АМАН БОЛ, ЧЫРАГЫМ!

– Көздөрүң мени дайым кайгылуу карайт. Кээде көздөр сөзгө караганда көп нерсени билдирет. “Коё бер мени. Мындан ары биз бактылуу болбойбуз” деп айтып жаткандай сезилет.

Хм, макул коё берем. Мага канчалык кыйын болсо дагы коё берем... Бирок сен кантээр экенсиң?

Эки адам бири-бирин сүйгөнү менен сүйүү дайым эле бакыт алып келе албайт экен. Сүйүү менен кошо эки адамдын мүнөзү, табияты шайкеш келсе жашап кете алышат тура. Жомокто сүйүшсө эле бактылуу болуп калат эмеспи. Бир жигит бир кызды сүйүп, алар кыйынчылыктарды жеңип, бактылуу жашап, чогуу өлүп калыптыр деп бүтөт. Ал эми чыныгы жашоодо бул мүмкүн эмес экен. Абадай, суудай керек адамсың, бирок аны бактылуу кыла албасаң коё бергенден башка айлаң жок. Бири-бириңди жаралап жашаганча ушундай чечим чыгаруу түзүк.

Биз эмнелерди башыбыздан өткөрбөдүк, бирок ушул учурдагыдай чарчаган эмеспиз. Бирибизди бирибиз кызганып, көрбөсөк издеп, телефон албай койсо телефонду чаап салганга чейин барган күндөр болду. Мындай жиндидей сүйүү чарчатат экен.

Сени сүйгөн сайын өзүмдү жоготуп бара жаттым. Сен каалагандай болушум үчүн өзүмдөн баш тартышым керек эле. Сен мени эрки жок, колуңдагы бир куурчак кылгың келди. Бирок ал куурчакты сен эмне кылмаксың? Андан тажап баштамаксың, бара-бара жек көрмөксүң. Мен сени билем! Сага дайым аздык кылат. Сүйүү болобу, акча болобу, мамиле болобу дайым ачкасың. Анткени сенин ата-энең ажырашып кетип жан дүйнөң, рухуң тойбой калган. “Эне бере албаганды дүйнө бере албайт” дегендей, мен сени тойгузушум мүмкүн эмес эле. Сүйүүгө, акчага, көңүлгө...

Колуңдагы куурчак кылууга уруксат берген жокмун. Канча жыл мурун сен менин ошол эркиндигимди сүйгөнүңдү унутуп калып, азыр сага баш ийген, эмне десең ошону аткарган адам болушумду каалап жатасың. Муну өзүң да түшүнбөйсүң.

Көп ойлондум. “Кантип биз бул туңгуюкка кептелдик?” дедим. "Мындан чыгуунун жолу барбы?" дедим. Жок экен, же мен көрө алган жокмунбу, билбейм. Анткени экөөбүз тең табиятыбызда лидер экенбиз. “Эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт” деп ата-бабабыз эбак эле айтып коюптур. Сен мени өзгөртүүнү кааладың. Мен сенин экинчи тепкичте турууңду кааладым. Экөөбүз тең баш бере албадык. Жеке амбициябыздын алдында биз курган сүйүү быт-чыт болду. Бир кезде ашык болгон мүнөзүбүз үй-бүлөлүк жашоодо жолтоо болду. Бир үйдө, кээде бир шаарга батпай калдык.

“Коё бер” дейт көздөрүң... Макул эркем, сени коё берем. Бирок “коё бере алсаң, демек, сүйбөй калдың да” дейсиң да көзүңдү ойноктотуп. Мүмкүнбү? Сендей тынчы жок, эч нерседен коркпогон, кумарлуу адамды сүйбөй калуу мүмкүнбү?

Жок, бул сени сүйбөй калгандык эмес. Сен дайым жүрөгүмдөсүң, сени эстегенде ууртумда дайым күлүмсүрөө пайда болот. Кырылышып, таарынышып, тытышып кеткен күндөр болду. Бирок сага эч таарына албадым, качан эстесем күлкү пайда болот. Сенин эч кимге окшобогон жинди мүнөзүң бар. Ошонуңдан жазба, дайым күлүп жүр, макулбу? Мен билем, жолуңду таап кетесиң, көп ийгиликтерди багындырасың. Кээде уйкуң качканда мени издеп футболка, көйнөктөрүмдү кийип аласың. Балким, сагынасың. Бирок эч качан мени издебейсиң, жазбайсың, чалбайсың. Анткени бир коңгурооң менен учуп келеримди билесиң. Мени аяп чалбайсың. Ким билет, балким, бул менин кыялдарымдыр. Балким, тез эле унутуп коёсуң. Бирок антпе, ээ?

Мен кетем! Балким, дагы бир адамга жолугуп баш кошом. Балким, сени менен кыялданган карылыкты башка бирөө менен жашайм. Балким, жалгыз калам. Ал жагын билбейм, бир билгеним жашоомдон коё берип кетип калбасам азап чеге берем. Сени да чектирем. Ошол үчүн жакынкы рейске билет алдым.

Эмнеси болсо да аман бололу, мүмкүн, биз жолукчу жолдор бардыр. Сенин жиниң келип баратканда “успокойся, чырагым” десем күлүп жибересиң го. Бул катымды да ошентип аяктайын. Аман бол, чырагым!


Жаның...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Gulzina1993
2021-05-20 20:20:39
Сонун создооор тим эле
+2
№ 962, 13-19-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан