КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Таңгакты ачып телефонду бир топко тиктеп отурду. Телефон болгон соң СИМ-карта да болуш керек. Багаждагы чөнтөкчөлөрдү оодарып жатып акча кыстарчу ичке чоймолорго байланган 5-6 жаңы СИМ-карта тапты. Кыязы, Сабинанын өлкөдөн кетүү тууралуу ойлору болбогон сыяктуу. Тескерисинче, башка иштерди пландап жүргөнбү? Болбосо бул телефон, СИМ-карталар кайдан анда?

Акыры бир СИМ-картаны салып, телефонду жандырды. Кимге чалат? Эсинде калган номерлери деле жок го. Болгону айылдагы атасынын номерин жатка билет экен. Улам терип, улам өчүрүп отурду ошол номерди. Адегенде өлкөдөн өзүм чыгып кетсем, шашпай атамды алып кетем деген ойлорун таш каап, кыялдары талкаланды. Ал кантти экен? Ансыз да кан басымы жогору эле. Тилек эми өзүнөн-өзү уялып кетти. Канча убакыттан бери ал атасын деле эстебептир... Сабинанын жанында дүйнөнү унутуп, жаңы жашоосу менен эле алпурушуп жүргөн тура. Качан айласы кете түшкөндө, Сабинасы сатып кеткенден кийин гана атасын эстеп отурат... “Ээ Кудайым, атама күч-кубат бере көр” деди ичинен үшкүрүнө. Куураганда Кудайды эстейт деген ушулбу? Жок дегенде үнүн угайынчы... Чалуу кетти атасына.

–Алло? Алло? Сүйлөбөйсүңөрбү? Алло... Угуп жатам дейм. Капырай, унчукпаганы неси... Алло!- атасы бир топко чейин чалып жаткан ким экенин сураштырып туруп, анан бир убакта дымый түштү.

– Тилек,- деди анан үнү калтырап. – Тилек, сенби, балам? Эгер бул сен болсоң менден кам санаба... Башкысы башың аман болсун! Жаманчылыкты аманчылык жеңет дейт... Өзүңдү жакшы кара!

Тилек бакырып ыйлап жибербеш үчүн оозун колу менен басып алып шолоктоп жатты. Ал атасы сүйлөп баштаганда эле өзүн кармай албай калган болчу. Атасы сүйлөп бүтүп телефонун өчүргөн соң үнүнүн барынча кыйкырып-өкүрүп ыйлап баштады. Байкалбаганы менен, ичинде бук толуптур... Дубалды муштап-муштап, өзүн токтото албай бир топко чейин өксүп ыйлап алды.

xxx

– Биз адегенде Россияга кетебиз. Менин автобус айдаган досум бар. "Чек арада автобустун багажниги дээрлик каралбайт" дейт ал. Багажниктин бир бөлүгүн байкалбагыдай кылып фанера менен бөлүп жатат... Биз ошол жакта кетебиз,- Аскар эбактан бери эле бул ишке кам көрүп жүргөн өңдүү. Сабинага баарын тизмектеп айтып жатты.

– Россияга чейинби?- Сабина таң кала сурады.

– Албетте... Ашып кетсе 3 күн.

– А эмне тамак-аш?.. Акыр-аягы дааратканага барышыбыз керек эмеспи?

– Кам санаба, алардын баарын ойлонуштуруп койду. Эми бир аз ыңгайсыздык болушу мүмкүн.

– Уфф...

– Саби, түрмөдө адамдар жаткан бөлмөнүн ичиндеги эле дааратканага барып жылдап-жылдап жашашат. А бул жерде 3 гана күн.

– Мм-даа... Паспортторчу?

– Сарсанаа болбо, Россиянын жараны болуп чыга келебиз. Бат эле бүтчү иш дейт. Башкысы акча гана...

– Качан кетебиз?

– 5-6 күндөн кийин. Азыр бизге орун даярдалып жатат... Адамдар да толуш керек.

Кыз макул болгондой баш ийкеди. Бирок анын ой-чабыты башка жакка кеткенин маңдайындагы Аскар дароо түшүндү.

– Эмнени ойлонуп жатасың?

– Эч нерсе...

– Саби?

– Эч нерсени ойлонгон жокмун!

Аскар унчукпай гана кыздын көздөрүнө өзүнүн курч каректерин кадап туруп алды. Кыз бул ыкмаларды билет. Саша үйрөткөн... Азыр ушинтип кадала тиктеп туруп бир суроо берет. Ага жооп бергениңе жараша, жооп берип жаткандагы кыймыл-аракетиңе жараша тагдыр чечилет...

– Сен аны аттыңбы?- Аскар тиктеген бойдон сурады.

– Ооба. Көрдүңүз го...

– Каякка аттың?

– Башка...- кыз Аскардын көзүнө карап тайсалдабай жооп берди.

– Негизи атпасаң деле тирүү калмак эмес. Ал жерде пилди өлтүрө турган доза бар болчу. Көрдүң го, Саша дароо эле мүрт кетти.

– Саша байке тууралуу ушундай тондо сүйлөшпөй эле койсок кантет? Мейли, Тилек го жакында эле кошулган бирөө. Аны атып таштаганыма деле өкүнгөн жокмун. Бирок Саша байке мени чоңойткон да. Баарын үйрөткөн, камкордугуна алган ошол эмеспи?

– Саби... Сени сүйүү гана сактап калды. Ушуну түшүнүп кой...- Аскар мылжың эте жагымсыз жылмайып тамеки түтөттү. “Сага ашык болбогонумда жанагы өлүп жаткан Саша менен Тилектин жанында сен да болмоксуң” деген эле сөзү болчу бул.

xxx

Кыз кайра жуунуучу бөлмөдө күзгүдөн өзүн-өзү тиктеп турду. Деги ал аман калды бекен? Ушул суроо анын башынан кетпей жатат. Кашайып жанагы Марс дегендин телефону өчүк. Аскарга көрсөтпөй катып жүргөн телефонун ваннанын алдынан алып чыгып күйгүзүп, кайра Марска чалды... Бул жолу чалуу кетти. Деги алса экен? Телефондун кубаты да азайып кетиптир.

– Алло...- кичинекей баланын үнү угулду.

– Аа... Марс барбы? Бул анын телефонубу?

– Билбейм, эже. Муну милициянын машинасынан ыргытып жиберди бир байке... Мен көрүп калып алып койгом. Милицияга алып барып берем.

– Качан ыргытып жиберди?

– Мурдагы күнү... Эртең менен... Мен уурдаган жокмун муну. Байке өзү ыргытып жиберди.

Сабина телефонду өчүрүп эле, ордуна ката калды. Жүрөгүнүн дүкүлдөгөнү бүткүл бөлмөгө жаңырып жаткандай болду. Дүкү-дүк, дүкү-дүк... Бат-баттан согот. Телефонду Марс ыргытпайт болчу... Демек... Тамагы кургап чыкты. Анан кайдадыр шашкан кишидей барып, дароо телевизорду иштетти. Каналдан каналга тынбай которо берди...

– Сага эмне болду?

– Тетигилердин өлүгү табылып калса, бизди милиция таап албайбы? Алар тууралуу жаңылык жок бекен деп карап жатам.

– Кам санаба! Жай бою ал жакка эч ким барбайт. Саша көмүлгөн... А тигиниңдин сөөгүн чөөлөр эбак тытып жеп бүттү. Ал жакта чөө деген толтура...

– Аа... Анда Көлгө барып келүүгө бизге эч ким тоскоол болбойт экен да.

– Көлгө эмнеге барабыз? Биз эч кайда чыкпашыбыз керек бул жактан.

– Аскар байке, Саша байкенин үйүндө 50 миң доллар бар. Биз аны алып кетишибиз керек...

– Бизде акча жетиштүү.

– Анын жарымы жасалма!

– Жок, барбайбыз эч кайда!

– Түндөп барып, түндөп келебиз. Машинадан түшпөйбүз. Жанагы Россияга автобус менен каттаган досуңузга айтыңыз. Мен акча кайда экенин айтам, кирет, алып чыгат, болду. Акча эч убакта ашыкча болбойт... Ал жерде жөн эле жата бергенден көрө пайдасын көрөлү...

– Кайдагы акча ал?

– Баягы иштен калган акча да.

– Ал жерде анча сумма жок болчу...

– Саша байке сиз экөөбүзгө аз сумманы берген. Калганын өзүнө алган. Мен ал акчаны өз көзүм менен көргөм. Ал акчасыз деле кете берсе болот, бирок аны алып алсак кошумча каражат болот да. Алыс жакка кеткени жатсак... Мен ушуну ойлонуп сизге айта албай жаткам. Алып кетишибиз керек го, Аскар байке?..

xxx

Тилек суу ичип эле отура албасын түшүндү. Жер төлөдө эч нерсе жок экен. Акыры түн жамынып сыртка чыкмакчы болду. Ит тапсам да союп жейм деди ал өзүн-өзү шылдыңдап. Шыптагы тешик аркылуу чатырга чыгары менен эле кубанып кетти. Чатырда көгүчкөндөрдүн гурр-гурр эткен добушун угуп тамак катары ит эмес, куш этин жей турганын түшүндү.

Бир топ убараланды. Акыры кармап келген 4 көгүчкөндүн этинен шорпо даяр болду. Тамак ага мынчалык даамдуу сезилген эмес. Шашкалактап жеп жатты. Ойлоп көрсө дээрлик эки күндөн бери суу менен гана жүрүптүр... Заматта эле тоюп калгандай болду. “Уфф” деп жата кетти. Дароо уйкуга тартты...

Көзү илинип баратып капыстан үйдүн эшигин кимдир бирөө ачканын угуп калды. Адегенде чын уктумбу дегендей тыңшап калган, качан гана жер төлөдө туруп, жыгач полдо кимдир бирөө кыйч-кыйч этип басып жүргөнүн эшитери менен тапанчасын шапа-шуп алып, жер төлөнүн эшигин каратып туруп калды. Кимиси келди? Кайдан билишти? Ким? Ким?..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
munarbek.92
2021-03-22 09:21:04
мен биринчи
+2
Afrodita1993
2021-03-22 10:11:45
Ушундайда болобу, жигиттин тагдыры чечилбейле койдуго (ошол подвалда жаткан бойдон) узаааака создунарго зериктирип, кийинки жума келгенче унутумда калып жатам.
+1
№ 954, 18-24-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан