“АЛЫСТАН ЭЛЕ БИР КӨРСӨМ...”

– Сүйүү артта калды. Учурунда канчалаган кыздар менен мамиле курдум. Узун чач, кыска чач, көк көз, кара көз, сулуусу, жөн эле жагымдуусу.

– Балдар, тетиги кыздын башын айландырып коёюнбу?

– Ал сени карабайт.

– Карап эле тур...

Эки күндөн кийин жетелешип жүргөнүмдү көрүшөт. Досторум “сылан короз, дагы кайсы кыздын жүрөгүнө чок салып, кимдин башын айландыра салдың?” деп эле күлүп жүрүшчү. Ушинтип кыздардын башын айландырып жүрүп, бир күнү өзүмдүн башым айланып калды.

Бөлөмдүн туулган күнүнө баргам. Кыздар көп болорун билгем, чачты тарап, костюм-шымымды кийип тим эле кычырап алгам. Тор жайган балыкчыдай эле даярдангам. Бирок адаттагыдай ар кызга көз артпадым. Демейдеги ойноктогон жигит жок. Бул жолу көзүм бир кызга токтоп калды. Кече башталгандан тартып көзүмдү андан ала алган жокмун. Кээде көздөрүбүз тиктеше түшөт. Он чакты кыздын арасынан көзүмө ошол эле кыз көрүнүп жатты. Акыры баары бийге жөнөгөндө ал сыртка чыгып кетти. Артынан мен да чыктым. Сырттагы отургучта асманды карап, өзүнчө күлмүңдөп жалгыз отурган кыздын жанына барып отурдум.

– Сиз да бийлебейт экенсиз, мүмкүн болсо сүйлөшүп отуралы.

– Кимсиз?

– Айгүлдүн бөлөсү болом. Атым Максат,- кол сундум.

– Сезим,- деп ал дагы кол сунду. Толкунданып кеттим. Менде мурун мындай сезим болгон эмес. Биз бат эле тил табышып кеттик. Анын артынан жүгүрүп жүргөн мени кара теке сүздү. Мамилебиз турукташып калганда меники болду деп өзүмө ишенип алдым көрүнөт. Баягы адатым кармап башка бир кыз менен таанышып, жөн эле жолуга калгам. Көрсө, ал Сезимдин аталаш тууганы экен. Бул кылыгым көпкө узабай ага жетти. Сезимдин дүйнөсү башкача эле. Аркасынан чуркап, канча жалдырасам да кечирген жок, ажылдап урушкан дагы жок. Болгону жайнап караган көздөрү менен жекире карап, үн катпастан басып кетчү. Кийин Европага кетип калды, ошону менен жолуккан жокпуз.

Балким, биздин жолдор кезигеттир, бирок кантип? Мени эми жанына жолотпосо керек. Ушунча жыл өзүн жалгыздыкка арнады. Араб улутундагы кишиге турмушка чыкканын, уулдуу болгонун тааныштардан уктум. Ичим өрттөнүп, чынында аны башкага ыраа көрбөй кеттим. Кызаңдап кызганып алыптырмын. Кайсы арыма кызганам десең? Бирөөгө үйлөнүп алып, аны кызганып жатканымды кара. Мен азыр үй-бүлөлүү болгонум менен, оюмдун түпкүрүндөгү өзгөчө бир кызды унута албадым. Кээде жөн эле аны менен сүйлөшкүм келет. Кээде алыстан эле бир көрсөм дейм. Экөөбүз дүйнөнүн ар башка бурчундабыз. Соода борборунан, базардан же көчөдөн кезиктирип калуу мүмкүн эмес.

Тагдыр “канча кыздын көз жашына калдың?” деп жазалап жаман жубай буюруп койбогонуна Кудайга шүгүр. Баары жакшы, тамагым дайын, кийимим таза. Бул жагынан жубайым мыкты чыкты. Мени жакшы көрөт. Бирок мендеги уйгу-туйгу абалды ал сезбесин. Өтмүштөгү бир сүйүүмдү дале унута албай жүргөнүмдү туюп калбасын деп жасалмаланып, көзүнүн кареги менен тең айланууга аракет кылганымчы. Жүрөк буйрукту кабыл албайт, ойдон да чыгарып салуу мүмкүн эмес. Жүрөгүмдүн түпкүрүндө, ойлорумда канча бир убакытка, балким, түбөлүккө жашайттыр. Ким билсин канча жашаарын. Күнүмдүк турмушка алагды болуп жашаганым менен, ичим уйгу-туйгу. Мен ошондо көйрөңдөнбөгөндө, балким, аны менен таттуу бир өмүр сүрмөкмүн. Ар ким менен мамиле күтүп жүргөндөрдүн жан дүйнөсү оорубачудай сезилет. Чынында андай эмес. Жүрөгү калбыр болуп бүткөндөрдүн да ичин куйкалаган армандуу сүйүүсү бар. Биз болгону учурунда баалаганды билбейбиз...



Максат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
ai_bi0914
2021-02-15 14:10:31
Сезимге үйлөнгөн учурда да бирөө менен жүрө коймоксуң да баркына жетпей.
+5
KaGaH
2021-02-15 17:04:01
Сен өлүп эле калчы ары жок
0
Peri9292
2021-02-17 11:29:19
Жубайындын кадырына жет болбосо мындан да жаман болот. Суйуунун да аялдын да кадырына жетпей аттин кылып калба
+1
Turdueva
2021-10-26 11:31:41
Аллахтын ушунча Берген бактысыга шугур кыл
0
№ 949, 11-17-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан