КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Байэл туура кылдымбы же буларга илешиштин кереги жок беле деп утур-утур ойлоп жатты. Эмне максатта аны өздөрүнүн катарына чакырып жатышканын канча ойлонсо да аңдай албай койду. "Эмнеси болсо да үй, машина алып бутка туруп алайын, анан буларда иштебей калам да" деди. Байэл жаштык, акыл калчабагандык кылды. Кичинесинен балдар үйүндө ар кимдин көзүн карап чоңойгон неме өз үйүнүн болушун дайыма самачу. Машина менен келип Аделяны сабагынан алып кеткиси келчү. Бул кыялдарын эртерээк орундаткысы келди. Ал үчүн тигил кишилердин сунушу өтө оңой сезилди.

– Эмне болсо да убакыт көрсөтөр. Андан көрө Аделяга жөнөйүн, сабактан чыгар маалы болуп калыптыр. Машыгууга барбай койдум,- деп сүйлөнө Байэл ордунан туруп чачы-башын түзөп, ак көйнөк, кара шымды кийип үйдөн чыгып кетти.

Аделя окуу жайдан чыгып келе жатып маңдайындагы Байэлди көрүп таң калды. Ал дайыма спорттук кийим менен жүрчү. Ага көзү көнүп калыптыр.

– Кимди көрүп жатам? Кычырап алыптырсыз го. Каякка барасыз?- кыз элеңдеп таң калганын жашырбай.

– Сага келбедимби.

– Ушинтип кийинип алыппы?- кыздын көздөрү жайнап күлмүңдөп турду.

Ушул маалда алардын жанына Крайслер Кроссфайр келип токтоду. Байэл бул Арстын унаасы экенин жазбай тааныды. Аңгыча Арс унаадан түшүп, аларды көздөй келди.

– И-и, сен бул жакта кайдан?- саламдашпай эле Байэлге бир тийди.

– Мен Аделяга келдим,- деди кебелбей. Арстын Аделяга сүйүүсүн билдирип жүргөнүнөн кабары жок эле.

– Жүрчү мындай.

– Аделя, сен тура турчу,- деди Байэл аркасынан ээрчий баскан Аделяга. Кыздын чый-пыйы чыгып жатты.

– Кандайча? Эмнеге келдиң?- Арс кызаңдап алган.

– Сүйгөн кызыма сенден суранып келейинби?- бир тийген Байэлди Арс согуп жиберди. Кыз Байэлдин жанына жетип барып ортого түшүп калды. Байэлди жооп кайтарткан жок.

– Мен Арс байке менен сүйлөшүп алайынчы,- кыз жигиттен суранды. Байэл Аделяны сыйлап Арска колун да, тилин да кайрыбай ары жакка басып кетти.

– Арс байке, эмне болуп жатасыз? Тийбеңиз Байэлге. Дагы бир жолу кайталанса мен сизди такыр кечирбейм.

– Аны эмне коруйсуң? Сен чын эле ошону менен сүйлөшүп жатасыңбы?

– Ооба, эмне болуптур?

– Аделя, мен сени сүйөм! Ал сенин сүйүүңө татыктуу эмес!

– А мен сизди сүйбөйм. Байкемдей көрүп сыйлап жүрсөм эмне кылганыңыз?

– Бул жетимди кайдан таап алгансың? Же сен анын томаяк экенин билбейсиңби?

– Билем! Башынан бери билем!

– Аны эмне кыласың сөлөкөтүнөн башка эч нерсеси жок? Эмне, алдаса ишенип жатасыңбы?

– Мага өзү болсо болду. Эч нерсесинин кереги жок.

– Мени ушул жетимче да көргөн жоксуңбу?

– Сиз менин байкемсиз, ошол бойдон калыңыз.

– Сен баары бир меники болосуң,- Арс кызга сөөмөй кезей.

– Бул болгон нерсе ушул жерде калсын. Атама же апама жетип калбасын. Эркектер мындай нерселерди ташыбайт деп ойлойм,- кыз бурулуп басып кетти.

Арс ызырынган бойдон унаасын чаң ызгытып айдап кетти.

ххх

Кыз-жигит бир топко үнсүз ээрчише басып бара жатышты. Экөө тең өзүн бул болгон окуяга күнөөлүү сезип бара жатышты. Байэл Арс менен Аделянын ортосунда эмне сөз болгонун уккан жок. Болбосо Арсты бырчалап салмак. Аделяга сүйүүсүн билдиргени, жетим деп асылганы канын кайнатмак. Байэл “Аделянын өз байкеси болсо бир жөн, Арс күтүүсүз келип эмнеге атырылды?” деп түшүнбөй жатты. Кыз улам жигиттин сокку жеген бетин карап коюп үнсүз келе жатты. Кыздын минтип узакка унчукпай жүргөнүн Байэл буга чейин көргөн эмес. Ого бетер таң калды.

– Аделя, эмне үндөбөйсүң?- жигит тынчтыкты бузду.

– Маанайы жок го, жинине тийбейин деп сүйлөбөй келе жатам.

– Сенин жаныңда маанайым жок жүрчү белем? Бар эле.

– Бетиңиз эч нерсе болгон жокпу?- бурулуп Байэлдин кызарып, ысып калган бетин кармады кыз.

– Коркпо, чымын конгондой деле болгон жок. Андан көрө ал бизге эмнеге келди?- сурабайын деген, бирок ичи уйгу-туйгу боло берди. Себеби ал буга чейин Арс менен тааныш экенин Аделяга айткан эмес. Керек болсо билмексен болбоду беле.

– Мм,- такалып калды. Кыз ушул суроону уккусу келген эмес. Себеби Арс сүйүүсүн билдирип жатат десе Байэл кандай кабыл алат деп ойлоп, чындыкты же калп айтышты билбей башы катып турган.

– Эмне болду?

– Эч нерсе, андан көрө ал сизди кайдан тааныйт?

– Эме...- Байэл Арс тууралуу шашылып сөз баштап алганын эми түшүндү. Аделя Арс тууралуу айтканда “аның ким?” деп сураганын эстеп кетти. Мындан ары да калп айткысы келген жок.

– Экөөбүз чогуу машыгабыз,- токтоп калды.

– Эмне?

– Ооба, дал сен көргөнү барган залда мен дагы машыгам.

– Эмнеге айткан жоксуз?

– Анда сен менин ата-энем, эч нерсем жок экенин билчү эмессиң. Мен жөнүндө башка бирөөдөн маалымат алышыңды каалаган эмесмин. Мени теңиңе албай коёсуң го деп ойлогом,- Байэл калп айтканы үчүн актанып жатты.

– Ушундай деңизчи.

– Чын айтам. Менде ошондой гана ой болгон. Арс мен жөнүндө билчү. Анын үстүнө ал мага өчөшүп калган.

– Андай болсо ал бир айдан бери сүйүүсүн билдирүү менен убара. Байланышпай койсом үйгө жетип келиптир.

– Эмне, Арспы? Ал сенин байкең эмес беле? Мен сени сыйлап ага эч нерсе деген жокмун. Болбосо бетин түздөп кетирмекмин.

– Ооба, байкем. Ага тийбеңиз,- Аделя Байэл менен Арстын ортосунда чыр чыгышын каалаган жок. Айтканына өкүнүп кетти.

ххх

Маржан каалабаса да конок тосууга даярданып жатты. Маанайы суз экени сырттан караган кишиге даана билинип турду. Күйпөлөктөп ашканада эки келин тамак-аш даярдап жүрөт. Маржан үстүртөн эле көзөмөлдөп турганы болбосо мурдакыдай бир нерсени туурашып, бышыра калган жок. Көп жылдан бери коногун тосушуп жүргөн Айдай да буга таң калды. “Эмне маанайың жок, байке менен урушуп кеткенби?” деп өзүнчө ойлонуп коёт.

Кеч кирип коноктор келе турган учур болуп калды. Конокторду күтүп алайын деп Болот эшик алдында ары-бери басып жүрөт. Алгач Камчы аялы менен кирип келди.

– Жакшы турасызбы? Жакшы болуп калдыңызбы?

– Жакшы болбой анан. Өзүңөр кандайсыңар, келгиле, өткүлө.

– Оо, мына, Баатыр да келип калды.

– Үйгө чогуу кирели анда.

– Ассалом алейкум, Боке, жакшы болуп калдыңбы?

– Алейкум салам, Кудайга шүгүр, келгиле.

Кол алышып баары бири-бири менен учурашып, бака-шака түшүп калышты. Маржан гана даярданып жүргөнүнө шылтоолоп сыртка чыккан жок. Ал конок бөлмөдөн тосуп алды. Өзүн болушунча кыйнап жылмайганга аракет кылып жатты.

ххх

– Канча күн болду тиги телефондун кыймылдабай турганына? Дайындары жок го. Мени унутуп калышса керек. Болбосо ошондон бери мен аткара турган бир иш чыккан жокпу? Эшекти сөз кылсаң кулагы көрүнөт болуп, Байэл айтып оозун жыйганча телефонго чалуу келди. Номер жашырылуу экен. Дароо ким чалып жатканын түшүндү.

– Алло, салам алейкум?

– Алейкум салам. Байэл, сага бир жигит барат. Ошонун айтканын аткарсаң болду. Сенин шыгыңды байкап көрөлү, жигит...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 963, 20-26-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан