КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Алдырбайбыз го,- шыпылдаган орто бойлуу киши ордунан туруп кайдадыр жөнөп кетти.

Зал ичи күрү-күү түшүп Байэлди колдоп жатышты. Ал адаттагыдай эле беттештин соңун күтпөстөн атаандашын техникалык нокаут менен утту. Агайына бул жеңиш анча деле мааниге ээ эмес болгону менен, Байэл үчүн ар бир жеңиши маанилүү. Ал өзүнө ишенген, жеңишинен күмөн санаган эмес. Залдагы элдин колдоосу да аны бийикке көкөлөтүп жатты. Жаңы эле чыгып жаткан мушкердин мындай кызыктуу беттеш көрсөтүп, элдин көзүнө урунганынын өзү чоң жетишкендик.

– Азаматсың, мени таң калтырдың. Сени Казакстанга алып барсам болмок экен. Дароо эле кийинки турнирге чакырышты,- деди Алмаз Байэлден мындай деңгээлде беттеш күтпөгөнүн жашыра албай.

– Оо, куттуктайбыз, мыкты экениңди көрсөттүң. Бир топ тажрыйбалуу болуп калыптырсың,- залда чогуу машыккан балдар келип куттуктап калышты.

Күтүлбөгөн жерден Байэл менен болгон беттеш мыкты деп табылып, акчалай сыйлык алды. Жигиттин кубанычында чек жок.

– Жолубуз шар болду, бул жагың да ийгиликтүү башталды. Мына ушунун баары аракетиңдин натыйжасы.

– Сизге рахмат, агай.

Жеңиштин урматына чогуу отуруп тамактанып тарап кетишти.

Байэл үйгө барары менен Аделяга телефон чалды.

– Алло,- кыз дароо телефонду көтөрдү.

– Уктай элексиңби?

– Сизди күтүп жаткам. Кана, мага кандай жаңылыгыңыз бар?

– Жакшы гана жаңылыкты бөлүшөм го дейм.

– Мм, анда куттуктай берейин жеңиш менен.

– Жеңиш эле эмес, мыкты беттеш көрсөткөнүм үчүн да сыйландым.

– Оо, кептин баары мында жаткан турбайбы. Мен барып көрсөм болмок.

– Сени үйдөгүлөр баары бир жибербейт да.

– Бир эбин тапмакмын.

– Кийинкиде көрөбүз. Экөө бир далайга сүйлөшүп жатып укташты.

ххх

Маржан түнү бою көз ирмеген жок. Оюнун түбүнө жетчүдөй эмес. Таң атары менен Алмазга барып сурасам дейт, кайра чочулайт. Кыргызда эл эмне дейт деген кеп буттан тушайт эмеспи. Акыры эл эмне дейтке жеңилип берди Маржан. Кайрадан кадимки күнүмдүк тиричиликке киришти.

– Маржан, бир жериң ооруп жатабы, көздөрүң кантет?

– Жок, жакшы эле. Чарчаганга болсо керек. Документтерди текшерип бүтүрүп салайын деп түн бир оокумга чейин отурдум.

– Ден соолугуңа кара, иш бүтөт. Бүтүр деп бирөө шаштырып жатты беле? Өзүбүздө кала турган эле кагаздар го.

– Макул, мен кеттим. Зерикпей жакшы тур,- Маржан жумушун көздөй жөнөдү. “Иштебей эле бизнестерибизди көзөмөлдөп жүрө берчи. Таңда барып, кечте келиштин зарылчылыгы барбы?” деп жолдошу көп жолу айтты. Чынында, иштеп акча табууга муктаждык деле жок. Болгону жумушун жакшы көрөт. Жумушка барбай калса өзүн дем ала албай, тумчугуп жаткандай сезет. Акыры жумушуна болгон сүйүүсү күч экенин түшүнүп Болот да жайына койгон.

Ооруканага келип адаттагыдай бейтаптарга эртең мененки текшерүүнү жүргүзүп жаткан. Жашы 20дан ашып калган жигитти карап жатып уулун эстеди. Ушундай эр-азамат болсоң керек деди ичинен. Жүрөгүндөгү түпөйүлдүккө жылдар бою көнүп деле бүткөндөй. Дайынын билген менен, барууга батына албай жатат. Суроолору, коркунучу көп...

ххх

– Ассалом алейкум, Алмаз аке?

– Алейкум салам. Тынччылыкпы, чалчу эмес элең.

– Жай эле. Кечээки беттешке чыккан жигит тууралуу кеңири маалымат керек.

– Маалыматты бергем кечээ.

– Ал жетпейт. Туулган жылы, аты-жөнү да маалымат болчу беле? Каяктын кулуну, кандай бүлөнүн баласы? Буга чейин каякта эмне иш кылган дегендей?

“Сен тууралуу эч кимге кенен айтпайм” деген Байэлге берген сөзүн эстеди. Бирок Руслан өзү чалып сурап жатса Алмаз кантип айтпай коё алат? Анын үстүнө биринчи жолу беттешке чыкса. Бир заматта Байэлдин таржымалы шыпылдаган мырзанын колуна тийди. Чоң ишти бүтүргөнсүп дердеңдеп кирип барды.

– И-и, эмне кеп?

– Сен айткан кечээки жигитти сураштырдым. Ал балдар үйүнөн чыккан жигит экен,- Байэл тууралуу укканын төкпөй-чачпай ортого салды.

– Жакшы экен. Колго алыш керек.

– Андан көрө баягы балдарды эле тобу менен албайлыбы? Баары жакшы кызмат кылып беришет.

– Аларың ишенимдүү эмес. Шеф жактырбай койду. Куйруктары бар экен аларыңдын. Эртең залакасы тиет. Дал ушундай балдар керек. Бат эле мал болуп кетет. Үйрөткөнгө да жакшы. Анын үстүнө булар кастык кылбайт. Айтканыңды лям дебей аткарып жүрө беришет. Тиги Нурбек бар го.

– И-и.

– Өзү дагы, жигиттери да балдар үйүнөн чыккан. Шеф аны өзү алган.

– Ээ, мына сага балмуздак. Буга чейин билбей эмне кылып жүрдүм? Аныңдын таманы жер баспайт го.

– Бизде жүрүп байыды. Ишенимге кирип көтөрүлдү дегендей. Аны көрбөйсүңбү, тапшырманы кынтыксыз аткарат. Аркасында бир из калбайт. Ушуга чейин бир маселе жарата элек.

– Да-а. Бул жигитке жолугалы.

– Тиги машыктыруучусу жок жерден сүйлөшүш керек. Аны бутка чалындырбай.

– Залын билебиз да анын. Ошол жактан учуратсак болот тиги жигитти.

ххх

– Тигине чыкты.

– Каякка барат экен акмалап көрөлүчү.

– Бул жакта жашайт окшойт, кебетеси,- экөө Байэлдин аркасынан жүрүп отурушту.

– Аты ким эле?

– Байэл.

– Салам алейкум, Байэлчик! Кел, отур, машинага. Сени менен сүйлөшчү сөздөр бар.

– Сиз кимсиз?

– Ким экенибизди эмне кыласың? Түшө бер да,- деди жанында чылымды терезеден сыртты көздөй үйлөп.

– Тём, акырын, ырылдабай, чочутасың жаш жигитти.

Байэл “булар кимдер болуп кетти?” деп ичинен ойлоно унаанын арткы эшигин ачып орун алды. Машина жээкке жылып токтоп, толмочунан келген киши кеп баштады.

– Жигит, кечээги беттеш мыкты болду. Азаматсың. Биринчи беттешиң эмес экен. Буга чейин чыгып жүрчү турбайсыңбы.

– Мындай эле беттештерге чыккам. Эмне боюнча келдиңиз эле?

– Шашпа, Байэлчик. Кыскасы, сен кечээги эрдигиң менен бизге жагып калдың. Бизге иштеп бер, өз “доляңды” аласың.

– Кандай жумушта?

– Аны шашпай түшүнөсүң. Сен деле, биз деле акча деп жүрөбүз. Сеники майда-чүйдө, биздики көлөмдүү. Ошол эле айырмасы.

– Көп акчалуу болууну кыялдандың беле? Мына биз кыялыңды орундатканы келдик,- деп коштоду жанындагысы. Байэл унчукпай угуп отурду. Ичинен өзүнчө бушайман.

– Акчаң болсо эркинсиң. Каалагандай жашоого жетесиң. Ойлонсоң, азыр өзүңдү кандай сезесиң? Сага дайыма бир нерсе жетишпей турат. Батир төлөйм дейсиң, бирөөлөрдүн алдында басынасың дегендей. Тиги сүйгөн кызыңа деле акчаң маанилүү. Болбосо бир күнү башка бир акчалууну ээрчип баса берет. Ойлон, биздин жумуш андай деле оор эмес. Беттештериң калбайт, коркпо, каалагандай беттешесиң. Сага ал жактан дайыма жолдор ачык. Бир сөз менен каалаган турнириңе чыгарып коёбуз. Эми, UFC`ге эмес, албетте.

– Ойлонуп көрөйүн,- деди Байэл тайманбай. Кызың деген сөзү эмнегедир кыжырына тийди. Булар мен тууралуу бүт баарын изилдеп чыгышкан го. Эмне иш деп түшүнбөгөндөй түр көрсөткөнү менен, башында эле булардын “каралар” экенин аңдаган.

– Ойлонуштун кереги жок. Баары эле мындай сунуш ала бербейт,- какшыктай сүйлөп жанындагысы машинанын эшигин жапты. Унаа чаң ызгыткан бойдон түнгө сиңип көрүнбөй калды...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 961, 6-12-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан