КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

“Чын эле эми табамбы? Андан аркысы эмне болот?” деп ойлонуп жиберди Маржан. Байкап көрсө жан дүйнөсү али уулун көрүүгө даяр эместей. Уулун үйдөн кемпир ээрчитип чыкчудай болуп ачылган эшиктен көзүн ала качты. Минтип жатканына өзү да түшүнбөй калды. “Эмне болуп жатасың, көрүүгө даяр болбосоң эмнеге издеп жүрөсүң?”

– Мынакей, балам,- кемпир кичинекей кагаз сунду.

– Рахмат,- Маржан кагазга үңүлдү.

– Аты Батма экен. Өткөндө келгениңде сенин зарыгып турганың жүрөгүмдү ооруткан эле. Дароо эле "Зейнеп дегенди билесиңби?" дедим. Ал жакшы тааныйт экен. Мен кеңири эч нерсе сураган жокмун. Өзү тактап сурасын деп телефон номерин алып калгам.

– Каякта жашайт экен?

– Ошто кызынын колунда турат экен,- кемпир Батмадан Зейнептин дүйнөдөн өтүп кеткенин уккан. Сөздү көбөйткүсү келген жокпу же жер кезип издеп жүргөн аялдын үмүтүнө суу сеппейин дедиби, айтор, ал тууралуу ооз ачкан жок. Маржан кемпир менен коштошуп чыгып кетти.

– Бүгүн Болот келет. Ал келгиче үйгө барайын. Ансыз да же үйгө, же ишке көңүл бурбай калдым,- деген ал үйүн көздөй жөнөдү. Эмне кылсын, жаш кезинде ката кадам шилтеп жатканын түшүнсө, ал жолду эгерим баспайт эле го. Качандыр бир кездеги кылган катасынын запкысын дайым ийининде көтөрүп жүрүүнүн кандай оор экенин мындай тагдырды башынан өткөргөн адам гана жакшы түшүнөр.

ххх

Алмаз менен Байэл кайрадан беттешке даярданмай болушту. Асандын айтымына караганда, мелдеш чукул арада болот.

– Агай, сизге рахмат. Мен башта мынчалык болот деп ойлогон эмесмин,- жигит колуна тийген долларларга ишенбей турду. Мурун аны жеңиш кызыктырса, эми акчасына кызыкты.

– Асандын оюндагыдай жыйынтык көрсөтсөк. Ал акчадан өксүтпөйт.

– Бул канчага созулушу мүмкүн?

– Айта албайм. Булар ушинтип мелдешип бир топко барышат. Бир туруп такыр эле тынчып калышат. Көрөбүз эми канча убакыт болорун.

– Көпкө эле созулса экен. Агай, булардыкынан башка беттештерге да чыксам болобу?

– Болот, албетте. Канча көп беттешсең, ошончо тажрыйбаң өсөт. Бирок татыксыз беттештерге чыгып табыңдан тайып калбашың керек.

– Баарынан ушундай акча алууга мүмкүнбү?

– Жок. Бир сом бербеген деле беттештер болот. Акчага кызыкпа. Көздөгөнүң акча болсо, сен спортчу боло албайсың,- Алмаз минтип айтканы менен, өзү деле акчага кызыгып жүрбөйбү. Акчага кызыкпаса анда эмнеге дайыны жок беттешке мушкер даярдасын? Эх, акча кимди гана кызыктырбайт.

– Мм,- баш ийкеди жигит жер тиктеген абалында.

– Азыр Кудайга шүгүр, акчаң бар. Эми батирге чыгып ал.

– Жатаканада эле тура берсем болбойбу?- деди Байэл кийин батир акысын төлөй албай калбаймынбы деп сарсанаа боло. Чын эле Асандын мелдеши токтосо Байэлде кайдан болсун мындай акча?

– Сага айтайын деп жаттым эле. “Бөлмөнү бошотосуңарбы” деп комендант да чалып жатат. Анын үстүнө ал жактан эркин жүрө албай жатпайсыңбы. Эрте жабылып калат, түндө кире албайсың, каалаган убагыңда чыга албайсың,- Алмазга комендант көптөн бери чалып жүргөн. Улам андан “бир ай тура турсун” деп суранып жаткан. Кайда барат эле, азыр чыгып калса машыгуудан артка тартылат деп айтпай койгон. Бүгүн анын колуна тийген көлөмдүү акчадан пайдаланып айта салды.

– Туура айтасыз, эртең эле табам батир. Кийин да башка салганын көрөрбүз. Ага мындай чечкиндүү сөздү акча сүйлөтүп жатканын жигит даана баамдады. “Акчалуу болсоң бүжүрөбөй калат турбайсыңбы” деп ойлонгон жигит каалагандай басып-туруп, байкуш болбой жашагысы келип кетти. Анан да бир сом төлөбөй канча убакыт бекер жашады жатаканада?.. Жигит бул үчүн рахмат гана айтышы керек. Алмазды Байэлге Кудай өзү жөнөткөндөй. Ал болбосо баягы чөнтөкчүлөр менен табакташ болуп, бир капчык уурдаганына кубанып жүрмөктүр азыр.

ххх

– Алматыдагы иштериң жакшыбы? Бул жакка келсең, чогуу болсок жакшы болот эле. Канча убакытка келдиң же кайра эле кетем дейсиңби?- Маржан минтип айландырып Болоттун кайра качан кетерин билгиси келди. Кемпир берген телефон номерге чалса ал өзү эмес, кызы алды. Апасынын ооруп ооруканада жатканын, азыр телефон менен сүйлөшкөнгө болбосун айткандан бери Маржандын шаштысы кетип калды. Ошко барып ал аял менен жолугуп көрсөм дегенде эки көзү төрт. Чакыруу менен кетип жатам деген шылтоону айтып жөнөп берет эле. Анткен менен жолдошу көп убакыттан бери үйгө эми келип жатса, өзүнүн кетип калганын туура көрбөй эки анжы болуп турду.

– Алматыдагы иштерди бир жолго салып алайын, аз калды. Силерден узак жүргөндөн мен деле тажадым. Баатыр менен өткөнкү долбоор боюнча жолугам. Балким, эртең деле кетип калышым мүмкүн. Мен азыр ошол жакка бара жатам,- Болот шашыла сыртка чыгып кетти.

– Мен канча жашырбайын, биздин өтмүш баары бир бир күнү ачыкка чыгат. Ал күнү сен эмне дээр экенсиң? Эмне болгон күндө дагы сен муну менден угушуң керек. Баатырдын куралы болушубузга жол бербейм,- жолдошун узата карап оор үшкүрө улутунуп алды Маржан. Башка киши калбай калгансып Баатыр менен иш алпарып жатканына кыжырданып кетти. Бир өмүрлүк жек көрүүнү жараткан ашыктык бир учурда болбосо эмне?..

ххх

Дем алыш күнү Байэл машыгууга барбайт. Эс алуу күндөн пайдаланып жаңы батирге көчүп, жайгашып алды. Бардык шарты бар батир экен. Жигит өзүнчө кубанып турду. Ал ушул убакытка чейин дайыма өзүнүн үйү болушун кыялданып келбеди беле. Акысын төлөп убактылуу болсо дагы өзүнө таандык батирде жашап баштаганына эрдемсиди. Телевизор тиктеп жаткан жигит бир нерсени эстегендей саатын карап тура калды. Ал бүгүн Аделя менен жолугушат. Кийимдерин алмаштырып, чачын тарап күзгүнүн маңдайында бир саамга турду. Байэл эч убакта сыртка чыгарда күзгүгө каранчу эмес. Туш келген кийимди жонго салып чыгып кетчү.

– Айбек байке, сиз кете бериңиз.

– Күтпөй эле коёюнбу?

– Мен шашпай барам. Билесиз да, эрте кеткениңизди эч кимге айтпайсыз.

– Дагы эмнени баштадың?

– Сарсанаа болбоңуз, корко турган эч нерсе жок,- Аделя айдоочусун кетирип, Байэл менен жолугууга жөнөдү.

– Уф, ушул кароолчулардан кутулсам болот эле. Качан өзүм менен өзүм жүрүп калам? Көчөгө чыксам куйруктай болуп жанымда бирөө жүрөт,- кыз дайыма айдоочу менен жүргөнү үчүн атасына жини келет. Ал минтип бирөөнүн жетегинде жүргөндү жактырбайт. Эркин басып, каалаган убагында каалаган жерине баргысы келет. Өзүн утурлай басып келе жаткан караанды кыз алыстан эле жазбай тааныды. Көздөрү күлмүңдөп, бетине кызыл жүгүрө түштү.

– Мен кимди көрүп жатам?- кыз тыпылдай басып катуу сагынгандай Байэлдин моюнуна асылды. Жигитке кыздын бул кадамы жага бербей калды, Аделянын бетинен акырын сүйүп койду.

– Убактың кенен элеби? Киного баралы.

– Кайдан, кенен болсо го. Менин ар бир кадамым атамдын көзөмөлүндө. Көп бир тууганым болсо болмок. Аларга алаксып мени мынча карабай калышмак да. Дайыма Айбек байкени жаныма кошуп берип койгонунан тажадым,- кыз капалуу үн катты.

– Ага капа болбо, атаң сени жакшы көрөт. Бир нерсеге учурап калбасын деп сени коргоп жатпайбы.

– Баары эле жүрбөйбү, мен эмне, өзгөчө белем?

– Ооба, сен башкалардан өзгөчөсүң,- кыздын таарынганы да Байэлге жагып жатты.

– А сиз кимдер менен жашайсыз?- бул суроо ага күтүүсүз болду.

– Жалгызмын,- деди жигит саамга унчукпай туруп.

– Атаңыз, апаңыз каякта? Байэлдин өңү өзгөрүп, мукактанып оозуна сөз келбей калды...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 954, 18-24-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан