17-майда парламентте “Кумтөр” долбоорун иликтеген мамлекеттик комиссия маалымат берди. Комиссия төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун айтымында, Кумтөрдү мамлекетке алуу процесси башталды.
УКМК: КАМООЛОР БАШТАЛАТ
Маалыматка таянсак, комиссия иликтеп баштаганда “Центерра” компаниясынын жетекчилиги Кыргызстандан жашыруун чыгып кетип, ишкананын ишин атайлап токтотуп салууга аракет кылды. “Кумтөргө” керектүү товарларды, чийки заттарды ташыган ишканалар менен келишимдерди жокко чыгарып, кендин аймагында мөңгүлөрдүн жылышы боюнча коопсуздукту көзөмөлдөгөн системди өчүрүп салышкан деп айтылды. Учурда коопсуздук жагы жөнгө салынган. Ишканада 3 айга жетерлик запас бар. 3 айдын ичинде келишимдер калыбына келтирилип же жаңы түзүлүүгө тийиш, болбосо ишкана токтойт. Кенди учурда Кыргыз тарап иштетүүдө. 17-майда Жогорку Кеңештин токтому менен “Кумтөргө” убактылуу сырттан башкаруу киргизилип, 18-майда министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповдун буйругу менен убактылуу башкаруучу болуп Тенгиз Бөлтүрүк аттуу жаран дайындалды. Тенгиз Бөлтүрүк тууралуу коомчулукта маалымат аз. Өзүнүн айтмында, ал Түп районунда туулган. Көп жыл чет өлкөдө тоо-кен тармагында иштеген. 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин Кумтөр маселесин чечүүгө көмөктөшүү үчүн Садыр Жапаров тарабынан чакырылганын парламент жыйынында айтты. Өткөн жылдын декабрь айынан бери “Центеррада” Кыргыз тараптын атынан директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштеп келген. Кош жарандуулугу бар, учурда Канада жана Кыргызстандын паспортуна ээ.
Ал эми “Центерранын” жетекчилерине УКМК тарабынан кылмыш иши ачылганы белгилүү болду.
– Макулдашууга кол койгон бардык чиновниктердин жоопкерчилигин карайбыз. Бизде “Кумтөрдөн” колдоо алган депутаттар боюнча да иш бар. Бул жөн эле айыптоо эмес, конкреттүү беренелер боюнча козголгон кылмыш иштери,- деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Жыйында айрым депутаттар “кайсы депутаттар экенинин аттары айтылабы?” деп сурашты эле, Ташиев “кимдер экенин камала баштаганда билесиңер” деп тамаша-чын иретинде жооп узатты.
АЛДЫДА ЭЛ АРАЛЫК СОТ КҮТҮҮДӨ
Министрлер кабинети “Центерранын” жетекчилиги менен арбитраждык сотто кезигүүгө даярданууда. Негизги доо – компаниянын төлөбөй жүргөн салыктары жана экологияга келтирген зыяны. Комиссиянын маалыматына таянсак, Кыргыз тарап “Центеррадан” жалпы 4 миллиард 220 миллион доллар төлөөнү талап кылат.
– Компания жетекчилигинин коркутуулары жана шантаждары эми өтпөйт. Кыргызстан башка акционерлер менен бирге өз укугун коргошу керек. Биз арбитраждык соттон коркпойбуз. Аргументтерибиз негиздүү,- деди Акылбек Жапаров.
Эл аралык сот канча убакытка созулары белгисиз, бул иште Кыргыз тараптын кызыкчылыгын АКШ жана Канаданын юристтери коргошот. Аларга канча акча төлөнөрү айтылган жок. Депутаттар Кыргыз тарап экология жана адам укугуна басым жасаса эл аралык соттон утууга мүмкүнчүлүгү бар дешти.
Буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту экологияга келтирген зыяны үчүн “Кумтөрдү” 3 миллиард доллардан ашык суммага айыпка жыккан.КАНАДА ТАРАП ЭМНЕ ДЕЙТ?
Бул арада “Центерра” Кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүзүүгө да, өз укугун коргоо үчүн эл аралык сотко кайрылууга да даяр экенин билдирди. Кумтөрдө 2700 адам ишсиз калуу коркунучуна кабылганы, кендин иштөө мөөнөтүн дагы 5 жылга – 2031-жылга чейин узартуу үчүн кошумча 2 миллиард доллар каражат бөлүү планы да токтошу мүмкүн экени айтылат компаниянын маалыматында.
“ӨЗҮБҮЗ ИШТЕТЕБИЗ”
Парламентте айтылгандарга караганда, Кыргыз өлкөсү “Кумтөрдү” мамлекетке алууну көздөөдө. Кенди Кыргызстан иштетип кете алары, алтынды сатууга жана экономикага пайдаланууга керектүү механизмдер иштелип чыкканы айтылды.
– “Центерра” бардык президенттердин тилин таап, алардын калкалоосу астында өлкөнүн мыйзамдарын тебелеп келген,- деп билдирди Акылбек Жапаров. Жыйында депутаттардын көпчүлүгү бийлик “Кумтөр” боюнча позициясын өзгөртпөй, аягына чейин барышы керек деп эскертишти.
Жолдубек Качкынбаев