КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Бул суроо менен анын талуу жерине тиерин кайдан билсин кыз? Сүйлөшкөн сайын ушул суроону бербесе экен деп чочулап турчу Байэл.

– Эмне унчукпайсыз?- кыз жигитке карады. Жүзүндөгү чыңалууну көрүп кыз да сумсая түштү. Ата-энем кайда экенин билбейм, таштандымын дейт беле? Калп айтты, оюна биринчи ушул келди.

– Эме... Атам-апам мен кичинекей кезде жол кырсыгынан каза болуптур,- үнү каргылданып кетти. Балдар үйүнөн экенимди укса Аделя мени жанына жакын жолотпойт деп ойлочу. Ошон үчүн ага калп сүйлөдү. Кыздын жанында жигит ичине батпай турду.

– Кечириңизчи, сизди капа кылгым келген эмес. Жөн гана сурагам,- деди кыз ыңгайсыздана. Өзүн жигиттин ордуна коюп көрүп, ичинен аяп турду аны. Экинчи үй-бүлөсү тууралуу сурабайм деди.

– Кайгырба, сен билген жоксуң да,- кыздын колун өзүнө тартып акырын өөп койду.

– Мен кетейин, кеч болуп баратат. Үйдөгүлөр ызы-чуу салып жиберишпесин. Айбек байкени кууруп жиберет атам. Мени катуу уруша албай, болгон күчүн андан чыгарат. Аны эрте эле кетирип салгам.

Экөө коштошуп, жолдун жээгинде турган таксиге кызды салып жиберди. Аделя узап кеткенден кийин бакырып алгысы келди. Айланада ары-бери өтүп жаткан адамдар ага көчөнүн дал ортосунда турганын эске салды. Дароо залды көздөй жөнөдү. Кирип эле төрдөгү рингге чуркады. Залда эч ким жок. Болгон күчүн грушадан чыгарып болушунча соккулап жатып, качан шайы кеткенде бакырып-бакырып алып бурчка шалдырап отуруп калды. Жеңилдей түшкөнүн байкады. Канча аракет кылбасын өткөн мезгилди коё бере албай койду. Мындай суроолор чыга келет, кайра эле өтмүштү казмай. Ананкыбыз кандай болорун эч ким билбеген өңдүү, жана эле кубанычы коюнуна батпай турган Байэлдин күнү суз аяктады.

ххх

Болот менен Маржан эртең мененки дасторкон үстүндө унчукпай отурушат. Маржандын маанайы жок болгондуктанбы же экөө көптөн бери эки жакта жүргөнгө аралары сууй түшкөнбү, айтор, мурдагыдай ар нерсени талкуулап бакылдаша алышпады. Бөлмөдө чымын үнү угулуп турган тынчтыкты Болот бузду.

– Баатыр ишти жакшы бүтүрүп жатыптыр. Купулума толду.

– Мм,- баш ийкемиш этти аял.

– Мен бүгүн түштөн кийин кетем. Кийимдеримди даярдап коёсуңбу?

– Кайра элеби?- ооз учунан айтты. Азыр анын оюнун баары Зейнепти тааныйт деген аялда болчу.

– Иштер бүттү, баарын Баатырга табыштадым. Алматыдагы иштерди карабасам болбойт, баягы мен айткан жигит иштин баарын өздөштүрүп калды. Эми бул жакка келем биротоло. Алматыга эки жумада бир барып көзөмөлдөп эле турам. Азыр жумуштарым бар.

– Макул, азыр баарын даярдап коём. Сен кетип жатканда мен жумушта болуп калам. Жакшы барып кел,- Маржан Болот менен коштошту.

Болот үйдөн чыгып кетери менен Маржан шаша-буша жолдошунун чакан чемоданын даярдап жатып бир нерсени эстегендей бат-баттан басып телефонго жетти. Эрте күндү кеч кылбайын деп Ошко учууга кечкиге билетке буюртма берип койду.

– Эмнеси болсо да көзмө-көз сүйлөшүп келейин. Алда кандай күн болот? Оорусу олуттуу болсочу?- өзүнчө санааркап турду. Чакан сумкасына керек-жарагын салып, жумушка жөнөдү. Жумуштан ары эле аэропортко кетүүнү эп көрдү.

ххх

Аделя сабакта мугалимди карап көңүл бургандай түр көрсөткөнгө аракет кылганы менен, бар ою Байэлде болуп жатты.

– Эмнеге өчүк телефону? Бир нерсеге учурап калдыбы? Уф, деги кайдасың? Дарегин да билбейм. Мага таарындыбы?- кыз өзүнөн күнөө издеп коёт. Улам телефонун күйгүзүп СМСти карап, кайра чалып көрүп жатты.

– Баатырова, сабак маалында эмнеге телефон карап жатасың? Байкасам, аудиторияга киргенден бери ручкаңдын башы бир кыймылдаган жок.

– Эже, жетишпей калдым. Көчүрүп алам,- мындай учур бул кызда мурда-кийин болгон эмес. Ар дайым алдынкы орунда отуруп берилүү менен лекция жазчу кыз бүгүн арт жактан орун алыптыр. Буга мугалими да таң.

Байэл таң эрте тоого чуркоого кеткен. Бүгүнкү машыгууларды тоодо өткөрүү пландалыптыр. Тоодо телефон тартпагандыктан Байэл Аделя менен байланыша албады.

– Бул жакта телефон дагы тартпайт тура. Аделяга кабарымды билдирбей калдым. Тоого кетип жатам деп жазып койсом эмне?..

– Койчу, жүргөндүр бир жерде дейт да. Алагды болбо, кечке чейин жакшы машыгуу өт андан көрө.

– Ал кечке сарсанаа болот.

– Сарсанаа болот дечи,- Алмаз баш чайкап күлүп койду.

Зейнеп апасы дүйнө салгандан бери Байэлге сарсанаа болор бир жан калган эмес. Ал барда ооруп калса дембе-дем тамак берип, дары ичирип айланчыктап жакшы болгончо жанында жүрчү. Анын өлүмүнөн кийин өзүн ааламда жалгыз калгандай жаман сезчү. Көңүл буруу, мээримди самачу. Мени да кимдир бирөө ойлосо, кайда жүргөнүмө кабатыр болуп мени күтсө дечү. Канча жылдык ушул көксөөсү эмнегедир эсине түштү. Бир жылмайып алды. Бар, азыр ага сарсанаа боло турган кишилер бар. Аделя, Алмаз агайы, достору. Дос-таанышы күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Азыркы абалына канааттана Кудайга шүгүр деди ичинен жигит.

ххх

– Болуптур, Боке, жакшы жетип ал.

– Рахмат, жакшы тур. Маселе жаралса байланышасың да.

– Беймарал кете бер. Мен жалгаштырам ишти,- Баатыр бул ишти чоң пайданы көздөп колго алган. Бирок минтип эзелки сүйүүсү болгон кыздын жолдошу менен иштешем деп үч уктаса түшүнө кирген эмес. Анын бул ач көздүгүнөн али да болсо оозу күйбөптүр. Балким, май көл-сүт көл жашоо ага өткөн күндөрдү унуттургандыр. Жылдар мурун дал ушул ач көздүгүнүн курмандыгы болгон. Колуна акча тийген сайын дагы болсо экен деп алкымын керип жатып Маржанга кайтып келе албай, аны андан артык көрө албай калбады беле. Акыркы ирет ага сөз берген, бирок турмуш берген сөзүңдү унуттурууга мажбурлайт. Баарын унутуп, эч нерсе болбогондой жашоону улантууга үйрөтөт. Казак жергесине мыйзамсыз спирт ташыган чоң топто Баатырдын таякеси иштечү. Аны ээрчип жүрүп акчага азгырылып ал дагы бул ишке баш-оту менен кирип кеткен. Акыркы ирет Маржан менен коштошуп кеткенде Тараздан кармалып аткезчиликке шектелип соттолуп кете жаздаганда кайнатасы куткарып чыккан. Өзүнүн топтоп жүргөн акчасы жактоочу жалдаганга араң жетип, такыр сызга отуруп калган. Кийин кайнатасынын колдоосунда баарын кайра нөлдөн баштады.

Баатыр тергөө учурунда деле көрбөгөн күндү көрдү. Тергөөчүлөр аткезчиликтин башында тургандарга илинчек табабыз деп анын кактабай канын сорушту. Бирок ал ишти өз моюнуна алды. Башына пакет кийгизип алып сабап жатканы элестеп ичиркенип кетти. Ал мунун баарын унуткарганы менен, Маржанды көргөндөн бери өткөн күндөрүн казып, шурудай тизмектеп эстечү болду.

Болотту Алматыга узатып жиберген Баатыр бир саамга чылым чегип ойлуу отурду.

– Сен мени көргөндөн бери кандай абалда болдуң экең?- деп Маржанды ойлоду. Сезимдер жашоонун агымына сиңип кеткен менен, жүрөктүн түпкүрүндө катылып калгандай. Кичинеден сезим кылдары термелип жатты.

– Эми кеч, тилимди тишиме катып жашашым керек,- деди Баатыр өзүнө.

ххх

Маржан Ошко жетти. Балдарына чакыруу боюнча тезинен бир бейтапты көргөнү Ошко кеткенин айткан. Баягы телефон номерге чалып ал аялдын жаткан ооруканасынын так дарегин билди. Батманын жакшы болуп калганын угуп кубанды. Дароо оорукананы көздөй жөнөдү. Жүрөгү түпөйүл, бир туруп уулун тапкысы келет, бир туруп тапкандан коркот.

– Баламды тапсам, жүзүн кантип карайм?- деди аял. Бирок унуткарып сала албасын билет. Жылдар бою акылынан чыкпады, эми кантип унута алсын?..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 955, 25-31-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан