КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Чек арада деген паспорт текшерет. Унутуп калдыңбы?

– Ал жагын деле ойлонуп чечсе болчудай,- Саша жайбаракат гана короого унааны токтотуп жатып сүйлөдү.

Бул убакта берки Аскар деген арык кыргыз киши эшикти ачты.

– Оой, Саби! Кандайсың?- ал кызды көрүп кубанганын жашыра албай учурашты.

– Кандайсыз, Аскар байке? Ден соолугуңуз жакшыбы?

– А бул жигитти тааныбай турам...

– Бул Тилек... Менин абышкам,- кыз дагы күлдү.

– Жакшы-жакшы... Ассалоому алейкум, баатыр!

– Жакшысызбы?- Тилек анын колун бек кысты.

– Аскар, биз эртелеп үйгө кирели,- Саша сөзгө аралашты.

– Албетте, албетте...

Чогулуп үйгө киришти. Сыртынан эски көрүнгөнү менен, үйдүн ичи заманбап жасалыптыр. Тыпыйган, буюмдардын баары орду-ордунда.

– Мен чай коёюн. Тамакты бышырып койгом...

– Аскар байкенин тамагын сагындым.

– Тамагымды элеби? Өзүмдүчү?- картаң киши Сабинага эркелегендей үн катты.

– Сизди дагы.

– Аа,- жоопко канааттангандай ыраазы болуп койду.

Аз өтпөй Аскар столдун үстүн жайнатып жиберди. Кыз-жигит гримдин баарын жууп, столго келди.

– Аа... Зыңкыйган жигит тура! Муну кайдан таап алдың?

– Торума түштү да,- кыз тамаша менен жооп берди.

– Ээх, сенин ушу торуң. Адамды бир эле убакта бактылуу да, жинди да кылат...

– Экөөңөр тынч боло аласыңарбы?- Саша жактырбай кетти.

Андан ары үн-сөзсүз тамактанганга өтүштү. Булардын арасында Саша чечүүчү өңдөнөт. Анын буйруктары дароо аткарылып турат экен. Тилек ушуну байкады. Анан тамак жеп жатып, Аскар кызды башкача көз караш менен тиктеп жатканын көрдү. Сүйүп, элжиреп карап жаткандай...

– Азыр эс алабыз... Эртең ишти пландайбыз. Тилектин ою туурадай. Эгер ошол багытта кете турган болсок, форма табышыбыз керек.

– Форма саткан дүкөндөр бар же тиктирип алууга да болот чыгар.

– Сөздү көбөйтпөй эртерээк жаткыла. Калганын эртең сүйлөшөбүз,- Саша ордунан туруп бөлмөлөрдүн бирине кирип кетти.

Ашканада үчөө калды. Ортодо жымжырттык. Аскар гана көз кыйыгы менен кызды жутуп жиберчүдөй тиктейт.

– Сен өз бөлмөңө эле жатасыңбы?

– Албетте... Тилек да ошол бөлмөгө уктайт.

– Аа...

– Кайсы бөлмө экен? Мен уктай берейин,- Тилек экөөнөн сурады.

– Коридордун аягында. Коё тур, экөөбүз чогуу барабыз,- кыз чайын ууртап шашкалактады.

– Сен бир аз жыйнашып кой сүйлөшкөнчө,- Аскар да шашып кетти. Бул экөөндө бир сыр бар деди ичинен Тилек. Эмне сыр? Мына бул кыргыз чал менен сулууда эмне сыр болушу мүмкүн?

Ордунан туруп кыска коридордун этегиндеги бөлмөнү карай басты. Эшикти ачып көрдү. Кыйчылдап аз-маз үн чыгарат экен. Бөлмөгө кирбей эле эшикти кайра жаап, коридордо туруп алды.

– Саби... Биз экөөбүз,- Аскар эшиктин жабылганын угуп дароо сүйлөп баштады.

– Аскар байке, өткөндү козгобой эле коёлучу, мен ал кезде жаш болчумун.

– 3 ай мурунбу? 3 айда карып кеттиңби?

– Аскар байке, мен ошол кезде эмне болдум, өзүм да түшүнбөйм. Бирок азыр менин жигитим бар. Көрдүңүз го. Өзүңүз айткандай, зыңкыйган жигит.

– Биздин ортобузда сүйүү болгон, Саби... Сен аны кыйнап өлтүрүп жатасың. Өмүрүмдө мындай сезимдерге кабылган эмесмин. А мен өмүрдө далайды көргөм...

– Аскар байке, токтотуңуз!- кыздын ордунан тура калган дабышы угулду. Ашканадан чыга калды да, коридордо аны заар чачып тиктеп турган Тилекти көрдү. Жигит эми шашпай гана эшикти ачып бөлмөгө кирип кетти.

ххх

Кыз аз өтпөй күнөөлүү кишидей бөлмөгө кирди. Үн-сөзсүз эле кийимдерин чечип баштады. Тилек терезени тиктеген бойдон турат.

– Сен баарын уктуң да, ээ?

– Мага айтпаган дагы канча сырың калды? Мени эмне лох кылам деп ойлоп жатасыңбы?

– Жок.

– Адамды алдап сүйлөй турганыңды мен башынан эле билгем. Болгону сырларыңды гана билбейм. Бирок акыры баары ачыкка чыгат да, туурабы?

– Тилек...

– Менин сөзүмдү бөлбөй тур. Акыры баары ачыкка чыгат. Сырларыңдын баары айкын болот. Эгер ошондо мени лох кылып коюуга кымындай эле аракетиңди байкаган болсом, мен сени жана сенин “шайкаңды” ит аткандай атып салам. Мен артка кайтпайм. Мага артка жол жок. Мени менен ойной бербе!

– Түшүндүм... Бирок мен эч качан сени лох кылайын деген оюм болгон эмес. Мен сага жолугуп каларымды билген эмесмин. Мындан 4-5 ай мурун... Кантип ушуга барганымды деле билбейм. Бирок Аскар байке экөөбүздүн ортобузда бир түшүнүксүз сезим пайда болуп кетти. Мен аны сүйүп кеткендей болдум...

– Ушул чалдыбы?

– Ооба... Ушул чалды. Мен жөн гана жылуулук издедим окшойт. Мага жылуулук керек болчу. Аскар байке болсо ошол кезде баарын түшүнгөн, баарын билген адам сыяктуу сезиле берди. Анан 1-2 ай өткөндө эле мен аны жакшы көрө албасымды түшүндүм. Бирок Аскар байке...

– Көп нерсени күткөм, бирок ушундай нерсени... Уфф... Ортоңордо бир нерсе болгонбу?

– Түшүнүксүз сезим болгон дебедимби?- кыз керебетте эки тизесин кучактап отурган абалда үн катты.

– Мен сезим тууралуу сүйлөгөн жокмун...

– Болгон... Биз бир төшөктө жатчубуз.

Тилектин көкүрөгү өрттөнүп кетти. А кайран чал, жанатан эмнеге жутуп жиберчүдөй кызды тиктейт десе... Ал го эркек! А бул кызга эмне, ушу Аскардан башка адам табылбай калдыбы? Шүмүрөйгөн чалды кантип өптү, кантип ошонун кучагында жатты?

– Мен сенден түңүлдүм!- деди Тилек жиндене.

– Мен ал кезде сүйүү кандай болорун билген эмесмин. Эми сенин жаныңда гана анын кандай экенин сезип жатам.

– Эмне? Хе... Кыскасы, ишти эрте бүтүрөлү, анан экөөбүз эки башка кетебиз.

– Тилек...

– Уктай бер. Кааласаң тиги Аскар байкеңди чакырып ал,- курткасын алып сыртка чыгып кетти.

Бирок эшикте деле көпкө жүрө алган жок. А балким, чындап эле Аскар дегени келип алсачы? Кызганыч көкүрөгүн эзип жатты. Башкасы башка... Ушу чал менен мамиле курганы эмнеси? Түпөйүл ойлор аны кайра эле бөлмөгө түртүп киргизип койду. Кыз аны күткөндөй уктабай жатыптыр.

Тилек жерге эле кийимчен жатып алды. Кыз акырын анын жанына жуурканын сүйрөп келип жатмакчы болгондо “мага жакындаба!” деп тиштенип койду. Кыз Тилектин үстүнө жуурканды жаап койду да, керебетке отурду.

Жигит чарчаган экен. Аз өтпөй бышылдап уйкуга кеткени билинди. Кыз аста барып аны кучактап, жанаша жатып алды.

– Мен бул жылуулукту канча издегенимди сен билбейсиң,- деди ал жигитти акырын бетинен өөп.

Тилек уктаган деле эмес. Бирок сыр алдырбады. Кызды да бул ирет жанынан кет дей албады.

ххх

Саша үңүрөйүп алган Тилекти көрүп баарын түшүндү. Жигиттин көкүрөгүндөгү кызганыч түктүйүп жүзүнө чыгыптыр. Эртерээк ишти башташ керек. Бул акыбалында бирөөнү деле өлтүрүп койчу түрү бар экен деп ойлонду.

– Так, ишке так болгула. Адрестерди, маршрутту тактайбыз. Үйү кай жакта, канчада чыгат, канчада келет, кайсы жол менен барат. Саби, Тилек экөөңөр форма киесиңер. Унааны Саби тосот... Калганын сен жасайсың, Тилек...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 947, 28-январь-3-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан