КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Түшүндүм, Капар байке, эме...- Байэл дагы бир нерсе дейин деди эле, сөзүнүн аягына чыкпай сүйлөшүү үзүлүп калды. Байэл тышка чыгып отургучта ойлонуп отуруп калды. Узакка отурду. Отургучтун аркы башында отурган киши Байэлдин жанына жылып суроо салды.

– Ыя, балам, эмне болду сага?- жанатан тынчтыкта отурган Байэл үндөн чочуп кетти.

– Салам алейкум,- шашылып салам берип жиберди. Байэл ойлорун карыяга окутуп койгонсуп жаман болуп кетти.

– Байкасам, эртеден бери жылбай ушул жерде отурасың. Ойлуусуң, жашооңдо көйгөйүң барбы?

– Жок, жакшы эле,- деп ордунан туруп жөнөгөндө карыя өзүнчө сүйлөнүп калды эле, кете албай отуруп калды.

– Ээ, балам, маселең болсо минтип жер тиктеп отура бербей аракет кыл. Ойлоно берсең оюң тереңдей берет. Ой – бул жазда сепкен үрөөн сыяктуу. Билбей эле ойду азыктандырып, ага кам көрүп отурабыз. Бир күнү түшүмүн бере турган мезгил келет. Маселе эмнеде билесиңби? Эмнени ойлонуп, эмнени бышырып жүргөнүңдө. Адам баласы биз ойдон аксайт экенбиз. Ар бир адам өз тагдырын өзү жазат деген чын. Муну байкабайбыз, бирок ойлогон ой, сүйлөгөн сөз биз жашап жаткан жашоонун сценарийи.

Абышканын сөзүн Байэлдин телефонуна келген чалуу бузду.

– Байэл, мен Капар байкеден келдим, чыгасыңбы?

– Сырттамын, кайсы машина?

– Мерседес, кара. Аварийка күйүп турат.

– Көрдүм,- жигит жүгүрүп келип унаанын артына отурайын деди эле.

– Салам, кел, мында отур. Экөөбүздүн кыла турган ишибиз көп. Жакындан тааныша берели. Мен Тахир. Кемеге түшкөндүн жаны бир дейт. Эми биз менен бир кемедесиң. Кылт этсең жаның кетет. Өзү курдуу жигит менен саламдашып, жанына отурду. Унаа зуулдаган бойдон жүрүп кетти. Бир топко жигит үндөгөн жок. Байэл эмне деп сүйлөсүн? Ал да унчукпай кете берди. Машина шаардан чыгып кетти.

ххх

Бул конок бөлмөнүн тунжурап тынч турганына бир топ убакыт болуп калган. Сумсайбай жаркырап бөлмө бүгүн көркүнө чыга түшкөндөй. Ичинде отургандар ар кыл темада ой бөлүшүп бака-шака түшүп жаткан чагы. Болот үйдө жатып зеригип калган экен. Маржан гана сөзгө аралашкан жок. Астыртан төрдө Баатырдын сол жагында отурган кызды карап коюп жатты. Көздөрү Баатырга окшош экен. Кызы го деп болжолдоп койду. Конок сааты ортолоп калса да эч ким аны тааныштырган жок.

– Мен сөзгө кирип кетип унуткан турбаймынбы, бул менин кызым Аделя,- Маржан кызын карап жатканын байкап калды Баатыр.

– Оо, өзүңө окшош кызың бар турбайбы. Биздин балдар менен тааныштырып коёлу. Дос, тааныш болушса жаманбы?- Болот Маржанга карап балдарды чакыр дегендей ишарат кылды. Маржан бөлмөдөн чыгып экинчи кабатка көтөрүлүп кетти.

– Барсбек, Наима, атаңар чакырып жатат.

Бири телефондо, бири компьютерде отуруптур. Жактырышкан жок.

– И-и, атамдын ушунусу жакпайт да, конок келсе эле чакыра берет,- уулу сүйлөнүп калды.

– Баскыла, барбай койсоңор уруш угасыңар.

– Уф-ф,- кызы ордунан турду.

– Конок келгенде учурашкыла деп айтып көндүрө албай койдум,- кирип келаткан балдарын карап Болот сүйлөнүп калды.

– Шаардын балдары оңой менен саламдашпайт,- деп Камчы кепке аралашты. Камчы менен Баатырга уулу салам берип, аялдарга саламатсызбы деп барып атасынын жанына туруп калды.

– Уулумдун аты Барсбек, кызым Наима.

– Жакшы, Кудай аманчылыгын берсин балдардын,- деп алкаганы менен, Баатырдын жарасына туз себилди. Ичинен учугун улаар уулу жок экенине жаман боло түштү. Балдар бөлмөлөрүнө чыгып кетишти.

– Жүргүлө, тышка чыгып чылым чегели,- деди Баатыр. Бир нерсе туура эмес болуп калса эле чылымдан чыгармай адаты бар. Эркектер ээрчишип чыгып кетишти. Камчынын жубайы бөлмөдөн чыгып кетери менен атасына жини келип араң отурган Аделя апасына бир тийди.

– Мени таштап эле койбойт белеңер. Такси менен үйгө кете берейинчи, тажап кеттим.

– Кызым, аз калды, чыдай тур, атаңдын маанайын бузба.

– Атам качанга чейин эле ушинте берет? Чоңойбодумбу.

– Ал сени жалгыз калтыргандан коркуп жатпайбы. Биз үчүн дале кичинекейсиң сен.

– Уф-ф...

ххх

Кыз тажаганда дасторкондон туруп тышка чыгып кетти. Эшиктин алдындагы отургучта Байэл менен СМС жазышып отурган. Аңгыча Барсбек келип калды жанына.

– Эмне эшикке чыгып алдыңыз?

– Тажап кеттим отура берип.

– Жүрүңүз, мен сизге биздин үйдөгү музейди көрсөтүп келейин.

– Музей барбы?- кыз таң кала.

– Ооба, атам түзгөн. Барсбек Аделяны ээрчитип жөнөдү. Аделяга текчеде турган сувенир, буюмдар, илинген сүрөттөр аябай жакты. Кайдан келгенин, аталыштары да жазылып турган эле, эринбей аларды окуп чыкты. Музейди кыдырып чыкканча Барсбек менен Аделя жакындан таанышты. Экөөнүн жашы тең болуп чыкты. Барсбектин “сиз” деп кайрылып жатканын шылдыңдап кыз күлүп калды.

ххх

Көз байланып калган маалда Байэлди салып келе жаткан унаа бара турган жерине жетти. Машина чоң дарбазанын алдына келди. Ары жагында эмне бар экени сырттан көрүнчүдөй эмес. Бурулары менен чоң дарбаза шарт ачылып, унаа кирери менен жабылды. Короонун ичи аябай кенен экен. Ортодо чакан үйлөр турат. Жарыктары күйүп, бир жеринде ротвейлер, дагы бир жеринде немис овчаркасы байланыптыр. Машинанын жарыгынан алар даана көрүнүп жатты. Утур-утур үрүп, машинаны көздөй жулунуп коюшат. Үйдүн артынан да тигилер менен жарышып арсылдап үргөн үн чыгып жатты.

– Мына келдик. Багаждагы коробкаларды түшүргүлө,- Тахир чылымын түтөтүп жээкте турду.

– Каякка ташыйын?

– Тиги жигит көрсөтүп берет.

Байэл жигиттин аркасынан ээрчип басты. Коробкалардын баарын жер төлөгө ташыды. Ичинде эмне бар экени ага да табышмак бойдон калды.

– Кеттик.

– Болдубу?

– Башка жакка барабыз.

ххх

– Эже, батирдин бөлмөлөрү сиз интернеттен көргөнүңүздөй. Азыр башка дагы кардарлар чыгып жатат. Алдын ала акча которуп койбосоңуз бирөө ээлеп кетет,- Байэлдин жанындагы жигит бирөө менен кызуу телефон менен сүйлөшүп келе жатты.

– Батир сатып жатасыңбы?- өз үйү болушун эңсеп жүргөн жигит кызыгып сурап жиберди.

– Жакында сен дагы сатып каласың.

– Кандайча? Турак үйлөрдү сатып иштейсиңерби?

– Хм, жок, акча жасайбыз жөн эле,- мыйыгынан жылмайды Тахир.

Байэл башка суроо берген жок. Унчукпай терезени карап бара жатты.

– Эмне ойлонуп калдың? Оңой эле. Сен деле бул ишти аткарсаң болот. Минтип интернетке батирлердин сүрөттөрүн жарыялайбыз. Бааларын арзан кылып коёбуз. Кээ бир батирлер сатыла тургандар, кээ бири жөн эле убактылуу берилет. Буларды арзан баада көрсөтөбүз. Ким эле арзан, сонун үйдө жашагысы келбесин? Кардарлар бат эле чыгат. Алар алдын ала төлөм кылып эсепке которушат. Биз болсо номерди алмаштырып, интернеттеги жарыяны өчүрүп, тигилер которгон эсептерден акчаларды чыгарып алабыз. Болду, иш бүттү дегендей.

– Эмне, бул батирлер чынында жокпу?

– Жок да.

Акча эмнени гана кылдырбайт. Кимди гана кызыктырбайт? Адам баласы акча үчүн баарына даяр болуп кетет эмеспи. Байэл ушинтип иштеп байып кеткенин, өз үйүндө Аделя менен жашап жатканын элестетип жиберди.

– Мунуң сонун го.

– Ананчы, абадан акча таап жатпайсыңбы...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Kari
2021-05-31 11:11:26
Байэлге башаламан жашоо башталды ээ.Эми Кудай сакта,тынч эле болсо экен деп бир жума кутомун да
+1
bulathan
2021-06-01 10:17:12
Kari, ии, башталды окшойт
0
№ 964, 27-май - 2-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан