Гүланда, ырчы: “КООМДУК ТРАНСПОРТКО ТҮШӨ ЭЛЕГИМЕ 15 ЖЫЛ БОЛДУ”

Убагында ырчы Гүланда айым “30 жаштан ашканда Лексус үлгүсүндөгү унаа айдайм” деп кыялданган экен. Кыялына жетиптир. Ырчы айым минип жүргөн тулпары Лексус RХ 450 менен тааныштырат.

Үлгүсү: Лексус RХ 450

Чыккан жылы: 2011

Баасы: 23 000 доллар

Кыймылдаткычынын көлөмү: 3500 сантиметр куб

Эң жогорку ылдамдыгы: саатына 240 чакырым

– Гүланда айым, кандайсыз? Унаа башкарууда канча жылдык тажрыйбаңыз бар, кандай айдоочусуз?

– Жакшы, рахмат. Тажрыйбам 15 жыл болуп калды. Кылдаттык менен айдаган айдоочумун. Кокустан эле бузуп алганым болбосо, жол эрежелерин сактаганга аракет кылам. Азыр силерди күтүп жатып эреже буздум. Туура эмес жакка токтоп алыптырмын. Патрулдук милициянын кызматкерлери келип түшүндүрүп кетишти. Негизи жол чыракты, жолду карап туура айдаганга аракет кылам.

– Камераларды да карап...

– Ооба (күлүп). Камералар коюлуп, айып пул келип баштагандан бери камераларды карап абайлап калдык. Өткөндө барып текшерсем айып пул 18 миңге жетип калган экен, төлөп келдим. Кечиктирбей төлөгөнүм үчүн жарым суммасын төлөдүм.

– Башка белгилүү адамдар сыяктуу сизди да эреже бузганыңызга карабай МАИ кызматкерлери көз жумуп коё берген учурлар болобу?

– Көп эле болот. Кээде тойго шашып баратканда ылдамдыкты ашырып айдап алам, же жол чырактан туура эмес өтүп кетишим мүмкүн. Анткени жар-жар айтып, эки жашты залга алып кириш керек. Тойдо сени 300-400 киши күтүп жаткан болот. Жоопкерчиликти сезип кечикпейин деп аракет кыласың да. Ошентип жатып кармалып калган учурум болот. “Тойго бараттым эле” деп суранам. Түшүнүп коё беришет.

– Мыйзам бузууну кечирип коюу туурабы?

– Туура эмес. Мыйзам бузбаш керек. Бирок мен олуттуу деле эреже бузбайм. Жогоруда айткандай, кылдаттык менен айдайм.

– Бишкекте айдоочуларды түйшөлткөн маселе кайсы?

– Албетте, жолдор. Аңгектен качсаң дөңгөккө... Эмнеге унааларыбыз тез бузулат? Жолдордун жамандыгынан. Унаалар шалкылдап эле калат. Тешик жолдор көп. Унааң аңга “даңк” деп түшкөндө аяп кетесиң. Анан тыгындар. Ага көнүп деле калдык окшойт.

– Кыжырыңызга тийген айдоочулар?

– “Поворотникти” күйгүзүп туруп бурулбай койгондор. Бурулат экен деп ошого ылайыкташып турсаң бурулбай коюшат, же “поворотникти” күйгүзбөй туруп бурулуп кетишет. Ошого жиним келет.

– Айдоочулар рулга отурганда сөгүнчөөк болуп калышат. Сизде да ошондойбу?

– Шаарда унаа көп. Тыгындарга, айдоочулардын ар кандай кылыктарына кыжырданасың. Жөөлөшүп, кыйкырышып кеткен учурлар болот. Кээде сөгүнүшүм мүмкүн. Бирок аябай сөгүнчөөктөрдүн катарына кирбейм. Көбүнесе сабырдуумун.

– Айбек мырза унаа айдаганыңызга карата кандай сын же мактоо айтат?

– Айбек жанымда отурганда “нервди сакта” деп көп айтат.

– Унааларды канчалык түшүнөсүз?

– Айдаганды билем. Маңдайкы терезени жууй турган сууну өзүм куям. Аккумуляторунун отуруп калганын, дөңгөлөктүн жарылганын билем. Башка жагын билбейм.

– Канчалык узак жолго айдагансыз?

– Ошко, Таласка, Ысык- Көлгө, Ак-Талаага барып-келип эле жүрөм. Тойлорго барам да.

– Жол кырсыгына күбө болгон учуруңуз болдубу?

– Эки унаанын сүзүшүп кеткенин көрүп эле жүрөбүз. Бир жолу Казарманга концерт койгону кетип баратып аябай коркунучтуу жол кырсыгына күбө болгом. Адамдар канжалап ар кайсы жакта сулап жатышыптыр. Унааны токтотуп, биз менен бараткан мырзалар кырсыкка кабылгандарды унааларга салганга жардам беришти. Катуу жаракат алгандар, каза болгондор бар экен. Жүрөгүмө жакын албайын десем да болбой улам эстеп, көпкө жаман болуп жүрдүм. Айлабыз жок да, эмне кыла алабыз? Бир да адам жол кырсыгына кабылбаган заманга жетсек экен.

– Айтканыңыз келсин! Азыркы тулпарыңыз тууралуу сүйлөшсөк...

– Бул тулпарымды жарым жыл мурун алгам. Бул алтынчы унаам. Унааны үлгүлөрүнө карап сатып албайм. Бирок “30 жаштан ашканда Лексус айдайм” деп кыялданчумун. Кыялыма жеттим.

– Ак түскө жакын окшойсуз...

– Ооба, ачык түстөрдү, анын ичинен ак түстү жактырам. Унаанын кара түсү да жакшы көрүнөт. Кара унаа да айдап көрдүм. Ал жайкысын ысык тартат. Анан жаңы эле жуудуруп чыксаң кайра эле чаң боло берет. Ак түстөгү унааны жуудургандан кийин 4-5 күн жүрсөң болот. Ысык тартпайт. Ошон үчүн ак түстү тандадым.

– Коомдук транспортко түшө элегиңизге канча болду?

– Унаа айдагандан бери түшө элекмин. 15 жыл болду окшойт.

– Маегиңизге рахмат. Жолуңузда дайыма жашыл жол чырак күйүп турсун!

Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
Ырчы Гүланда унаасы жана өзүнүн унаага болгон мамилеси жөнүндө айтып берди
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 963, 20-26-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан