КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Бул ким?- Мирбек коркуп кетти.

– Мен ким экенимди ментке айтпайм да. Анын үстүнө маалымат үчүн акчаны сен эмес, мен сунуштап жатам.

– Мен Тилек тууралуу эч нерсе билбейм.

– Ал кайда? Тирүүбү?

– ...

– Түшүндүм, картаңдын номерин айт...

– Мага эмес, аялымдыкына которгула... 5 мүнөттөн кийин чалсаңар. Мен тактай калайын,- Мирбек шашып калды. Телефондун ар жагындагы кыз үн-сөзсүз чалууну токтотуп койду. “Кайра чалабы?” сарсанаа болду өзүнчө. Бирок эмнеси болсо да деп аялына чалып, банк картасынын номерин алды.

Аз өтпөй кайра чалуу келди. Бул ирет кыз картанын номурларын угуп, саамга унчукпай турду да: “Акча которулду. Эми айт. Ал тирүүбү?”,- деп сурады.

– Тирүү...

– Силерге Тилек кол салдыбы, же чал менен тиги кыз кол салдыбы?

– Тилек. Биз аны кармаганбыз. Келе жатканда чоң суммадагы акча тууралуу айтып азгырды... Анан Марс байкени атып...

– Каякка кетти?

– Билбейм. Шаар тарапка эле кетти. Шеф Көлгө кетти деп божомолдоп жаткан.

– А Марс ойгоно элекпи?

– Жок.

– Телефонду эч кимге көрсөтпө. Марс ойгонсо чалам. Байланышта болобуз,- кыз кайрадан коюп салды.

“Болдубу? Ушуну эле сурайт белең? Ушу арзыбаган маалыматка да акча бересиңби?” Мирбек таң кала телефонду тиктеп отуруп калды. Анан шашкалактай аялына чалды.

– Акча түштүбү?

– Ооба. 500 доллар түштү го. Бул кайдан?

– Мындай эле. Бир иш бар болчу, ошону бүтүрдүм,- деп койду өзүнө корстон боло. Бирок ушул маалыматка эле ушунча көп төлөшкөнү аны таң калтырып жатты.

ххх

Бекжан үйүнө боз ала болуп келди. Жөө кеткен болчу. Эми үйүнө кайдан-жайдан Нексия айдап келиптир.

– Сен кайдан? Бул эмне болгон машине?

– Сатып алдым...

– Кайда жүрдүң? Өңүң башкача болуп калыптыр. Тынччылыкпы?

– Ыя? Тынччылык эле...

Калп айтты. Анын боз ала болуп, көзү алактап калпты айтып жатканын аялы сезди. Бирок унчуккан жок. Акыры айтат. Башында калп эле ушинте берет. Акыры бугу толгондо келип баарын айтып берет. Аялы андайын далай көргөн. Кашын болор-болбос көтөрүп, “мейли” дегендей унчукпай койду.

Бекжан болсо ичинен уйгу-туйгу болуп жатты. Жаңы эле Сабина менен Тилекти Сокулуктагы дачасына алып барып жайгаштырган. Эми аз күндө кичүү уулун алып, аларга барыш керек. Тигил экөөнү Орусияга алып барып эле өткөрүп жиберсе... Оңбогондой акча менен кайтмак. Бирок уулун ала кетем десе, аялы эмне дейт болду экен.

– Эмне эле ары-бери басып жүрөсүң?

– Кирем азыр. Тамак даярдай бер андан көрө... Айдар каякта?

– Уктап жатат.

– Айдар мени менен Россияга кетет жакында...

– Апей, окуусучу?

– Бир жума калса эч нерсе болбойт!

ххх

Сабина уктаганга аракет кылганы менен, анысынан майнап чыкпады. Бул үйгө жайгашкандан бери Тилек ага бир да сөз сүйлөй элек. Өзүнчө бир бөлмөгө кирип, эшигин бекитип алды. Ишенбей жатат го, сыягы? Ишенбесе анда өлтүрүп салбайбы?! Кыз өзүнчө жинденип алды. Ал чынында эле Сашанын өлүгү кайда жоголгонун билбейт. Бирок даана эсинде, Аскар аны ошол жерге көмгөн. Анан кайда? Ким алып кетти? Же тирүү бойдон эле көмүп салышты беле? Балким, ал дагы Тилектей болуп бир убакта эсине келгендир... Көрү деги тайыз болчу. Чыгып кеткендир, балким... Тирүүбү? Болушу мүмкүн эмес! Балким, милиция келип казып алгандыр?..

Башы чыңалып ооруп чыкты. Жадакалса эшиктин тыкылдаганы да мээсине сокку болду. Жинденип кетти.

– Эмне?

– Чык сүйлөшөлү...

Ордунан туруп барып эшикти ачты. Тилек сыртка чыгып баратат. Аны ээрчиди.

– Акча толук экен. Аскар экөөң коротууга деле жетишпепсиңер.

– Экөөң деп айтпа... Менде арга жок болчу деп түшүндүрдүм го. Мен анткорлонуп анын жанында жүрбөгөнүмдө баарыбыз өлмөкпүз...

– Сөздү көбөйтпө. Мага Марс менен Айканы аңдып жүргөн адамдар тууралуу айт.

– Мен аларды тааныбайм. Андай иштерди Саша байке өзү билип эле кылчу... Марстын, Айканын номерлерин ошол киши аркылуу алганын билем. Алар эмне иш кылып жатышат, аларга кимдер келип жатат. Ошолорду билиш үчүн гана аңдыткан, менимче...

– Мага ал кызык эмес. Ким ошол адам? Ал акча тууралуу билчү беле?

– Ким экенин билбейм... Сөөктү милиция казып кеткен болсочу?

– Сөөктү милиция алып кеттиби, башкасыбы, маанилүү эмес. Акча тууралуу Сашанын аңдыткан адамдары билген болсо, алар жөн калышпайт. Акыры табышат... Эгер ал адамдарды таанысаң айтып кой. Болбосо алар акча үчүн экөөбүздү өлтүрүп, өрттөп жибербейт деген кепилдик жок.

– Мен аларды тааныбайм. Андай иштерге аралаштырчу эмес дебедимби? Экөөбүздү азыр Бекжан деле сатып коюшу мүмкүн да. Барып милицияга кабарласа эле...

– Сата турган адам эмес. Ага акча керек экен. Аскарга ишенип автобусун жанагынча жасап чыккан киши сатпайт. Кичине чыдап койсом акчалуу болом деп турат. Милицияга кабарласа эч нерсеси жок каларын билет... Ал сатпайт.

ххх

– Жолдош начальник, Көлдө өрттөлгөн үй Александр Демидовго таандык экен. А ал жерде табылган сөөк таанылбай жатат...

– Өрттөлгөн машиначы, кимдики экен?- Бакыт кабак чыта сурады.

– Ал уурдалган экен. Ошол уурдалган түнү эле ээси арыз бериптир...

– Уурдалган унаа, ичиндеги өлүгү менен Александр Демидовдун үйүнөн табылса, демек, Сашка Демидов жөн киши эмес окшойт да?

– Мурда соттолгон экен. Бирок тынч эле жашап жүргөн адам болчу дешти...

– Хе, тынч жашап жүргөн адамдын үйүндө эки машина баткыдай подвал болбойт... Сен мага андан көрө Александр Демидовду алып келчи, сүйлөшөлү?

– Ал жакында эле каза болуп калыптыр.

– Жакындары бар бекен?

– Уулу бар экен. Анын аты да Александр Демидов...

– Сүйлөшүп көрдүңөрбү?

– Ооба. Автослесарь экен. “Атам ооруп каза тапты” дейт. "Дордой" тараптагы мүрзөгө коюптур...

– Өзү өлүп, анан аз өтпөй үйү өрттөлүп жатса. Чын эле ооруптурбу же?

– Рактан экен. Моргдун, оорукананын кагаздарын көрсөттү...

– Баласы автослесарь дечи...

– Ооба... Атасы Көлдө жанагы үйдө турчу дейт. Ажырашып кетишкенден кийин баласы апасы менен Бишкекке келе бериптир. “Көп деле катташчу эмеспиз. Ооруп калганда гана катташтык. Менин колумда, менин үйүмдө өлдү” деди...

– А тиги Марстар айткан сарайды аңтардыңарбы?

– Жарытылуу эч нерсе табылган жок. Бош бөтөлкөлөр бир гильза гана табылды...

– Жанагы Саша Демидов кичүүсүн алып келчи! Өзүм сүйлөшүп көрөйүн...

– Аны менен сүйлөшүш бир аз кыйыныраак экен, шеф.

– Эмнеге?

– Аябай кекечтенет экен. Бир сөздү эле жарым саат айтат. Акыл-эси да кичине жетишпегендей...

– Мдаа... Неси болсо да сүйлөшүп көрүшүм керек. Эртең алып кел. А тиги Тилек тууралуу эмне бар?

– Азырынча эч нерсе. Кызыл түстөгү Мерседес изделип жатат. Бирок ал Көлдөн чыкканы менен, Бишкекке келбеген сыяктуу. Жолдон унаа алмаштырышкан окшойт.

ххх

Бакыт бул адам менен маңдай-тескей отуруп калганына арданып жатты. Бирок арга жок. Бир билсе баарын ушул билет. Өлөйүн деп калган орус зек. Денесинин баары сүрөт. Жадакалса манжаларына чейин...

– Александр Демидов деген ат сага бир нерсени айтып турабы?

– Сашка? Менин досум болгон...

– Анда кайрат кыл. Оо дүйнөгө кетиптир. Анын Көлдөгү үйү өрттөлүп, ичинен белгисиз адам табылды. Сашка досуң “воляда” эмне кылчу эле?

– Карагат өстүрчү, капуста өстүрчү... Начальник, сен эмнени сурап жатасың? Мени кара өз алдымча баса албайм. Сашаны көрбөгөнүмө 7-8 жыл болгон.

– Сашка досуңдун балдары бар беле?

– Бир уулу болсо керек. Анан бир кыргыз аял төрөп берген кызы бар болчу... Бирок, менимче, кыз балдар үйүндө чоңойду окшойт. Саша өзү эле жашачу. Уулу биринчи аялында болчу...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Miraida-toktosunova
2021-04-19 09:23:19
Ошондо сабина Сашанын кызы болуп чыгат окшойт
+5
Nurtoruk
2021-04-19 16:32:45
Сабина Сашанын кызы экен да
+2
№ 958, 15-21-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан