«ЖАШТЫК КЫЛДЫМ»

– Мен мектепти бүтүп өзүбүздүн айылдык эле жигитке турмушка чыккам. Жолдошум экөөбүз айылда турчубуз. Башында жакшы эле жашап жаттык. Уулдуу болдук. Балам 2 жашка чыкканда кайненемдерге таштап шаарга барып иштеп келем дегениме жолдошум макул болду. Үйдө жалгыз бала болгондуктан апасына мал-жанын таштап кетип кала албай мени аргасыз жалгыз жөнөттү. Бишкекке келип тигүү цехинде иштеп жаттым. Башында ар 2 жума сайын айылга барып турчумун. Кийинчерээк жумуштун кызыгына кирип, акчанын кыныгын алып калганда балама кээде кийим-кече, кайненеме акча салып койгонум болбосо, айылга көп барбай калдым. Акча чогултуп өзүм да тигүү цехин ачам, жакшы болуп кетсе жолдошумду, баламды, кайненемди да шаарга алып келем деген жакшы оюм бар болчу. Тытынып иштеп, банктан эсеп ачтырып акча чогултуп жаттым.

Цехте үтүктө иштеген жигит тамашалап ар нерсени сүйлөп калчу. Тамашасын этибар албай жооп берип койчумун. Бир күнү жумушта жалгыз отурсам телефонума чалуу келди.

– Самара, кандайсың? Бул мен Адилет.

– Кайсы?

– Кайсы дейсиң да. Эмне, жумуштан кете элексиңби?

– А сенби?- үтүкчү жигит чалып жатканын билдим.

– Макул болсоң шаарды айландырып келейин дегем.

– Койчу, мениби?

– И-и, сени.

– Жолдошум бар.

– Ой, коркпо, күйөөң дүрбү салып туруптурбу?- деп күлүп калды. Шаарга келгеним менен, жумуштан колум бошобой эле жүрчү. Чын эле анын сунушу жагып калды. Шаардын эки жагын көрүп келейин деп макул болдум. Болгону ал мага шаарды көрсөтөт да деп туура эмес кадам жасап жатканымды ойлогон жокмун. Ал күнү унаасы менен шаардын четине чыктык. Ошондо биринчи жолу түнкү Бишкекти бийиктен көрдүм. Бала экенмин, күйөөм менен баламды унутуп жаркыраган шаарга суктанып, кубанычымда чек жок. Батириме жеткирип кетти. Андан кийин жумушка ала кетип жүрдү. Кээде жумуштан кийин чогуу барып тамак ичип калчубуз. Бара-бара Адилет менен байма-бай жолуга баштадым. Кандай болуп кетти өзүм да түшүнбөй калдым. Имерилип эле Адилетти ойлоп калдым. Күйөөм, кайненем телефон чалат “бошобой жатам, жумуш көп, бошогондо чалам” деп алардан качып жаттым. Алар эмес баламды да көп эстебей калдым. Көзүмдү май басып оюмдун баарын Адилет ээлеп алды.

– Ушинтип жүрө беребизби? Үйлөнүшүбүз керек,- деди бир күнү Адилет. Мен ушул эле сөздү күтүп тургам.

– Мен макулмун,- деп жибердим. Себеби сүйгөн адамым менен бирге болгум келди. Эртеси таң атпай айылга жөнөдүм. Күйөөм сыртта иш кылып жүрүптүр, мени көрүп кубанып кетти. Жетип келип кучактайын дегенде колун түртүп жибердим. Түшүнбөй эле дал болуп туруп калды.

– Сени менен ажырашканы келдим. Эч нерсени күтпөй эшик алдынан эле айтып жибердим.

– Эмнеге? Андай дебечи. Балачы, менчи...

– Мен аны сүйүп калдым,- дедим көзүнө тигиле. Аңгыча кайненем чыгып сөзгө аралашып жалынып-жалбарды. Алардын кеби кулагыма кирген жок. Уктап жаткан баламды бетинен бир өөп, өзүмө тиешелүү оокат-кечени таксиге жүктөп шаарга жөнөп кеттим. Жыргал жашоо мени күтүп жаткандай дегдеп жаттым. Колдо турган бактымды чанып, бакытты алыстан издеп катачылык кылып жатканымды түшүнгөн жокмун. Кайненем айткандай, чын эле жаштык кылыптырмын. Сүйөм, күйөм деген Адилет менен эки ай жашадым. Анын мага кылган мамилесин талдай деле албаптырмын. Тытынып иштеп чогулткан акчамдын баарын шыпырып алып, мени таштап башкага үйлөнүп алды. Өз кылганым өз башыма муш болду. “Акчамды бер” же “менин күйөөм эмес белең?” деп кантип барам? Колумда далил болчу алакандай кагазым жок болгондон кийин.

Күйөөдөн, сыйлап турган туугандардан, баладан же акчадан жок көз жашымды көл кылып ара жолдо кала бердим.


Самара

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Luna15
2021-05-24 10:57:30
Жашооооооооо
+2
Mariyam.70
2021-05-24 11:31:53
Жети олчоп бир кес, деген ушуда.
0
zam81
2021-05-24 14:19:30
Туура кылган эки тоонун чобун энсеген ачка олот
+3
Paprikafm
2021-05-25 14:21:42
Ажап болуптурда сага
-1
temirov76
2021-05-27 01:08:33
Ии кыйратыпсын.
0
Nurtoruk
2021-05-30 22:03:51
Адилетке кошулуп Падилет болупсунда
0
№ 963, 20-26-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан