"АТАҢ БИЗГЕ СУКТАНЫП, ӨКҮНҮП ЖҮРӨТ"

– Апа, бас. Жумуйтка куйудум сага.

Плитага бою жетпей, столго чыгып алып жумуртканы тарелкага салып жаткан мотурайган 4 жаштагы кызыма ичим жылып кетти.

– Каражаным десе. Жумуртка кууруган жаныңдан. Ырас эле сени төрөп алыптырмын.

– Сулуу, даамдуу болуптуйбу, апа? Жактыбы?

– Жакпагандачы, топурак кууруп берсең да жагат да.

Маңдайымда мөлтүрөгөн кара көзү менен тиктеп отурган татынакай 4 жаштагы кызымдын ар бир кылыгына күндөн-күнгө жүрөгүм эзилчү болду. Жароокерлиги, мээримдүүлүгү жанда жок. Быйтыйган жумшак колдору менен массаж жасаганычы. Жан дүйнөмдө болуп жаткан дүрбөлөңдү сезгендей мени аяп, кучактап калганычы... Бир гана туура эмес кадам жасаганымда бул бакыттын баары жок болмок. Аборт жасатууга барып, акыркы мүнөттө врачтан качып кетпегенимде жалгыз жүрмөкмүн. Жаш болчумун, азыр деле жашмын дечи. Ошондо туура чечим кылганыма шүгүр кылам. Убагында кыйналдым, алданып калганыма өкүндүм. Кылмыш кылгансып баарынан качып, жашырынып жүрдүм. Атасы угары менен дайын-отун билгизбей жоголду. Акылсыз экен, ортодогу болгону 5 жаш айырма үчүн таштап кетти. “Сүйөм, бирок ата-энем каршы болот” деди. А сен биринчи аларга айтып көрдүңбү? Жок. Эмнеге алдайсың? Сүйгөн эркек эч качан сүйүктүүсүнөн баш тартпайт, ошону билесиңби? Бүт дүйнө каршы чыкса да жанында болот.

Врачтын кабинетинен качып чыгып кеткенден кийин атама бардым. Апам эски көз караштагы киши болгондуктан, бозуп калганым ал үчүн трагедия болмок. Атама ачыгын айтсам:

– Батпай жаткан бала жок. Менин көзүм тирүү турганда эч ким сага сүйлөй албайт. Апаң менен өзүм сүйлөшөм,- деди.

Көз жардым. 3 килограммдык бакытты боорума жаткырышты. Өксүп ыйладым. Ал бакыттын да, ызанын да ыйы болчу. Палатага гүл, тамак көтөрүп келген аялдардын күйөөлөрүн көрүп туталандым.

Сага караганда ата-энең эстүү кишилер экен. Кайдан-жайдан билип алганын билбейм, 1 айдан кийин кийим-кечегин көтөрүп, небересин көргөнү келишти.

– Балакетиңди алайын. Замкенин эле өзү го,- деп кызымдын чоң атасы жалбарат.

– Балам, тууган туяк, туубаган уят. Акылдуулук кылдың. Элдин сөзү дебей, төрөп алдың. Атасы карабай кетсе да, бул биздин кан. Кыздан баш тарта албайбыз. Кааласаң бизге бер, багып алабыз. Каалабасаң жардам берип турабыз. Эң башкысы, бизден бул кызды айрыба,- деди энеси.

– Рахмат, өзүм багам. Ичиме баткан, сыртыма да батат. Уулуңуз силердей адамгерчиликтүү болсо болмок.

– Эх, кызым. Ким гана жаңылбайт бул жашоодо. Көзүнө эч нерсе көрүнбөй, биздин акчабызды чачып, алып-учуп жүрөт...

Кыйналган жокмун дебейм. Бир топ кыйналдым. Бала чоңойтуш оңой бекен? Бир бутум жумушта, бир бутум бала бакчада болуп эзилдим. Кызым, бирок сен мага береке ала келдиң. Жумушум илгерилеп, экөөбүзгө гана тийиштүү сонун үйдө жашап жатабыз. Эч нерседен кем кылбай багып жатам.

“Атасы эмне болду?” дебейсиңерби. Атасы 4 жыл ичинде балалуу боло албай 3 аял кетиргенин ата-энеси айтышты. Таба эмес, тобо дечү беле? Мейли, жашоо турмуш ары-бери калчап эсине келтире берсин. А биз кызым экөөбүз бактылуубуз. Кызыңдын таттуу кылыгын көрбөй өмүрүң өтүп жатканы сен үчүн жаза болуп жатканын туюп жүргөндүрсүң. Билем, өкүнүп жүрөсүң. Социалдык тармактан экөөбүздүн сүрөтүбүздү фейк аккаунт аркылуу карап суктанып жаткандырсың.

Ата мээримин албаса да, чоң ата-чоң энеси кызымды мээримден өксүткөн жок. Таятасы жанындай көрөт. Таянеси мени азыркыга чейин кечире албай убара. Кызыма сыртын салып, мээрим төкпөйт. “Сага болгон үмүтүмдү талкаладың. Эл-журтка уят кылдың” деп жемелейт. Апа, алтыным, ушинтсеңиз да мен сизди жакшы көрөм. Бирок жашоону терең караганга үйрөнүңүзчү. Силердин көзүңөр өткөндө мага ушул кыз медер болорун, жалгыз калбаарымды ойлоңузчу.


Жибек

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aiymkunumjyldyzym
2021-02-22 10:52:20
Чон ата чон энеси даана адам деген атка татыктуу экен.Баласы айтып келсе эч ойлонбой уйлонтушмок.Болбосо баламдан боозуп алып деп коп созду айтмак,булар тескерисинче баласынын жаман жагын да жашырбаптыр.Эл эмне дейт дебей тороп алгандардын катарына бир эдем кирип калса жакшы болот эле,46га чыкты же куйоодон жок же баладан жок.
+8
Raik
2021-02-23 20:37:40
Кыздын апасы да кечирип койсун да эми. Небересин кучактап, бооруна кысып эркелетип койбойбу. Өзү да акылдуу кыз экен бир жолу адашыптыр, калган жашоосун туура алып баратыптыр.
+2
№ 950, 18-24-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан