КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Байэл Тахирдин айткандарын ойлонуп залды көздөй баратты. Оюнан эч эле кетпей койду. Кыялданганы көп акча. Залда балдар машыгууну баштабастан топтолуп турушуптур. Кирип келген Байэлди Арс жекире карап койду. Аңгыча Алмаз топтолуп турган балдарды көздөй басты. Түрүнө караганда олуттуу кабары бардай.

– Балдар, мен кетип жатам.

– Каякка, агай?- бир ооздон баары сурап жиберишти.

– Келишим менен 3 жылга Дубайга кетип жатам.

– Бизчи?

– Силерди мындан ары Эрмек агайыңар машыктырат. Келсең, Эрмек,- олбурлуу, жашы 30дан ашып калган жигитти чакырды.

– И-и, балдарыңыз калбайбыз дейби?- күлө сүйлөдү.

– Бири-бириңерге бөтөн эмессиңер. Баарыңар таштап салбай, кадимкидей спорттук карьераңарды уланткыла. Машыгууңарды баштагыла, ансыз да убактыңарды кармадым.

Агайы менен коштошуп балдар шалдырай бурч-бурчка туруп калышты. Алмаз бул сапарды көптөн бери күтүп жүргөн. Буга чейин да эки-үч курдай чет жакка барып ишин улантууга аракет кылып көргөн. Бирок каалагандай болбой жаткан. Мына эми көздөгөнүнө жетип, Дубайга сапар алып отурат.

Оокат-кечесин жыйнап бүтүп калган маалда Алмаздын бөлмөсүнө Байэл баш бакты.

– Кел, Байэл.

– Агай, ушуну менен 3 жыл көрүшпөйбүзбү?

– Мен келип-кетип турам. Балким, силер дагы беттешке барып каласыңар дегендей. Мен сени Эрмекке дайындап кетем. Мурдагыдай эле бекер машыгасың.

– Ал жагынан деле сарсанаа болгон жокмун.

– Байланышып турабыз.

– Качан учасыз?

– Баары даяр болуп калды. Эртең төрттөрдө.

ххх

Чылымды тумандата түтөтүп тапчанда эки киши отурат. Кимдир бирөөнү күтүп жатышкандай. Аңгыча дарбаза шарт ачылып, кечээги Байэлге барган кара Mercedes-Benz E-class короого кирип келди. Тахир унааны токтотуп, жерге түшөрү менен чөнтөгүнөн алып чыгып, чылымын тутантты. Бир-эки кере соруп алып, Капар менен Баха отурган тарапка жөнөдү.

– Салам алейкум!

– Кандай келдиң? Товар жакшы жеттиби?

– Жакшы. Баары жайында.

– Иттердин тамагын ала бардың беле?- Баха капталдан чыкты.

– Ой, Баха, иттериңди ойлоп жүрөсүңбү?- Капар күлүп калды.

– Ооба, алып бардым.

– Байэл мал боло турганбы?

– Болбой анан.

– Тамырын тарта алдыңбы?

– Айтканды аткарчудай жигит экен. Бизге бат эле сиңип кете турган.

– Көргөндө эле байкалган.

– Кыскасы, жарайт. Физикалык жактан да мыкты экен.

Сыягы, Байэл булардын сынынан өттү көрүнөт. Үчөө утур-утур чылым түтөтүп узун сөзгө кирип кетишти.

ххх

– Болот, сага бирөө чалып жатат,- Маржан Болотко телефонун алып келди.

– Алло, алейкум салам. Аа, Алмаз, сенби?

Алмаз дегенди угуп Маржан каалганы толук жаппастан туруп калды.

– Макул, берейин. Кандай кылып алып кетесиң?- дегенин угуп бөлмөгө кайра кирип келди Маржан.

– Ким экен?

– Алмаз, Дубайга кетип жатыптыр. Бир аз акча сурады. Кайра салып жиберем дейт. Үйгө келип алып кетет.

Маржан дароо уулун ойлоду. “Алмаз кетсе таппай калбайын. Бир барып жүзүн көрө албай жүрөм” деп өзүнө жини келип кетти. Бир жакка кетем деп турган Маржан үйдө Алмаздын келишин күтмөй болду. “Эми дагы таппай калбайын дайынын. Алмаздан маалымат алайын” деп ойлонду ичинен. Бир саатка жетип-жетпей коңгуроо шыңгырады. Маржан дарбазаны көздөй жөнөдү.

– Ой, кел ай, кандайсың? Жакшы турасыңарбы?

– Жакшы, жеңе. Өзүңүздөр жакшыбы?

– Жакшы, келип турбайсыңарбы үйгө.

Болот кире бериштен тосуп алды. Ал-акыбал сурашып болгон экөөнү Маржан чайга чакырды. Дасторконго келип отурганда Маржан астыртан суроо узатты.

– Канча убакытка кетип жатасың?

– 3 жыл, жакшы болсо андан да узак болуп кетет.

– Машыктырып жүргөн балдарың эмне болот?

– Залды башкага өткөрүп бердим. Балдар ошол жакта эле машыга беришет.

– А жакшы.

– Иштеп ал жакты да көрүп кел. Балким, үй-бүлөңдү жаныңа алып кетесиң,- деди Болот.

– Дарегин жазып койчу мага. Барсбек спорт менен алектенип баштасабы дедим эле.

– Шаар ичинде эле. Так даректи жазып жиберем. Барып турсун, машыктыруучуга дайындап коём. Мен жөнөйүн, эртең учам. Убактым тар. Апамдар да үйгө келишмек.

– Кайра кайтарганга шашпа, жакшылап орун-очок алып ал,- Болот конвертке салынган акчаны Алмазга берди.

– Рахмат жок дебегениңиз үчүн.

– Болсо, берип турганга эмне жетсин? Жардам керек болсо тартынбай кайрылып тургула. Колдон келген жардамды аябайбыз.

– Акчам болору менен кайтарам.

Болотко ыраазы боло коштошуп, үйдөн чыгып кетти.

ххх

– Арс жазбай калдыбы?- жигит тынчсызданып жаткан суроосуна жооп алгысы келди.

– Жок,- деп бурк этти Аделя.

– Жазчу болсо таарынбасын.

– Айтпадымбы, жазбайт болду,- экөөнү эрегиштирбейин деп Аделя калп айтты. Арс тындырбай эле чалып да, жазып да жатат. Бүгүн эле үйүнө келип кеткен. Маанайы чөгө түшкөн Аделянын чачтарын сылап, колун бекем кармады Байэл.

– Мага таарынбачы. Билесиң, сени жоготуудан корком. Менин сенден башка кимим бар? Эч кимим жок. Жашоомдо жалгыз сен барсың. Сени менен жашоом көрктүү болуп жатпайбы. Анан кантип сени кызганбайм?

– Мушташып эмес да бирок,- Аделя Байэлди аяп карап койду да, бат эле жылмайып маанайын көтөрүүгө өттү. Колунда кармап келе жаткан бөтөлкөдөгү суудан алаканына куюп, Байэлдин моюнуна чачып жиберип каткырып күлүп качып кетти. Селт эте чочуп кеткен жигит Аделянын артынан чуркады. Кууп жетсе өзүнө да суу чачарын билген кыз таштандыларды жүктөп жанынан өтүп бараткан КамАЗга бөтөлкөнү ыргытып салды да туруп калды. Жигит жетип келип кызды көтөрүп алды. Ушуну менен экөө өткөнкү таарынычтарын жоюшкандай жакшы сүйлөшүп калышты.

– Аделя, мага уруксат бересиңби? Кетишим керек,- жигит саатын карап.

– И-и, эмнеге эрте?

– Алмаз агай...

– Дагы Алмаз агайбы? Кыз мурчуңдай түштү.

– Андан кутулдум дей бер, Дубайга кетип жатат. Бүгүн учат. Узатып, коштошуп коёюн.

– Аа, түшүнүктүү. Анда кечинде сүйлөшөбүз.

Алмазды узатканы Байэл да аэропортко барды. Сактап жүргөн акчасынан 5000 сом алып алыптыр. Агайы менен коштошуп, ыраазычылыгын билдирип колундагы акчаны сунду.

– Ой, жөн, бул эмне кылганың?

– Чай ичип коюңуз. Сиздин мага кылган жакшылыгыңызды эч качан унутпайм.

– Рахмат,- деп Алмаз акчаны алды. Албай койсо Байэл басынып, жаман абалда каларын билди. Анын үстүнө Байэлде чогултуп жүргөн акчасы бар экенин билчү. Жигиттин дердеңдеп сүйүнө түшкөнүн көрүп Алмаз да кубанды. Кантсе да колунда жүрүп баласындай болуп калбадыбы. Ошентип Алмазды Дубайга узатып баргандар шаарды көздөй сапар алышты.

ххх

Кечкурун Байэлге Тахирден чалуу келди. Байэл шапа-шупа кийимдерин алмаштырып, сыртка жөнөдү. Унаа эшиктин алдында токтоп туруптур. Байэлди салып алып кайдадыр жүрүп кетти. Байэл эч кандай суроо бербестен бара берди. Бул сапаты Тахирге абдан жагып жаткан. Азыр да бул сапатын баалап жатты. Экөө бир бийик тосмолуу короого кирип келишти. Байэл короодо турган унааны жазбай тааныды. Унааны караганча ары жактан Капарды көрдү...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 965, 3-9-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан