КАНДУУ СИМ-КАРТА...

Үйдөн университетке чейин кызыл сызыктан чыкпай, окууга барып-келип жүрдүм. Эмнегедир жөө басканды жакшы көргөндүктөн чөнтөгүмдө акчам болсо да, кээде маршрутка тоспой, үйгө чейин жөө басып келчүмүн. Күз. Бак-дарактар күрмөсүн чечип жаткан учур. Келе жатып жолдон бир кичинекей СИМ-карта таап алдым. “Бирдиги бар болду бекен?” деп кызыгып телефонума салып көрдүм. Көрсө, интернети да, бирдиги да бар экен. Студент болгондуктан каржы жаатында бир аз көйгөйлөрүм болуп жүргөн. Сүйүнгөндөн ичиндеги номерлерге көңүл бөлбөй, интернетин пайдаланып, бир-эки досум менен телефон аркылуу баарлаштым.

Арадан эки-үч күн өттү. Сабактан келе жатсам телефонум шыңгырады. Алсам атам “үйгө тез келип кал” деди. Ансыз да үйгө бара жаткам. Көрсө, үйгө милициялар келишкен экен. Мен аны укканда нес болдум. Анткени биздин буга чейин таптакыр милиция менен ишибиз болгон эмес. “Эмне болуп кетти?” деп оюм онго, санаам санга бөлүндү. Маршруткадан түшө калып эле үйдү көздөй жүгүрдүм. Дарбазанын алдында токтоп турган машинада эки милиция кызматкери отуруптур. Жүрөгүм кысылып кетти. Мен келгиче атама бир шумдуктун баарын айтып беришкен окшойт, жүзү купкуу болуп кетиптир.

Ансыз да мени бир жума издеп, кыжырданып күтүп отурган эки милиция кызматкери мени дароо машинага салды. Биз бөлүмдү көздөй жөнөдүк. Атам үйдө калды. Алар жолдон үч уктасам түшүмө кирбеген суроолорду берип таң калтырышты. Алардын сөздөрүн түк түшүнгөн жокмун. “Алинаны кантип өлтүрдүңөр?” деген суроону бергенде үстүмдөн муздак сууну куюп жибергендей катып калдым. Тилим байланып, көзүм караңгылап кетти. Көрсө, кептин баары мен көтөрүп жүргөн СИМ-картада экен. Ал каза болгон орус кыздын СИМ-картасы болуп чыкты.

Көрсө, милиция кызматкерлеринин айтымы боюнча, окуянын чоо-жайы төмөнкүчө экен. Алина деген орус кыз бир жигит менен жолугушууга чыгып, 20 күн дайынсыз жоголот. Кийин анын өлүгү бычакталган абалда шаар четиндеги талаадан табылат. Аны менен жолуккан жигитинен да дайын жок. Божомолдорго караганда, ал жигит кызды өлтүрүп, буюм-тайымдарын тоноп кеткен окшойт. Дал ошол кыздын телефону жоголуп, СИМ-картасын мен таап алыптырмын. Жигит кыздын телефонун сатып, СИМ-картасын ыргытып жиберген окшойт. Ошентип жок жерден чоң кылмыштуу окуяга аралашып калдым.

“Милиция менен доктурга көз каранды кылбасын” деген сөз чын окшойт. Алардын мага жасаган мамилесине нес болдум. “Ачыгын айт, камап коёбуз” деп коркутушту. Бир кезде милициянын бөлмөсүнө тергөөчүсү атырылып кирип келди. Мени тепкилеп жиберчүдөй жулкунуп, намысыма шек келтирген сөздөр менен ашатып сөгүп кирди. Андан коркконумдан эмес, ак жерден күйүп жатканыма ыйлагым келди. Бирок алардын жумушу ушул. Туура түшүнүү менен бул СИМ-картаны таап алып колдонгонумду айттым. Кандай болсо да, алар ушул сөздү айтарымды болжоп жатышкан экен. Анткени Алина менен жолуккан жигит да орус улутунан экен. Бирок эмнеси болсо да тамырымды тартып көрүүнү чечишиптир.

Ооба, мени камап коюшкан жок. Бирок эсимди оодарышты. Кадимкидей алдан тайып, чарчап калдым. Ошол күнү балээ болгон СИМ-картаны алганыма өзүмдү жеп жаттым. Жанымды коёрго жер таппай тыбырчыладым. Эртерээк эле үйгө кетсем дедим. Ата-энем аркамдан келип, үйгө алып кетишти. Бул күн жашоомдогу эң коркунучтуу күндөрдөн болду. Бирок ошонусу менен чоң сабак алдым. Азыр көчөдөн СИМ-карта жатканын көрүп калсам, өткөндү эстеп ичиркенип кетем.


Самат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
AykaMer
2021-03-08 14:31:20
Да... Болот ушундай окуялар...
+2
Gulina90
2021-03-08 23:39:12
Анан акыры эмне болот өлтүргөн адам кармалыппы
0
Mister-XXX
2021-03-12 06:23:13
Милицияга түшкүлүк кылбасын,эгер жигити менен чыгып кетпегенде сөзсуз күнөөнү мойнуна илмек.Же орус кыздын ордунда кыргыз болсо,башка илинчек табылбаса,күнөөлүү болуп камалып кетмексин.
+1
№ 952, 4-10-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан