Ырчы Аваз Акимов экинчи ирет ата статусуна ээ болом деп сүйүнүп жүргөн чагы. Жубайы Айдана Деканын кош бойлуулугу, кызы, чыгармачылыгы жана өзүн түйшөлткөн маселелер тууралуу ырчы менен баарлаштык.
– Аваз, салам! Айылга кандай барып келдиңер? Байкашыбызча, Өзгөнгө тез-тез каттап турасыздар...
– Салам! Жакшы барып келдик. Бойдок кезде “үйлөнгөндөн кийин айылга тез-тез барып турсак” деген кыялым бар болчу. Азыр ошону ишке ашырып жатабыз.
– Айылдын эмнеси көбүрөөк жагат?
– Абасы, көчөлөрү, турган турпаты менен жагат. Айылдын өзүнүн жыты, башкача абасы болот. Кечээ эле Айданага “ушул абаны кичине кезимде эле билчүмүн” деп айткам. Айылга барганда балалыгым, балдар менен көчөдө ойноп жүргөн күндөрүм эске түшөт.
– Экинчи ирет ата болгону турасыз. Куттуктайм! Айдананын кош бойлуулугу кандай өтүп жатат? Эркелеп жатабы?
– Ооба, экинчи ирет ата болгону турам. Аябай кубанып жатам. Айрым досторумдан “кош бойлуу кезде айымдар эч нерсе жактырбай калышат, жини келе берет” дегендерин угам. Бирок Айданадан андайды байкабайм. Айдана бардыгын жүрөгүнө жакын кабыл алып ыйлаак болуп калат. Мурда өзүнө тың болсо, боюнда барда бош, коркок болуп, бирөө менен айтыша албай, ыйлап калат.
– Ариана чоңоюп, кылыктары чыгып калдыбы?
– Күндө кылыгы чыгып жатат. Чулдурап бир нерселерди сүйлөйт, кыйкырат. Айыл жакты. Мышык, тоокторду жакшы көрүп, артынан кууп жүрдү. Кызым ыймандуу, акылдуу, кыйын болсо экен деп күндө тиленебиз.
– Айдана экөөңөр Инстаграмда бактылуу үй-бүлө көрүнөсүңөр. Бактылуулукту көрсөтүү Инстаграм үчүн элеби, же кайсы бир үй-бүлөлөргө үлгү бололу деген максатыңар барбы?
– Чынын айтсам, Инстаграмда үлгүлүү болуп көрүнгүм деле келбейт. Бул менин жеке жашоом. Ар ким өз баракчасына каалаганын киргизет. Биз бактылуу көз ирмемдерден киргизип коёбуз. Инстаграмда эле эмес, чыныгы жашоодо деле ушундай жашайбыз. Эгер бирөөлөргө үлгү болуп калсак, бул кубаныч. Мунун терс жагы да болушу мүмкүн. Инстаграмда баары эле бактылуу, укмуш жашап жаткандай көрүнүп, “тигилер бактылуу жашап жатышат го” деген кыска ой менен айрым үй-бүлөлөрдө уруш-талаш чыгышы мүмкүн. Биздин посттордун бирөөгө зыяны тийип калышын каалабайбыз. Башка үй-бүлөлөрдөгүдөй эле биздин үйдө деле талаш-тартыш, уруштар, таарынычтар болуп турат. Бул ар бир үй-бүлөдө болот. Эч кандай деле максатыбыз болгон эмес. Социалдык түйүндөрдө калп эле үлгүлүү үй-бүлө боло берген жакпайт.– Үй-бүлөдөгү бакыт эмнеден көз каранды экен?
– Ынтымактан. Жубайлар бири-бирин түшүнүп, максаты бир болсо жакшы жашашат деп ойлойм. Биз ата-энелерибизден, түшүнүшүп жашаган үй-бүлөлөрдөн үлгү алабыз. Мага Сыймык атамдын (ред.: Бейшекеев) үй-бүлөсү көп таасир берген. Ал үй-бүлө бактылуу көз ирмемдерди жасап турат. Аялы менен күйөөсү бири-бирин сыйлап, майрамдарда белек берип, көңүл буруп турганы жакшы экенин ушул үй-бүлөдөн көрдүм. Материалдык жактан жетип-жетпесе да бири-бирин түшүнгөн үй-бүлө бактылуу болот деп ойлойм.
– Үйлөнгөндөн кийин аял өзүн бактылуу сезиши үчүн эмне керек экенин билип калдыңызбы?
– Ооба, билип калдым. Эң башкысы – көңүл буруу. Аял кишиге анын көңүлүн карап турган жагат экен. Албетте, аны көтөрө албай көөп кеткен аял болбосо. Жакшы мамиле кылып койсо, күйөөсүнүн башына чыгып, тоготпой калгандар да бар. Бактылуу кылуу үчүн аялга көңүл буруп, белек берип, жүрөгүңдөгү жакшы сөздөрдү айтып туруш керек. – Жумшак адам көрүнөсүз...
– Жумшак адаммын. Бирок ар бир адамдын мүнөзү болот. Менин да мүнөзүм, принциптерим бар.
– Үйдө чечимдерди ким кабыл алат?
– Айдана тың болуп, көп сүйлөсө көпчүлүк адамдар чечимдерди Айдана кабыл алат деп ойлошот. Биз көбүнчө экөөбүз кеңешип чечим чыгарабыз. Анткени өзүмдүн гана эмес, үй-бүлөмдүн кызыкчылыгын ойлойм. Мен жалгыз чечкен же Айдана чечкен учур деле болот. Өзүмө тиешелүү маселелерди өзүм эле чечем.
– Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктарыңыз бар?
– Согуш, пандемия деп нормалдуу жашоо болбой жаткан учур. Мен баарын жүрөгүмө жакын кабыл алат экенмин. Ыр чыгара турган учур эмес деп ыр жаздыра элекмин. Баткенде ызы-чуу болуп жатканда ойго батып, келечегибиз кандай болот деп корктум. Кыргызстаныбызды аядым, боорум ооруду. Аны кароосуз, байкеси, эжеси, иниси жок жалгыз калган адамга окшоштурдум. Кыргызстаныбыз өнүгүп, өз авторитети болсо экен деп ойлонуп “думкага” кирип чыктым.
– Ырчы болуу чоң жоопкерчилик. Ушул жоопкерчилик сезилеби? Ырды элге сунуп жатканда кандай жоопкерчилик сезесиз?
– Башынан эле өзүм үчүн ырчы болуу максатым эмес болчу. Ырчы элге жагып, жөнөкөй болуп, элдин көңүлүн оорутпаганга аракет кылып, элдин күзгүсү болушу керек. Тажиктер менен каргашалуу окуя болгондо “алардын ырчылары кандай болду экен?” деп кызыктым. Элдин жүзүн ырчылар аркылуу көргүм келди. Алар деле ошентсе керек. Ошондуктан кыргыз элин, өлкөбүздү жакшы жактан таанытып, патриоттуулугубузду көрсөтүүгө аракет кылам. Бизде жоопкерчилик чоң. Биздин ата-энебиз, өзүбүздүн үй-бүлөбүз, мекенибиз, жашаганыбыз, ырдаганыбыз, клиптерибиздин баары элдин көз алдында. “Силердики оңой эле, жыргал жашоо, ырдап, акчаңарды алып кетип каласыңар” дешет. Бирок ошончолук түйшүгү да бар.
– “Элегант” деген ырыңыздын аталышы өзгөчө болуптур. Кайдан пайда болду? Ыр кантип жаралды?
– Ырдын обону өзүмө таандык. Унаада баратып эле обону келди. Диктофонду күйгүзүп мээме келген обонду кыңылдап жаздырып койдум. Кайырмасын куплетине ылайыктап иштеп чыктым. Кыңылдап ар кайсы сөз менен ырдап жатканда эле “элегант” деген сөз ылайыктуу сезилди. Мурда көп укпаганга бул сөздү түшүнчү деле эмесмин. Үйгө барып Айданадан сурадым. Ал түшүндүрүп, “жакшы аталыш экен” деди. Ошентип ыр жаралып калды. Сөзү Тимур Салиевге таандык.
– Клиптерге көбүнчө сулуу кыздарды ары-бери бастырып тарта бересиздер. Себеби эмнеде?
– Бул бизде эле эмес, бардык жактагы сүйүү темасындагы ырлардын клиптеринин басымдуу бөлүгү ушундай. Бул режиссёрлорго берилчү суроо. Анткени биз “клип тартып бергиле” деп режиссёрлорго кайрылабыз. Мен дагы “эмнеге ушинтип тарта бересиңер?” деп ушул суроону бергим келет. Каражат жагын алып карасак, сюжеттүү клип менен кызды ары-бери бастырып тарткан клиптин баасы бирдей эле болот.
– Акыркы учурда сизди көп ойлондурган маселе?
– Тынчтык болсо экен, оору жок болсо экен. Президентибиз жакшы болуп, өлкөбүз өнүксө экен. Бишкектен башка жаңы шаар курулса экен. Жашоо жакшырып, башка өлкөгө башыбызды көтөрүп бара алсак экенбиз. Мурда үй, унаа алуу, үйлөнүү деген маселелер ойлондурса, азыр ушул маселелер көп ойлондурат.
– Тилектериңиз орундалсын. Маегиңизге рахмат!
КЫСКА СУРОО-ЖООПТОР
– Кыжырыңызга тийген адамдар?
– Бирөөнү кемсинткен, текеберлер.
– Сизди бактылуу кылган сөз?
“Кудайга шүгүр” деген сөз. Бир адам жашоосуна ыраазы болуп, “Кудайга шүгүр” десе бактылуу болом.
– Айдананын сизге жаккан эркелеткен сөзү?
– Мося дегени. Мося десе, демек, маанайы сонун, мени жакшы көрүп жаткан болот.
– Сизди таң калтырган нерсе?
– Баткенде согуш болуп жатканда Бишкекте митингге чыккандар.
Перизат Музуратбекова