КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Ысык-Көл менен Бишкекти туташтырчу айланма жолдо БМВ ишенимдүү жүрүшүнөн жазбай күркүрөп бара жатат. Улам бир унааны кыйгап өтүп, куду асмандагы куш сымал шукшурулуп алган. Чөкө-таандын балдарынан бетер артынан 5-6 милиция унаасы чуулдап ээрчип келатат. Рулда бара жаткан Тилек улам ылдамдыгын азайтып, милиция унаалары демиккендей жете келгенде кайра газды басып ылдамдап келекелей коюп жатты. Бул жолдо ок чыгара алышпайт. Муну Тилек жакшы түшүнөт. Азыр бул жолдо унаа көп... Болду-болбоду Боомдун ичинен токтотууга аракет кылышса керек. Бирок ал аракеттеринен майнап чыгабы? Бул БМВ азыр шамалды кууп жетчүдөй күүлөнүп алды...

Шылдың аралаш жылмаюу менен күзгүсүн караган Тилек капкайдан пайда болгон тумшугу жалпак Мерседес чуулдаган милиция машинелерин аралай өтүп, ишенимдүү түрдө жакындай баштаганын байкады.

– Кана жаныбар, бар күчүңдү эми көрсөт!- газды жетер жерине жеткире басып, моторду чыркыратып жиберди Тилек. Мерседес артта кала түшкөнсүдү... Бирок аз өтпөй ал дагы тулкусундагы бар күчүн төрт дөңгөлөгүнө жумшап, чымын-куюн боло куйрук улаш жете келди. Рулду бекем мыжыгып алган Бакыт тиштерин быркырата чайначудай тиштенип алган.

ххх

– Сизге эмне болду, эжеке?- Айдар акыры сурады. Антпесе тиги чоң баштыктын ичинде бүтүндөй дүйнөдөн жашынып алгансып бүк түшө ыйлап жаткан кыз соорончудай эмес. Баланын үнү эсине келтире түштүбү, айтор, Сабина ыйын саамга токтото түштү. Кийин өйдө болуп, жашын аарчыды.

– Кечир... Сенин атың ким эле?

– Айдар. Сиздикичи?

– Сабина...

– Мм... Менин да Сабина деген классташ кызым бар... Ал да абдан сулуу...

Сабина аргасыз жылмайды.

– Сулуу... Сулуулук – бул азап. Бул – жүк.

– Ыя?- Айдар түшүнбөй калды.

– Эч нерсе...- баланын аң-сезими өз башында чырмалышкан ойлор менен таптакыр туура келбесин аңдаган Сабина суз жооп кайтарды.

– Сен азамат жигит экенсиң, Айдар! Атаң сени мага аябай мактаган. Зерикпей сүйлөшүп баралы, ээ? Биз узак жол жүрөбүз...

ххх

– Кайда качты дедиң?- картаң зек таң кала сурады.

– Көлдү көздөй кетти... Же Нарынгабы? Айтор, айланма жол менен кетти.

– Сабина жанында бекен?

– Билбейм...

– Саша, сен азыр таш балакет жок калганыңды түшүндүң да, ээ?

– Кандайча?

– Болду... Учуп кетти акча. Оозуңду аңырайтып ачып ойлонгончо бирөө алаксытып, бирөө акча менен өлкөдөн чыгып кетти. Сөөмөйү менен айлантып койду силерди... Оо Кудай, бул дөөпөрөскө эмнеге чымчым мээ бербедиң?!- картаң зек колдорун өйдө көтөрүп наалып жиберди.

Кекеч жигит көздөрүн алайтып туруп берди адегенде. Бара-бара көздөрүндө жалын тутанып, ал жалын жүзүн ысытып кыпкызыл кылып салды.

– Мен... Мен баары бир алардын түбүнө жетем!

– Каяктан түбүнө жетесиң?! Кетти Сабина, эр болсоң таап көр!

– Ал автобус менен кетти,- тамталаңдап сыртка карай чуркады. Бирок бул арада Сабина түшкөн автобус жаңы эле чек арадан өтүп, казак талааларын көздөй зуулдап бараткан.

ххх

Тилек Бакыттын абалына күлүп койду. Деген менен бир кездеги жетекчисинин мүнөзүн, мүнөзүн эле эмес, кайсы кызыл чекитке чейин бара аларын билчү. Сыртынан сүр көргөзгөнү менен, курч кырдаалда ва-банк бара албайт! Андыктан тормозду сүйөй тээп Мерседестин жакындай түшүшүнө шарт түздү.

– Кана, азамат! Ии, ошол капталдан сүзчү!- Бакыт аны укчудай кайрылды. – Антүүгө духуң жетпейт го, байкеси! Жаның таттуу эмеспи?! Кана, сүз! Жо-ок, сен баягы эле Бакытсың да. Кызматың барда чалкалап, кызматы жокто бүжүрөгөн эле баягы Бакытсың... Давай, жет!

БМВ шуулдаган бойдон тез ылдамдык менен жөнөп берди. Эмнегедир бул жолу Бакыттын унаасы оозу жыйылып турган буудан сымал ылдамдыгын басаңдата түштү. Керек болсо ичиндеги айдоочусунун да ындыны өчө түшкөндөй...

“Мындай ылдамдыкта баратып тигини сүзсөм өзүм кошо жанчылып өлбөймбү?! Тирүү кармоо керек муну! Акча бар...”- деген ички ойлордон уяла түштү ал. Бирок ал ойлоруна каршы чыга алган жок. Рациядан кимдир бирөө “шеф, дөңгөлөккө аткылап көрөлү! Буйрук бериңиз” деди.

– Жок, ал мага тирүү керек... Азыр бензини өчөт, кууй бергиле!- Бакыттын үнүндөгү сабырдуулук рациянын ар жагындагы адамды бир эсе таң калтырып, бир эсе нес кылды.

ххх

– Алдын унаа менен тосом деп аракет кылбагыла! Кете берсин! Кармаларын билип баратат... Бул шүмшүктүн башка планы бар өңдүү! Абайлап эле артынан айдай бергиле...

– Шеф, мунуңуз бирөөнү сүзүп алсачы! Караңызчы жинди немедей баратканын...

– Сүзсө срогуна кошулат. Ал мага тирүү керек...

Рациядан шашпай сүйлөшүүгө өтүштү. Тек гана БМВнын карды ачканын күтүү керек. Караанын гана жоготпоо шарт.

ххх

Караанын жоготушкан жок. Тигине шуулдай барып, ылдамдыгын азайтты да, Көл жээкти көздөй каалгып жөнөдү.

– Точно планы бар экен! Абайлагыла, куралы бар!- Бакыт тер баскан чекесин сүрттү. “Эмнени баштаганы турат?” деген суроо мээсин тешип жатты. А БМВ бул топурактуу ичке жол менен барып, андан соң кумдуу жээкти карай чаң сапырып жөнөдү.

– Абайлагыла!- Бакыт дагы бир эскертти. Оозун жыйганча эле БМВ токтоду да, ичинен Тилек шашпай гана чыга келди. Өзүнчө жылмайып көктү бир карап алды да, үстүндөгү футболкасын чечип, көлдү көздөй чуркап толкундун кучагына кирип кетти. Бир караган адамга ал абдан бактылуудай көрүнмөк. Маңдайкы тиштерин кашкайта жылмайып алган. Жээктен арылап алысыраак сүзүп кетти.

– Чык бери!- унаасын токтотуп каалгасына далдоолонгон Бакыт тапанчасын көлдө чумкуп ойноп жаткан Тилекке каратып бакырды.

– Эмне жашынып алдың? Суу тапанча менен атамбы сени?- Тилек жээкти карай суудан чыгып келе жатып сүйлөдү.

– Э-энеңдурайын, акмак! Кармагыла!- Бакыт кыйкырар менен кайдан-жайдан мылтык үнү угулду. Аны менен катарлаш токтогон милиция кызматкерлеринин бири көккө ок чыгарып жибериптир.

– Мени өлтүрө албайсыңар! Тирүү эле кармагыла,- бир көзү күндөн уяла чала жумулган Тилек шылдың менен каткырды.

– Кармагыла!

– Стоять! Лицом вниз!- акыры кимдир бирөө Тилекке карай чуркады. Анын артынан дагы бири... Жете келгендердин бири Тилектин колун кайрып жатса, экинчиси бутка тээп жыкты. Ошондо гана Бакыт унаанын эшигинин далдоосунан чыкты.

– Өлтүрөм, энеңди!- деп күпүлдөп келип, кабырга талаштыра тээп калды.

Тилек өзөрө түштү.

– Сен баары бир эч нерсе кыла албайсың!- деди ал карс-карс жөтөлө.

– Кылганда да кандай кылар экенмин, иттин баласы!

– Эч нерсе кыла албайсың!- колу аркага таңылып, кум сүзүп жаткан калыбында шыбырады: – Эч нерсе кыла албайсың! Мен деген доллардан “бронежилет” кийип келдим. Сен андай көп акча тарапты ата албайсың. Билем да сени...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Miraida-toktosunova
2021-05-24 10:38:40
Охоо бутбойтго
+1
№ 963, 20-26-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан