КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Эски Гольф жол менен эмес, кайдагы бир талаалар, дөңсөөлөр менен жүрүп баратты. Салондогу төртөө тең унчукпай баратышат. Акыры чаңы бырпыраган жолго түшүштү. Аз өтпөй алыстан жалгыз жарык көрүндү. Мал багылган эски сарай экен.

– Бул жакта кимдир бирөө жашайбы?- Тилек үн катты.

– Жок. Бул менин досумдун сарайы... Азыр мал жок. Бир нече күн ушул жерде турабыз. Мындан ары 50-60 километрден кийин Казакстан башталат. Чек арачылар менен ушул жактан сүйлөшөбүз. Алар силерди өздөрү өткөрүшөт...

– Бирок, биз Казакстан эмес, Америка же Түркия деп жатпадык беле...

– А эмне сен Америкага аэропорттон учуп кетем дедиң беле?- Саша таң калгандай сурады.

– Жок...

– Кыскасы, документтериңер даяр болот. Акчаны башка адам өлкөдөн чыгарып берет. Силер Казакстанга өтүп, андан ары АКШга учасыңар...

– Жо-ок, Саша байке, мынча акчаны бирөөгө ишенип бере албайм мен.

– А мен бере алам. Кам санаба, баары жайында болот.

Тилек уйгу-туйгу боло түштү. Акча мына колго тийгенде ызы-чуу башталбаса болду. Пулдун кумары жаман эле. Эмнеси болсо да сак болоюн деп ойлонду. Эң башкысы акчаны эч кимге бербейм деп ичинен чечим чыгарып алды.

ххх

Эски сарайда эбак баары дайындалыптыр. Муздаткычта азык-түлүк жык-жыйма... Керек болсо маринаддалган шишкебек да бар экен. От жак да, бышырып же.

– Салтты сакташ керек. Иш ийгиликтүү болсо, демек, майрам болот...- Аскар сарайдын алдынан агып өткөн арыктагы сууга салынган бөтөлкөдөгү сыраларды каңгыратып ала баштады.

– Ого, силер катуу даярдангансыңар го...- деди Сабина таң калганын жашырбай.

– Ананчы, бул деген коштошуу кечеси да,- Аскар күлдү. Анан ал баарына бирден бөтөлкө сыра карматып, шишкебек бышырганга киришти. Сабина күйгөн отту карап телмирди. А Тилектин көз кыры Сашанын машинасында... Орус чал унаанын жанында өзүнчө эле күймөнүп бир нерсе кылып жүрөт. Качпаса болду акчаны алып. Качса кантет? Атат. Тапанча ордунда бекен дегендей текшерип койду. Бирок орус чал кара баштыктагы акчаларды алып, эски тамга кирип кетти.

Шишкебектин жыты шилекей чуурутту бир убакта...

– Анда эмесе, биринчиси даяр!- Аскар учтуу шампурларга сайылган эттерди табакка түшүрүп баштады.

– Алгыла, алтындарым!- деди ал. Ушул учурда байкабагандай шампурларды ары алымыш болуп, так учтуу тарабын Тилектин көздөрүнөн жакын алып өттү. Жигит башын тартып жалтанды.

– Ой, кечир! Сөзгө алаксып кетип...

– Аа...- Тилек жайбаракат жооп бергендей болгону менен, денеси жыйрыла түштү. Тигиниси менен деле сайып өлтүрүп койчудай го бул. Даяр бол! Даяр бол! Бир жамандык болчудай эле өзүнө-өзү эскертти.

– Кана эмесе! Ийгиликтүү биринчи кадам үчүн!- жанатан келип унчукпай отурган Саша бөтөлкөсүн көтөрдү.

– Ийгилик үчүн!- баары бөтөлкө кагыштырышты.

Курсактары ачкан экен. Анан калса шишкебек укмуш даамдуу болуптур.

ххх

Тилек дагы бир бөтөлкө сыраны ачып, отту тиктеген калыбында тамеки түтөттү. Ичи ысып, жанагы жоболоңдуу ойлор да жоголо түшкөндөй. Денеси талыкшып, оттон көз албай сыра жутат.

– Бул эмне сыра? Дароо мас кылат го...- Тилек күлө сурады.

– Миллер!

– Аа...

Минтип дароо мас болчу эмес. Мунусу эмне, кадимкидей баш тегеренет го... Жигит көздөрүн эки-үч ирет ачып-жумду. Уйкуга тартып баратабы? Көзүнө оттун жарыгы эмнегедир ачуу тийгендей боло түштү азыр. Анан ошол жарык бара-бара үрүл-бүрүл гана көрүндү. Көздөрүн кайра ачып-жумду. Бозоро түштү айланасы. Түн жөргөмүштүн желесиндей майда ак сызыктарга толуп, аны курчап алгандай болду.

– Эй!- андан ары эмне дээрин билбей Тилек оор-оор дем ала, көздөрүн дагы ачып-жума берди.

– Тилек, эмне болду?

– Саби?- Тилектин колундагы тамекиси түшүп кетти. Манжалары баш бербейт. Алы кетип калыптыр, муштуму түйүлбөйт. “Ах, энең, жешти!” башына дароо ушул ой кадалды. Ордунан туруп бир нерсе кылыш керек. Качыш керек! Турмакчы болгондо гана буттарында да ал калбаганын түшүндү.

– Ээ...- тили күрмөөгө келбей, анан калса башы да оорлошуп моюну шылкыйды. Туруш керек! Булкунуп жиберди. Башка аргасы жок болчу. Тура алган жок. Тескерисинче, жерге дүп эте кулап түштү. Оттун жарыгы үрүл-бүрүл көрүнүп... Анан арыда дагы бир адам дал өзүндөй жерде оонап жатканын көрдү. Сашабы же Аскарбы, тааный алган жок. Көзү караңгылап, эсин жоготту.

ххх

Айка бүгүн гана ушул нерсени этибарына алды. Бир нече күндөн бери эле капкара машина ашкананын маңдайында токтоп калып жаткан. Айланада иштеген бирөө-жарым токтоткон чыгар дегендей маани деле берген эмес. Бирок азыр карап, анда отурган жигит ашкана тараптан көз албай отурганын байкады.

– Эля эже... Ушул машина күнүгө токтоп жатат, ээ?- деди ашпозчу эжеге көрсөтүп.

– Ооба, мен да байкап калдым. Ичиндеги неме да кечке отурат.

– Коюңузчу?

– Чын! Бирөөнү күткөндөй эле турат. Эртең менен деле, түндө деле турган болот.

– Машинаны көрүп жаткам, бирок ичиндегисин азыр байкадым...

– Мен муну сага ашык болгон бирөө окшойт деп да ойлогом.

– Жок, муну тааныбайм.

Айканын денеси жыйрыла түштү. Демек, Марс айткандай, айрым адамдар аны Тилек менен байланышта деп жатышкан окшойт.

Кайдан гана чыкты ушул Тилек деген неме? Же баркты билбейт... Кылгылыкты кылган ал. Эми азабын жакында эле тааныган Айка тартабы? Кыжалат ойлор дароо чүнчүтүп жиберди аны. “Эми бул аңдыганы ким болду экен? Милицияданбы же бандиттерби?”

ххх

Катуу жөтөлүп жатып ойгонду. Кара терге түшүп, узун чөптөрдүн арасында жатыптыр. Кыязы, кускан окшойт. Ачкыл жыт дароо мурдуна урду. Башы чыңалып, жарылып кетчүдөй ооруйт. Мындай акыбалда ойлорун жыйнай алчудай эмес. Оор дем алат. Анан капыстан шылдырап аккан суунун добушун эшитти. Тамагы кургап калыптыр, шилекейин кылт жута ордунан турмакчы болду. Таптакыр алы жок. Акыры эптеп туруп темтеңдей суунун доошун карай жөнөдү. Арыкка жетери менен эле сууга бүт денеси менен атайын эле кулап түштү. Сергий түшкөнсүдү. Суудан жан талашып жутат. Тээ бир топто жаны жай ала түшкөнсүп, айланасын карады. 100 метрдей арыда кечээки сарай турат...

Сарайга жетиш да өзүнчө машакат болду. Алы кетип баш айланат. Эптеп жетсе сарайда тирүү жан жок. Кеткен машинанын изи турат. “Эшектер, качышкан экен. Бирок эмнеге өлтүрүшкөн жок? Кечинде арыда оонап жаткан ким эле, Аскарбы? Сашабы? Сабина ошол тапта кайда эле? Жанымда эле сүйлөп жүргөндөй болду”. Ойлору менен алпурушуп үйгө баш бакты. Телевизордун үнү катуу коюлуптур, бирок жан жок. Ким качты баарын уулантып? Телевизорду өчүрдү, бул үнгө чыдоо мүмкүн эмес. Өчүрөрү менен чуулдаган сиренаны укту. Сыртка шашкалактап чыга калып, жакын жерде милициянын унаасы чуулдап келе жатканын көрдү. Алы жок болчу. Бирок аргасыз качып жөнөдү Тилек...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Paprikafm
2021-02-22 11:59:25
Ити экенго тиги шериктери
+2
Aituwas
2021-02-22 15:08:42
Аскар кылды окшойт
+1
№ 950, 18-24-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан