КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Токто эй, атам!- деп кыйкырды унаадан түшө калган милиционер. Бирок жигиттин токтой турган түрү жок. Селбең-селбең этип бир нерсеге үмүт кылгандай алсыз чуркап кете берди.

– Энең... Токто!- милиционер дагы бир кыйкырып, тапанчасын асманга каратып атты. Тарс! Бирок Тилек токтогон жок. Кайдан-жайдан анын бет маңдайында узун камыштар пайда болду. Кыязы, жанагы арыкта жылжып аккан суу бул жерге келип жайылып, сазга айланат окшойт. Камышты аралай жөнөдү. Анан кимдир бирөө жетип келгенин артындагы талпылдаган добуштан түшүндү. Эми эмне кылат? Эми эмне кылат? Камыш аралап, баткак кечип чуркаганың да азап экен. Бир убакта буту камышка илешип кулап түштү. Оор дем алат. Өпкөсү ачышып, кылар айласын таппай калды.

– Алың ушул болгондон кийин качпай эле койбойсуңбу?!- көмкөрөсүнөн жаткан Тилекке артынан жанагы милиционер үн катты.

ххх

Марс машинанын жанында күтүп, карап турду. Жанатан Тилектин селбеңдеп качканын, акыры камыш аралай барып кулап түшкөнүн да байкады. Анан бир убакта Мирбек деген жаңы напарниги бир кезде зыңкыйып ар дайым боюн түзөп баскан, кыйынсынган, бирок азыр өзүнөн кетип, киши тааныгыс болуп жүдөгөн эски напарниги Тилекти алдына салып айдап келди.

Тилек машинага жакындаганда дагы кулап түштү. Таптакыр эле алы кетип калыптыр... Кый-кый этип өпкөсүнүн жарымы эле иштеген өңдүү кыйналып дем тартат.

– Ушул сага керек беле?! Ё-моё! Айтчы эй! Ушул сага керек беле?!

Тилек үн каткан жок. Көмкөрөсүнөн жатып алып дем алганы ордуна келгенче жерден көз алган жок. Бир топто барып эс ала түштү...

– Ким? Ким айтты сага?- жерде жаткан калыбында Марстын көзүнө карабай башын салган бойдон үн катты.

– Ким экенин кайдан билем? Белгисиз номерден чалышты. Ушул жакка белгисиз бирөө келип жашап жатат дешти.

– Сукалар...

– Эй, оозуңа карап сүйлө! Мен баягы сенин напарнигиң эмесмин. Сен кылмышкерсиң, мен ментмин!

– Хе,- Тилек эми башын көтөрүп, Марсты тике карады. Анан ордунан козголуп, жерге отура кетти.

– Эмне берем деди, Марс?

– Эмне?

– Шеф мени кармасаң эмне берем деди?

– Эч нерсе албайм, Тилек. Эгер билсең, бир кездеги напарнигимди ушинтип чаң жуткуруп кармап баруу мага анчалык деле жагымдуу эмес.

– Мдаа... Марс, сөздүн кыскасы мындай. Эски напарнигиң катары айтып жатам. Менде 700 миң доллар бар. Нак акча. Мени алып барасың. Шефтен алчуңду аласың. Буга кошумча 700 миң доллар сеники болот... Мына бул жаш напарнигиңдин аты ким? Мирбек беле? Экөөңөр бөлүшүп аласыңар...

– Кана акча?- Мирбектин көздөрү жайнай түштү. Марс деле ушуну сурамак, бирок ал сабыр кыла, сыр алдырбай жооп күтүп калды.

– Вот, ошо акчаны табыш керек...

– Менде бар дедиң го азыр эле?- Мирбектин кадимкидей чый-пыйы чыга түштү.

– Фай энең... Ушул 700 миң доллары бар кишиге окшошуп турабы?

– Кыскасы, кеп мындай. Мен, анан дагы башка 3 эшек бирөөнү тоногонбуз. 700 миң доллар нак жашыл акчалар...

– Хе, андай кылмыш катталса 700 миң уурдаткан киши эбак Бишкекти башына кийип издетип, териңди тескери сыйрымак.

– Жо-ок. Ал издетпей турган киши... Сен андан көрө кантип тонодуңар деп сура.

– Ии? Кантип тонодуңар?

– Мент болуп тонодук. Менттин машинасын жасадык, кийимин кийдик...

– Анан?

– Анан тиги 3 эшек мени сатып кетишти. Сен аларды карма дагы, акчаны ал. Мирбек экөөңөр “воляда” мен үчүн да, өзүңөр үчүн да шапар тээп жашап койгула...

– Фай энең...

– Ишенбесең мен сага менттердин машинасы кайсы жерде көмүлгөнүн көрсөтүп берем...

Мирбек менен Марс бири-бирин тиктеше түштү.

– Наручник сал!- деди Марс Мирбекке.

ххх

– Бул изди көрдүңбү? Кечээ биз ушул жактардан өткөнбүз. Айдай бер. Азыр тетиги дөңгө барат издер...

– Тилек, айтчы деги, эмне болуп кетти?- Марс азыр кылмышкердей эле шудуңдап бараткан, таанылгыс болуп өзгөргөн Тилекке карады. Бул кандай жигит эле? Эми кейпин кара!

– Билбейм, брат! Өзүм деле түшүнбөй калдым...

– Энеңдурайын, жанагы кыз эле башыңды айлантып койду, ээ? Блин, бирок сен деген, эй! Сен деген профессионал опер эмес белең?! Ё-моё!

– Хе... Жан дүйнөмдө кылмышкер эле болчу окшойм да, брат.

– Эми айтчы, азыркы абалың өзүңө жагып жатабы?

– Жок, бирок мындай абалга “любой” киши түшүшү мүмкүн. Ишенип кой!

– Фай ата!

– Токто! Ушундай токтой бер!

Унаадан түшкөндөн кийин эле Тилек колдору артына кишенделген боюнча алдыга басып жөнөдү.

– Көрдүңбү? Ашып калган топурагы турат. Мына ушул жерге машина көмүлгөн... Бир метрдей эле казсак машина көрүнө баштайт. Андан аркысын өзүң бил, ишенесиңби, ишенбейсиңби...

– Мейли! Жүрү кеттик!- Марс кайдыгер гана үн катты.

– Марс... Ал акчага шеф сага берем деген квартирадан 10ду сатып алсаң болот. Менде башка жол жок калды. Жок дегенде сен нормально жаша! Мен эмнеге күйүп жатам? Баарыбыз чогуу тоногонбуз... Жанагы сен айтып жаткан кыз дагы бар болчу арабызда. Бирок, эшектер, алар мени сатып кетишти. Сага чалган адам деле ошол үчөөнүн бирөөсү... Мен жөн эле шалпыйып калгым келбейт. Жок дегенде акчаны сен ал. Эй, 700 миң доллар! Эч кимге айтпай бөлүшүп аласыңар. Мен кандай немелер экенин таптак айтып берем.

Марс ойлонуп туруп калды.

– Шеф квартира берерин кайдан билдиң?- деди бир топтон кийин.

– Оо... Андай квартирадан убагында мага 3тү убада кылган. Сөзүнө турбайт.

– Күрөк салдың беле?- араң эле турган Мирбекке кайрылды.

– Ооба...

– Азыр ушул жерден сен айткан машина чыкпаса аңга өзүңдү көмүп кетебиз, уктуңбу?!- биротоло ишениш үчүн казып көрүүнү чечти.

– Келиштик!

ххх

Мирбек багалегин түрүп алып жер казып жатат. Тилек менен Марс аны тиктеп тамеки тартып отурушат.

– Ээ Марс байке, казыңызчы кичине,- чарчады окшойт. Бир убакта ушинтти.

– Кел, бошот, мен казайын,- деди Тилек. Марс колу-бутун булгап жер казгысы келген жок. Тилектин колунан кишенди чечти.

Жанатан кыйла эс ала түшүптүр. Күрөктү матыра-матыра сайып кадимки күүсүндө иштеп баштады. Бир убакта күрөк катуу бир нерсеге такалды.

– Мына крышасы,- күрөк менен кагып-кагып койду. Анын жанында отурган Мирбек ордунан тура калып машинада телефон тиктеп отурган Марска карап кыйкырды.

– Марс байке-е! Ээ, бар экен...- сөзүнүн аягына чыкпай эле Мирбек жерге кулап түштү. Жер казып жаткан Тилек Мирбек ага аркасын салары менен тизенин аркасына күрөк менен чапкан болчу. Тизелери бүгүлүп, артка кетенчиктей түшкөндө эле шарт эле моюндан алды. Колдору кобурадагы тапанчага жеткенче шашты. Бирок Тилек эбак эле сууруп кетүүгө жетишиптир. Экөө жаңы эле казылган аңда боз ала болуп алышып жатышты.

– Тынч бол! Атып таштайм,- тапанчанын муздак темири чыкыйына такалганда тынчый түштү Мирбек.

– Сука, ушинтериңди билгем...- Марс тапанчасын алдыга сунуп алып кылдаттык менен аңдын ичин кароого аракет кылды.

– Ыргыт тапанчаңды! Болбосо муну атып салам...- Мирбектин моюнун сол колуна кысып, оң колу менен чыкыйына тапанча такаган Тилек көздөрүнөн от чачып туруптур. Марс эми баягы Тилекти тааныды. Жанатан шудуңдап, кошоматтанып жаткан ал Тилек эмес болчу. Чыныгы Тилек ушул. Бул эч нерседен тартпайт. Акырына чейин барат...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 951, 25-февраль-3-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан