Президентти иш учурунда такай коштоп жүрөт. Миссиясы – мамлекет башчынын иш-аракетин видеокадр аркылуу элге жеткирүү. 12 жылдан бери өлкө жетекчисинин расмий, жеке оператору болуп иштеп келе жаткан Улан Сатиев кесибинин элге белгилүү-белгисиз тарабы, кызыктуу окуялары менен бөлүшөт.
КАМЕРАЧАН МЫРЗА...
Толук аты-жөнү – Сатиев Уланбек Алимбаевич
Туулган жылы – 1984-жыл
Туулган жери – Лейлек району, Кулунду айылы
Билими – Жогорку. Кыргыз-Түрк “Манас” университетин аяктаган
Билген тилдери – кыргыз, орус, түрк
Үй-бүлөлүү – 3 баланын атасы
– Улан мырза, көп жылдан бери өлкө президентинин жеке операторусуз. Атамбаев, Жээнбеков, Жапаров... Оператордун көзү менен караганда, кайсы президенттин кандай өзгөчөлүгү болду?
– Кудайдын буйругу менен 10 жылдан ашык убакыттан бери Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий, жеке оператору болуп иштеп келатам. Президенттин ишмердүүлүгүн, ар бир кыймыл-аракетин коомчулукка жеткирүү бир топ чеберчиликти талап кылат, өтө жоопкерчиликтүү иш. Кайсы фондо кандай видеокадр чыгарын туюп, президенттердин баскан-турганынан ийгиликтүү кадрларды кармай билүүгө, сүйлөгөн сөзүнүн орчундуу жерлерин, ыңгайлуу жагдайда видеого тарта билүүгө ар дайым даяр турушуң керек. Оператор гана эмес, бир эле учурда режиссёр да, редактор да болууга туура келет. Кесипкөй оператордун көзү менен караганда, лидердин харизмасы кадрдан эле байкалып турат. Бири сөзгө чечен, ар кандай кырдаалдан сөз таап чыгып кетүүгө жөндөмдүү болсо, башкасы өзүн бардык жерде эркин сезет. Үчүнчүсү камера алдында иштегенди билет, камерага карап кайсы маселени, кайсы сөздү баса белгилеп айтуу керектигин жакшы түшүнөт.
– Президенттердин кимиси менен иштешүү сизге жеңил жана кызыктуу болду?
– Жеңил деп айтпас элем, бул – чоң жоопкерчилик. Кайсы өлкөнүн президенти болбосун, анын сүйлөгөн сөзү, баскан-турганына чейин коомчулуктун көз алдында. Ошондуктан президенттердин эл алдында өзүн алып жүрүүсү, сүйлөгөн сөзү алардын ишмердүүлүгүндө чоң роль ойнойт. Элди өзүнө тартуу, ынандыра сүйлөө чеберчилиги ар бир лидердеги башкы сапат деп ойлойм. Албетте, президенттердин бири-бирине окшобогон өзгөчөлүктөрү бар. Биздин башкы максат – лидерлердин андай артыкчылыктарын кадрга алып, элге анын ишмердүүлүгү боюнча видеоматериалдарды ыкчам жана туура жеткирүү. Мамлекеттик кызматкер катары өзүбүзгө бөлүнгөн милдетти так аткарууга аракет кылам. – Эл аралык иш сапарларда президентти такай коштоп жүрөсүз. Аэропорттогу тосуп алуудан баштап жогорку деңгээлдеги жолугушууларга чейин тартасыз. Ушул процесстин ичинде эмнелер болот?
– Президенттик аппараттын тийиштүү бөлүмдөрү иш сапардын планын даярдап, бизге тааныштырат. Сиз белгилегендей, аэропорттон баштап, иш сапарлар аяктаганга чейинки процесс ар бир мүнөтүнө чейин такталат. Биз ошол программага жараша даярданып, иштейбиз.
Башка өлкөлөрдүн президенттеринин жок дегенде 4 жеке оператору болот. Эл аралык деңгээлдеги чоң иш-чараларда алар менен атаандашып, камера койгон жерден бери талашып тең жарыша иштөөгө туура келет. Көбүнчө иш-чаралар чоң залдарда өткөндүктөн, камеранын объективин ар бир залга ылайыктап алмаштырууга туура келет. Үн жаздыруудан тартып, президенттин ар бир кыймыл-аракетин, сүйлөгөн сөзүн үзгүлтүккө учуратпай тартышың керек. Мисалы, эки президенттин жолугушуусу өтчү залга президенттин артынан кирсең да экөөнүн учурашуу учурун тартууга жетишүүң шарт. Мурда видеону шашпай монтаждачубуз, азыр технология заманында маалыматты ыкчам берүү талабына жооп берүү керек, кайсы жерде болсоң да. Кээде унаада баратып же иш-чара өтүп жаткан залда видеоматериал монтаждап телеканалдарга беребиз.
– Кандай кызыктуу окуялар болот?
– Кызыктуу окуялар көп эле болот. Бир жолу Орусиянын президенти Владимир Путин расмий жолугушуу бүткөндөн кийин өзүнүн жан сакчылары аркылуу бизди чакырып калды. Барсак, жолугушуу учурунда арткы фон кандай болгонун сурады. Фон боюнча маселе жок экенин айтсам, далымдан таптап, рахматын айтты. Бир ирет Японияга барганда биздин президент менен император Акихитонун жолугушуусун тартууга 90 секунд гана убакыт берилди. Япониянын протоколдук кызматкерлери берилген мүнөттүн канча секунду калганын бат-баттан эскертип турган тактыгы таң калтырды. Соңунда жолугушууну ашык-кеми жок 90 секунд тарттык. Мындай тактык башка жерлерде жокко эсе.
– Президенттин кабыл алуусуна чиновниктер кантип кирип, кантип чыгышат? Сүрдөп, сөзүн таппай жаңылып же корккону жүзүнөн билинип турган учурлар болобу?
– Албетте, бул табигый көрүнүш. Президент – бул мамлекет башчысы, сүрү бар. Президентке жолугушууга келген жетекчиби же жөнөкөй жаранбы, сөзсүз сүрдөйт. Камерадан көрүнүп турат, толкунданышат. Айрымдар бөлмө салкын болсо да тердеп-тепчип, айтайын деген оюн жоготуп коюшат. – Президенттер сизге комплимент, ыраазычылык айткан учур болобу? Болсо эмне деп айтышат?
– Ооба, эл аралык иш сапарлардан кийин же мөөнөтү бүтүп кызматтан кетип жатканда кабыл алып, ыраазычылык билдирген учур көп эле болду. Жасаган ишиңе алкоо айтса, жумушка кызыгууң артып, сүйүнүп каласың.
– Оператор үчүн эң зарыл 3 сапат кайсы деп ойлойсуз?
– Ыкчамдык, зиректик жана сезгичтик. Ой жүгүртүүң, дүйнө таанымың дагы кенен болушу керек.
– Башка операторлордукунан сиздин жумуштун айырмасы эмнеде? Балким, “дубль 2” деген нерсенин жоктугу...
– Ооба. Мисалы, президент бир объектти кыдырып жүрөт дейли. Бир маалда токтоп, күтүүсүз бирөө менен сүйлөшүп калат, маанилүү сөздөрдү айтышы мүмкүн. Андайда президентке “сөзүңдү кайра кайталап койчу” дей албайсың да. Камераң да, өзүң да даяр турушуң керек.
– Жумуштун талабы боюнча президенттин операторуна эмне кылууга таптакыр болбойт?
– Маанилүү маселе каралган мамлекеттик жана эл аралык жыйындарга катышкандыктан, ал жерде мен тарткан видеоматериалдардын купуялуулугу үчүн жооп берем. Физикалык жактан күчтүү, моралдык жактан туруктуу болушуң керек. Той-аштарга, жамандык-жакшылыктарга, туугандык катыштарга деп жумуштан суранып кетүү деген болбойт. Эсимде, мен үйлөнгөндө гана 3 күнгө сурангам, башка сурана элекмин.
– Чакан мамлекетте абал кандай?
– Келинчегимдин аты Салия, кесиби дарыгер. 2009-жылы баш кошконбуз. Менин турмуштагы жана жумуштагы жетишкендиктеримдин башкы колдоочусу жана себепкери. Турмуштун ысык-суугун чогуу тартып келатабыз. Учурда эки кыз, бир уулду тарбиялап жатабыз.
– Канча өлкөгө баргансыз?
– Жумушумдун артынан дүйнөнүн 40тан ашуун өлкөсүндө болдум. Азия, Европа, Араб өлкөлөрүндө болдум. Мага эң жакшы таасир калтырган жайлардын бири – Париждеги Лувр музейи. Көз жоосун алган дүйнөлүк шедевр сүрөттөрдү жакындан көрүп, видеого тартканым. Ошондой эле Санкт-Петербургдагы Эрмитаж жагымдуу таасир калтырган.
Автандил Добулбеков