Жакында мамлекеттен “Эмгек сиңирген артист” наамын алган ырчы Токтобүбү Черикчиева менен баарлаштык. Баткен окуясы, жашоо, наам алгандагы сезимдери, апасы, комузу тууралуу жакшы маек куруп берди.
– Токтобүбү айым, саламатсызбы? Тилекке каршы, өлкөдө кейиштүү окуя орун алды. Бул учурда маданият өкүлдөрү четте калбай колунан келген жардамын берип жатышат. Сиздин да жардамга кол сунуп жүргөнүңүздү көрүп жатабыз...
– Саламатчылык. Баткендеги мурунку согуш да эсибизде. 1999-жылы болгон согушта 2 аяшыбыздан айрылганбыз. Башыбызда бойго жеткен балдарыбыз турат. Биринчи ошолорду ойлойт экенсиң. Шейит кеткендерди көрүп өз балаңды элестетесиң. Окко учкан балдарыбыздын ата-энесине, жакындарына, жалпы кыргыз элине кайрат айтам, сабыр тилейм! Эне катары жүрөгүм канады. Биз да, чыгармачыл адамдар, биригип колубуздан келген жардамды берип жатабыз. Бизди эл багат. Анан кантип жардам бербей коёбуз? Элге зыяныбыз эмес, пайдабыз тийсе болду. Кыргыздар ак ниет, боорукер, башкаларга жамандык издебеген күчтүү элбиз. Мындай учурда аялзаты болсом да Баткенге барып өлкөмдү коргогум келди. Шоу-бизнестин кыздары баралы дегенбиз. Бирок кайра сабырдуулук керек экенин түшүнүп, “бир нерсе болсо жигиттерибиз жетишет” деп калып калдык. Мындан ары чек арада маселе жаралбашы үчүн улуу урматтуу президент баш болгон жетекчилерибиз аракет кылышса жакшы болмок. Анткени бейиштин төрүндө жашайбыз. Биздин жерге кызыккандар көп. – Чындыгында өнөр адамдарына баа берсе болот. Былтыр карантин учурунда да өмүрлөрүн тобокелге салып элге жардам көрсөтүштү. Ага карабай “шоу жасап жатышат” дегендер да кездешет.
– “Жол куруучулардын костюмун кийип алып аферисттенип акча чогултуп жатасыңар” дегендер да бар. Ага деле таарынбайбыз. Ар кимдин өзүнө жараша ою болот. Кээ бир адамдар өзү эч нерсе кылбайт, кылганды көрө албайт. Шоу-бизнестеги адамдарды эл жакшы тааныйт. Жаш ырчылардын социалдык баракчаларында катталуучулары көп экен. Ошондон пайдаланып кайрылуу жасап, акча чогултуп элге жардам берип жаттык. Муну менен башкалардын да жардамга кол сунуусуна себепчи болдук. Бул шоу эмес, жардам. Ушундай кесиптештеримдин болгонуна аябай кубанам. Алардын катарында жүргөнүмө сыймыктанам.
– Пандемия, Баткен окуясы... Мындай окуялардан кийин ар бирибиздин жашоого болгон көз карашыбыз өзгөрсө керек. Сизде ошондой өзгөрүү болдубу?
– Жай турмушта буюмдарыңды аяп, кайсы бир күн үчүн сактай бересиң го. Өлүп калсаң баары калат экен деп буюмдарды сактабай калдым. Адамдарга болгон мамилем өзгөрдү, жакындарымдын баркын сездим. Эч кимдин көңүлүн калтырбаганга аракет кылып калдым. Жакшы жакка өзгөрдүм деп ойлойм. Карантинде чымчыктар да сайрабай калды го. Чымчыктарга да боорум ооруп жаман болдум.
– Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болуп жатат?
– Бул жылы чыгармачылык сапарым жакшы башталды. Пандемиядан кийин элге жагымдуу маанай тартуулайлы деп Таласта Шахра Талипова, Каныкей Эралиева, Алина Жетигенова жана башкалар болуп 10 күн бою аншлаг менен концерт бердик. Март айында Ош, Баткен, Жалал-Абадды кыдырып, “Биз силерди сагындык” аттуу концерт койгонбуз. Жаңы гана Баткенден келсек ушундай окуя болду. Жакында Ибрагим Жунусовдун 60 жылдык юбилейинде обонун өзү жазган “Мен өзүңө болбой калдым колукту” деген ырын ырдайм. Ырды жаңыртып жатабыз. Ушул айдын аягында Камчыбек Жусуповдун 70 жылдык юбилейи болот. Ал кишинин 5-6 ырын ырдайм. Ошол концертке даярданып жатам. 2 жаңы ыр жаздырып жатам. Элди, жерди кыдырып келгенден кийин, анын үстүнө сыйлык алгандан кийин жоопкерчилик күчтүү болуп калат экен. Наам алганга жараша татыктуу иштерди жасашым керек.
– Сизге наам берилишин жалпы кыргыз эли күткөндөй болдук. Дагы бир жолу кут болсун!
– Рахмат. Наам алам деген үмүтүм үзүлүп калган. “Кадырыма күйөм” дегендей болот экен. 15 жашымдан баштап улуу кишилерди ээрчип, ушул күнгө чейин мамлекетке иштеп келатам. Күтүп жүргөндө, апамдын көзү тирүү кезинде ушул сыйлыкты алып калсам менден бактылуу адам болбойт эле. Ушунун баары апамдын эмгеги. Мен да аягына чейин тырышып, акча бербей, берсе берсин, бербесе койсун дедим. Өмүрүмдө директордун эшигин кагып бир нерсе сураган эмесмин. Кудай ошондон сактасын. Наамы жоктун эмнеси жаман? Концерт, тойлорго барганда жаш балдар келип, “Эмгек сиңирген артистмин” деп койкоңдоп кетишет. Сени жөн эле чакырып коёт. Болбосо азыркылардыкы жыргал да. Мурунку артисттердин оорубаган жери жок. Темселеп кыштоодо, жайлоодо, кырманда, кыркында микрофону жок ырдап чындыгында эмгек өтөдүк. Былтыртан баштап наам реалдуу берилип жатат. Алганым үчүн да уялам. Камчыбек Жусупов, Адылбек Кыязов байкемдер ала элек. Көздөрүн чоң ачса, ушулардын ырлары менен эл сугарылып жатат. Булардын ырларын ырдап артисттер наам алып жатышат. Килтейген оркестрде иштегендерге эмнеге беришпейт? Улууларга, чыныгы эмгек сиңиргендерге берилиши керек. Бизди аткаруучу деп коёт, жаратмандар көмүскөдө калып жатат.
Учурдан пайдаланып мен үчүн күйүп-бышкандарга, кубангандарга чоң рахмат! Сыйлык тапшыруу аземинде атым аталганда апамды эстеп көзүмдөн жаш кетти. “Асыл апам, сыйлык алганымды теледен көрүп турсаң кана” дедим. Эл сүйүнгөнүнөн ыйлады деп ойлоду. Жок, резиденцияга баргандан баштап апам оюмдан кетпеди. Сыйлык тапшыруу аземинен кийин чай ичип жатканда “апам болсо бир-эки алма көтөрө барбайт белем” деп жаман болдум. Апам “кой, балам, бир кой соёлу” деп чыкмак. Мурда дүкөнгө же базарга барсам сөзсүз апама бир нерсе көтөрө келчүмүн. Азыр деле апамдын жок экенин унутуп калам, бир нерсе алгым келе берет.
5-апрелде 52ге чыктым. Эки жылдан бери 50 жашымды белгилей албай келаткам. Быйыл юбилейимди өткөрөйүн деп даярданып жатсам, 2-апрелде сыйлык тапшырып калышты. Экөөнү кошуп той бердим. – Самара Токтакунова бир маекте “мен үйрөткөн күүнүн баарын унутту, кайран эмгегим өлдү” деп сизге таарынычын айткан экен...
– Күү мээге жазылып калган. Мен күүнү эч качан таштабайм. Чертип эле жүрөм. Концерттериме баргандар билет, сөзсүз күү чертип ачам. Комузум – жөлөгүм, сырдашым, муңдашым, байлыгым, жандоочум, наным. Кайда жүрсөм комузум жанымда. Азыр аябай шумдук виртуоз комузчулар чыкты. Аларды карап сүйүнүчтөн көзүмө жаш тегеренип кетет.
Сөз соңунда кыргызга сабыр, ыйман, кут береке, өнүгүү, бейпил жашоо тилейм. Ар бир үйдө күлкү гана жаңырсын!
– Маегиңизге рахмат. Айтканыңыз келсин!
Перизат Музуратбекова