз да болгон эмес, кесиптеш катары саламдан башка сөз жок болчу. Капыстан келип эле сени көптөн бери байкап жүрөм, турмуш куралы десе Баткенге алып кетесиңби деп шылдыңдап жибергем.)
+2
oopapa
2021-02-01 23:54:38
Мындай окунуч баарында эле болсо керек
0
oopapa
2021-02-01 23:55:26
Мындай окунуч баарында бар.
0
mirana9395
2021-02-04 12:48:38
Дааа.Болгон андан бери 10жыл отту ал азыр айылдагы чон молдо болуп калды.Экобуздо Тен экиден уулдарыбыз бар.
+1
№ 947, 28-январь-3-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан