КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Байэлдин муштуму түйүлүп, тамырлары көбө түшкөнүн байкады агайы. Эшик жакта Арстын жанындагы тааныш кызды көрдү. Ызырынып жетип барып Арсты чаап жибереби деп чочулады. Бирок Байэл арткы каалгадан кийинки бөлмөгө кирип кетти. Кыз көрбөгөнүн байкады. Ал кызга бардык картаны эрте ачып бергиси келген жок.

– Сүйүү – эки кишилик. Үчүнчүсү кошулса согуш башталат дечү беле?- деп өзүнчө сүйлөнө Байэл жакка басты агайы.

– Арсты кайдан тааныйт?

– Сен ал кызды ойлобо. Сен минтип отурсаң, биздин ишибизге тоскоолдук жаратат.

– Агай, мен жөнүндө эч кимге эч нерсе айтпаңызчы. Менин кайдан болорумду, ким экенимди сизден башкасы билбей эле койсунчу,- деди жигит.

– Деги сага эмне болгон? Макул, айтпайм. Сен аларды ойлогонго убакыт кетирбе. Андан көрө беттешти жең. Сенин мурун ким болгонуң маанилүү эмес, азыр кимсиң, ошол маанилүү. Сен ушинте берсең, керек болсо алдыңа келген ийгиликти колдон учурасың. Мен сага өткөндө эмне дедим эле?

– Күчтүү, ийгиликтүү...- бул сөздү Байэл ичинен кайталап жатты. Ансыз деле унуткан жок. Уккандан бери бушайман боло дайыма ушул сөздүн үстүндө ойлонуп жүрөт.

ххх

Маржан эрте туруп такси менен бир жакка жөнөп кетти. Телефонун алып бирөөгө чалды.

– Бүгүн жумушка келбей эле кой.

– Эмнеге?- жигит чочугандай таңдана сурады.

– Жумуштарыңды бүтүрүп ал.

– Кечинде алып кеткени барайынбы?

– Жок, мен такси менен эле,- ары жакта сүйлөп жаткан мырзанын сөзүн аягына чейин укпастан телефонун өчүрүп, сумкасына салды. Кечээ түштөн кийин дагы келбе деп койгон. Жигит таң калгандай эле бар. Мурда кайда барбасын дайыма айдоочусу жандап жүрчү. Кечээ уулун таштап кеткен балдар үйүнө барды, түз эле директоруна кирди.

– Мага 1996-жылы ноябрь, декабрда каттоого алынган балдар тууралуу маалымат керек.

– Биз келгендин баарына маалымат бере албайбыз,- деп баштаган директорго акчанын башын кылтыйтты эле, ал дароо макул болду. Экөө күүгүмгө чейин архивди казып чыгышты. Маржан ар бирин тиркелген сүрөтүнөн бери карап чыкты.

– Эч нерсе билүүгө мүмкүн эмес. Ошол жылдары иштеген бирөө-жарымды тааныйсызбы?

– Жок, бул жакта иштегениме беш эле жыл болду. Мен сурап көрөйүнчү,- башчы айым бөлмөдөн чыгып кетти. Үмүттөнө колундагы делолорду барактай берди.

– Бул жакта көп жылдар кароолчу болуп иштеген бир киши бар. Азыр ооруп төшөктө. Бул даректе жашайт экен.

Маржан директордун колунан төрт чарчы кагазды алып сыртка чыгып, түз эле ошол дарекке жөнөдү. Эч буйдалбастан эскилиги жеткен үйдүн короосуна кирип барды. Каалгасы илинүү экен, тыкылдатты.

– Ким бул?- деген кемпирдин үнү чыкты.

– Жолдошуңузду көрсөм болобу?- аялдын үнүн угуп эшикти ачты.

– Сен ким болосуң? Азыр эле уктады. Ойгонсун, отура тур.

– Балдар үйүндө иштечү турбайбы.

– Ооба, ооруганы үйдө жатып калды. Ошол жакта иштеп кеткен бир эжени издеп жатам. Коллектив менен түшкөн сүрөттөрү барбы?

– Бар, айланайын,- төркү бөлмөсүнө кирип кетти. Кемпир бир аздан соң сүрөт альбомду көтөрүп келип аялга сунду. Маржан барактап, ар бир сүрөттү үңүлө карап жатты. Көзү бир сүрөткө токтоду. Чаар-ала күрмө, чачы дал ошондой түйүлгөн аялды таанып, “ушул” деди. Кишинин ойгонушун чыдамсыздык менен күтүп отурду.

ххх

– Ата, айтыңызчы, бул ким, азыр кайда,билесизби?- деп сурады сүрөттү көрсөтө. Көздөрү чекирейген карыя “көзүм жетпейт” деп көз айнегин суратып араң көрдү.

– Аты Зейнеп болчу, фамилиясы эсимде жок. Жашы 60тан өтүп калса керек азыр. Алдагы сүрөттүн алдында кайсы жыл жазылып турат? Ошол жылы эле Беловодское айылындагы балдар үйүнө которулуп кеткен.

Дагы бир нерселерди сурайын деди эле, карыя көңүлү сөзгө чаппаганын билдирип, дубалды карап жатып алды.

Мындай учурда оюң чаржайыт болуп, мээң иштебей калат эмеспи. Чын-жалганын тактабастан Маржан жолго чыга берди.

Унаа зымыраган бойдон Сокулуктун аймагынан өтүп баратты. Айдоочу күзгүдөн ойлуу келаткан аялды утур-утур карап коёт. Бир көзү жолдо, бир көзү шыпылдап эсептеп жаткан эсептегичте. Ичинен бул аялга таң калды. “Өз машинасы бар экен го, мынча узак жолго эмнеге такси менен келди? Мейличи, мага эмне, акчасын төлөсө болду да...” деп сапарын улай берди. Машина Беловодскоеге жетип, айылды аралап кетип бара жатты. Аял бир чекитти тиктеген абалында үн-сөзсүз.

– Бул жерден түз элеби же оңго бурулайынбы?- деп шаштысы кете сураган айдоочунун үнү аялды ойлорунан алаксытты.

– Токточу, бирөө-жарымдан сурап алалы.

– Байке, балдар үйү кайсы жерде?- Маржан жол жээгинде турган кишиден сурады.

– Тээтиги жерден солго бурулуп, 100 метрдей жүрсөңөр эле көрөсүңөр,- жол көрсөттү бир киши.

– Тигиндей токтой бер. Мени күтүп тур,- балдар үйүнүн алдына келип токтоп, аял машинадан түшүп кетти.

ххх

Тирүүлүктүн күндөрү сабалап өтүп жатты. Бат эле күткөн учур келди. Күңүрт имараттын ичинде 5-6 адам күйпөлөктөп боло турган мелдешке даярдык көрүп жатты. Ортодо анча чоң эмес, чаканыраак октагон орнотулган. Залдагы столдорго шараптын түрлөрү коюлуп жатты. Отургучтар анчейин көп эмес, чакан эле көрүүчү болчудай.

Асан достору, өнөктөштөрү менен жолугар алдында Алмаздын залын көздөй жөнөдү.

– Улам жылып отуруп ушул учурга келдик. Мынча убакытка созулат деп ойлогон эмес элем. Менимче, даярданууга убакыт кенен болду. Даярдыктар жакшыбы анан?

– Асаке, колдон келген аракетти кылдык.

– Силерге ишенем. Байэл, уят кылбай утуп берсең, менден чоң сыйлык күтө бер.

– Буюрса.

Акчасын уттуруп ийбесем деп чочулаган Асан эле эмес. Жигит деле жеңишти самап турат.

Кеч кирди. Белгиленген убакытка жакын беттеш өтө турган имараттын алдына биринен өтүп бири көз жоосун алган, кымбат баалуу унаалар удаа-удаа келип токтоп жатты.

– Агай, канча киши болот экен?

– Ал жакта көп болсо 10-15 чакты эле адам болот. Толкунданба, эч кимди көрбө. Өзүңдү эркин сез.

– Атаандашым накта спортчу болуп калсачы?

– Мен булардын мелдештерине көп эле катышып жүрөм. Эч убакта андай болгон эмес. Коркпо, көрөсүң го, ал деле сендей эле жаңы баштагандардан болот.

– Ошондой эле болсун.

– Сүйлөшкөндөй, биринчи раундда күчүңдү сакта. Башында алдап сол кол менен бирин-серин сокку узатымыш болуп кой. Ал сени алсыз деп билип өзүн бош коё берет. Ошол абалын пайдаланып аны талкала. Болгону коргонууну унутпа. Арсты эстечи, сени эч нерсе кыла албайт деп жатып кандай сокку жеп, кулап түштү эле?

– Аделя үчүн жеңишим керек. Жеңем,- өзүнө сөз берип жатты.

Келген коноктор жайгашып бүткөн соң жарыктар өчүрүлүп, зал күңүрт боло түштү. Октагонго жарык берилип, алпаруучу чыгып сүйлөдү. Анын артынан дене бою келишкен, жарым жылаңач 10 чакты кыз чыкты. Кишилердин алдына катарлаша тизилип туруп калышты. Каткыра күлүп төрдө отургандар бирден кызды жандарына алышты.

– Мушкерлер октагонго чакырылып, беттеш башталды. Атаандашынын кичирээк экенин көрүп Байэл өзүнө ишене түштү. Бирок беттештин жүрүшү ал күткөндөй болбой жатты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
rafo80
2021-03-01 11:17:00
Кызык жерине келгенде бүтүп калды гоо.
0
№ 951, 25-февраль-3-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан