КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Чуулдап бир топко чейин келди. Акыры бул кызыл шайтанга жетпесин түшүндү окшойт, демиккен немедей сиреналарын эки-үч жолу катуу чуулдатып токтоду. Алдыдагы постторго кабарлагандагысы го...

ххх

Капкайдагы чыйпылдаган бир аппараттардын үнү анын мээсин тешкилеп жаткандай эле туюлду. Уйку-соонун арасында өзүнө келе албай жатты. Анан тээ бир топто барып түшүндү... Оорукана тура. Кан тамырына тамчылатма дары туташып, мурдунда дем алдыруучу аппарат кийгизилиптир.

– О-го! Турдуңбу?- маңдайына үрүл-бүрүл көрүнгөн бирөө келип сурады.

– Ээй, Ма-арс! Э-эй... Тааныдыңбы, мен Мирбек... Марс, шеф сен ойгонор менен чакыр деген! Ырас ойгонбодуңбу.

Марс чынында эмне болуп жатканын деле түшүнө албай турду. Бирок азыр шефин көргүсү келген жок. Андыктан бар күчүн жумшап башын чайкады.

– Чакырбай эле турайынбы? Аа... Сүйлөгөнгө алың жок окшойт. Кан көп кетип калды да. Мейли, өзүңө жакшылап келип ал. Ал шүмшүккө айтканга да шылтоо табабыз. Энеңдурайын, келип бир сыйра ашата сөгүп кетти. Кыйын болгонду эле билет. Кыйын экен өзү кармабайбы Тилекти. Туурабы?!

Марстын шайы оой түштү. Көздөрү жумулуп, аргасыз уйкуга кетти. Каректерин айлантып айланасын караганга, анан баш чайкаганга гана жетти алы. Мындай абал канчага чейин уланар экен?

ххх

“Кыйын экенсиң, өзүң кармабайсыңбы” деп жатасыңар го, ээ?! Жатып ичер акмактар! Кармайм өзүм. Колуңардан бок келбейт экен!- Бакыт жиндене столду бир муштап ордунан тура калды. Канча убакыт өтүп кетти, Тилек куйругун карматпай жүрөт. Каза болгон досу Ороздун аялы бир аз убакыт мурун кабинетине келип, ызы-чуу салып кеткен. Ошого азыр итатайы тутулуп, жинин кол алдындагылардан чыгарып жатат.

– Шеф... Кечээ Көл тараптан шектүү Мерседести көрүшүптүр,- Бакыттын көзүн карагандан айбыккандай үн катты жапалдаш бойлуу опер.

– Ии, отура бер! Бүрсүгүнү кечинде айтпайт белең биротоло. Не оозуңду ачып отурасың? Кайда кетти? Кайда келди? Кайдан көрүшүптүр? Такта бат-баттан!

– Бишкекти карай келди...

– Анан?

– Анан... Көлдө бир үй өрттөнүп, ал жерден башына атып өлтүрүлгөн бир адамдын сөөгү табылыптыр. Менимче, бул жакта...

– Ким экен өлгөн?

– Таанууга мүмкүнчүлүк болбой жатат дешти. Өрттөп жиберишиптир. Баш сөөгүндөгү тешиктен улам атылган окшойт деп кабарлашты...

– Мен айттым беле?! Көлдө жүрүшөт. Тинткиле дебедим беле! Шалбыраган энеңдурайындар!

– Эми өрттөлгөн кишинин Тилекке байланышы барбы-жокпу али белгисиз да...

– “Байбы-докпу” деп отура бер! Ошол да... Ошол экени даана эле билинип турбайбы?! Ошол болбосо дагы ошонуку деп кылмыш кошо бергенге мээң жетпейби?! Же анткенди унутуп калдың беле?! Энеңдурайын, карап тургула! Эки күндө кармап алдыңарга алып келем! Жөн койсо жүдөйсүңөр эле жүдөйсүңөр! Чыккыла тур!

ххх

– Кана, кайсы жерге көмдү эле?- узунунан кеткен сарайдын дал ортосунда туруп сурады Тилек.

– Тетиги бурчта...- кыз кабагы салыңкы гана үн катты.

– Бас!

Бекжан менен Сабинаны алдына салып басып келди.

– Каз!

Бекжан буйрукка баш ийе колундагы күрөк менен Сабина колу менен көрсөткөн жерди казып баштады.

– Жөн эле койсок кантет?- Сабина коркуп жаткандай.

– Аны адамча көмүшүбүз керек. Сен экөөбүзгө кылган жакшылыгы үчүн деле башка жерге жакшынакай жуунтуп көмгөнгө милдеттүүбүз...

– Мен аны бул акыбалда көргүм келбей жатат... Мен анын алдында күнөөлүүмүн. Аны кантип карайм?

– Ары карап туруп ал. Же көзүңдү жум...

– Уф...- кыз дубалга жөлөнө көзүн жумуп отуруп калды. Бекжандын күшүлдөп-бышылдап иштеп жатканы угулуп турду.

– Канча тереңдикте жатат?

– Ашып кетсе 50-70 сантиметр эле казылган болчу...

– 1 метрден ашып баратат тереңдиги...

– Кандайча?- кыз ордунан тура калып карады. Чын эле Бекжан белинен келген тереңдикте туруптур.

– Сен орунду алмаштырып алган жоксуңбу? Чын эле ушул жер беле?

– Ооба... Ушул жерде эле болуш керек. Бирок мындай терең эмес... Тайыз эле казылган көрү.

– Анда сөөк кана?- Тилек эмнегедир белине кыстарылган тапанчасын чыгарып сурады.

– Мен... Билбейм... Ушул жерде эле болчу...

– Дагы эмнени жашырып жатасың, Сабина! Азыр бардыгын ачык айтпасаң ушул жерге сени көмүп кетем!

– Дос... Бул жер казылган экен чынында. Жер жумшак болуп жатпайбы. Жана жарым метрден кийин гана жердин катуулугу сезилди,- Бекжан да сөзгө аралашты.

– Сөөк кана анда? Сен баарын билесиң... Айт деп жатам,- Тилектин колдору калтырап кыз тарапка тапанча каратты. – Айт!

– Билбейм. Ушул жерге көмгөнбүз...- кыздын алайган көздөрүнөн Тилек жалганды көргөн жок. Сашанын сөөгүнүн жок болуп кеткени кызды кадимкидей эле дендароо кылып салганы даана байкалып турду.

– Сенин “казбай эле коёлу” деп жатканың башкача болчу... Сашаны бул жерге көмгөн эмессиңер! Сен жашырып жатасың...

– Жок!

Тилек эмне кыларын билбей калды. Ушул жерден Сашанын сөөгү чыкса аны адамча көмүп коюуну ойлогон. Бир чети Сабинанын айткандарын текшерүү үчүн да сөөктү казып алууну чечкен. Эми анын алдында дагы бир табышмак жандырмаксыз пайда болду. Кыз калп айтып жатабы? Саша өлгөн эмеспи? Акыркы жолу ууланып жыгылганда ал жерде сулап жаткан кимди көрдү эле? Саша беле? Аскар беле? Эгер ушул жерге көмгөнү чын болсо анда сөөк кана?

– Дос, бул жерге адам көмүлгөн экен чынында... Биринчиден, топуракта жыт да калыптыр. Экинчиден, кан аралашкан топурактарды да көрдүм казып жатканда. Болгону сөөктү башка бирөө казып алып кеткен өңдүү...

– Орус чалдын сөөгү кимге керек? Менттер келгенби? Давай, чыктык! Бул жакты менттер бир сыйра шимшип кетишкен окшойт.

Үчөө шашкалактап калышты.

ххх

Оорукананын алдына токтогон таксиден дарыгердин формасын кийген, медициналык маскачан кыз түшүп, тыпылдаган жүрүш менен 2-кабатка карай жөнөдү. Биринчи кабатта сканворд толтуруп отурган картаң кароолчу анын жанынан өтүп кеткен кызды тааный албай туруп калды. Бул жердеги бардык дарыгерлерди тааный турган... Мейли, маска тагынса деле басканынан, сүйлөгөндөрүнөн билет. Бул чоочун кыз ким? Жумушка жаңы кирген неме го деп ойлоду.

Кыз болсо ишенимдүү басыгы менен экинчи кабатка көтөрүлдү да, түз эле эки милиция кызматкери жаткан палатаны карай жөнөдү. Бул учурда Мирбек гезит тиктеп отурган. Эшиктен кирип келген дарыгер айымды бир карап койду да, кайра эле гезитке үңүлдү. Марска минтип күнүгө 10 жолу кирип, 10 жолу чыгышат. Анын кан басымын, дем алганын текшеришет. Бирок бул жолу дарыгер айым эмнегедир алаканы менен Марстын чекесин сылап, анан жакын келип дем алганын тыңшаганы башкача болду. Мирбек көз кыйыгынан карап өзүнчө таңданып койду. Дарыгер болсо бир да сөз сүйлөбөстөн кайра сыртка чыгып кетти. Мирбек гезитин коюп, эмнегедир бул дарыгер башкачараак экен деп ойлонгуча эле Марстын керебетинде кнопкалуу Нокиа жатканын көрүп калды. Тиги дарыгер айым унутуп таштап кеттиби? Артынан чыгып берип коймокчу болуп, телефонду көтөрө жөнөгөндө эле Нокиа титиреп чалуу келгенин билдирди.

Белгисиз номер экен. Мирбек шашкалактап ээси унутуп койгонун айтмакчы болгон, бирок телефондон өзүнүн атын угуп селейип туруп калды.

– Мирбек... Көп акчалуу болгуң келеби? Тилек тууралуу “любой” маалыматты сатып алууга даярмын. Маалымат сатам десең картаңдын номерин айт. Акча алдын ала которулат,- деди кыздын үнү...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Mariyam.70
2021-04-12 09:24:13
Качан бутот.
0
Kari
2021-04-12 09:42:21
Ошондо Тилек тууралуу маалыматты сурап ким звандап жатат,Тилек озубу?
+2
Mariyam.70
2021-04-12 09:55:44
Kari, тилек озу эле сурап жататго деп ойлоп жатам.
+2
№ 957, 8-14-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан