КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Куш келдиң, баатыр!- Капар эшик алдындагы топчанды көздөй басты.

– Салам алейкум,- Байэл жетип келип салам берди.

– Өткүлө.

Баары топчандан орун алышты.

– Байэл, сен эми биздин курамдын бир мүчөсүсүң. Эрежелер менен таанышып ал,- алдына тиркелген барактарды таштады Баха.

– Бизде ич ара мыйзамдар бар. Аларды сакташың керек. Калганы өзү менен өзү кете берет. Тахир азырынча сенин жол башчың.

Байэл колундагы барактарга үңүлүп отуруп калды. Колуна минтип кагазга чыгарган эрежелерди берерин эч күткөн эмес.

– Аны өзүң менен алып ал, кеттик.

Байэл Тахирди ээрчип жөнөдү. Экөө өткөндөгүдөй коробкаларды машинага салышты да, сыртка чыгып кетишти.

Түн ооп калганга көчө унаалардан бошой түшкөн. Унаа даңгыр жолдо зуулдап жүрүп отурду. Интернет аркылуу батир сатууга кызыгып калган Байэл ошол тууралуу сурап келе жатты. Тахирге ушинтип аны жогору сезип турган учур жагат. Бакылдап сүйлөп, интернетке жарнама жайгаштырганды көрсөтүп келе жатты. Байэлге эсеп ачтырмай болду эртең.

Экөөнүн сөзү кызуусуна киргенде баягы тааныш дарекке жетип келишти. Тахир телефон чалары менен дарбаза ачылды. Машина ичкери кирип, өткөнкүдөй коробкаларды жер төлөгө ташып түшүрүштү. Өткөнкү коробкалар жок. Жер төлө бошоп калганын көрдү Байэл.

Үйдөн далдайган жигит чыгып, Тахирди көздөй басты. Учурашып колундагы таңылган жашыл акчаны Тахирге тапшырды. Тахир боорундагы сумкага салды да, унааны көздөй басты. Машина дарбазадан чыгып жолго түштү. Экөө бир топко үн-сөзсүз өз ойлору менен алек болуп калышты. Тахир бир кезде Байэлдин уктап калганын көрдү. Жайына койду, качан гана батирине жетип калганда ойготту.

ххх

Байэл адаттагыдай эртең менен залга жөнөдү. “Агай жок эми машыгуулар кандай болор экен? Бүгүн Тахирге жолугуп ишти баштап көрүшүм керек. Биз жеткирген коробкалар эмне болду экен?” Айтор, ар нерсенин башын ойлонуп жатып залга кандай жетип калганын билбей калды. Байэл кийинүүчү бөлмөдөн чыгып келе жатып Арска учурап калды. Көздөрүндө октору болсо бири-бирин атып салчудай эле карашты. Экөөнүн ортосундагы тирешүү да күндөн-күнгө чыңалып бараткандай. Экиден, адаттагыдай өз алдынча ар бири ар бурчта иштеп жатышат. Балдардын көбү келиптир. Көнүп калганга Байэлдин көзү акырын агайын издеди. Жаңы машыктыруучусу Алмаз агайындай анын келгенине көңүл да бурган жок. Андыктан өз алдынча машыгууну баштады.

Ушул тапта зал жайгашкан имараттын алдына Маржандын унаасы токтоду. Ал Алмаз жазып жиберген дарек боюнча келе жаткан. Акырын басып залга кирип, ооздогу отургучка отуруп калды. Кызуу машыгып жаткан балдар аялдын келгенин байкашкан жок. Аял астыртан балдарды карап жатты. Грушаны дембе-дем согуп жаткан балага көзү токтоду. Баатырдын жаш кезин көргөндөй болду. Дал эле Баатырдын өзү менен сүйлөшүп жүргөн кезин көрүп турду. “Мына ал, мына” деп кайталап сүйлөй берди. Жер кыдырып издеп жүргөн уулу көз алдында турат. Жетип барып кучактап, кеч болсо дагы кучагына алгысы келди. Бирок даабады... Жүрөгү дикилдеп бат-баттан согуп жатты. Сыртка чыгып кетүүнү ойлоп ордунан турайын деди эле, көзү караңгылай түштү. Турууга дарманы келбеди. Эне катары кандайдыр жакындыкты сезип турду. Бирок эмне кыла алат? Жанына барып эмне дейт? “Ушунча жыл кабарыңды албаган энеңмин, эми келдим” дейби? Алыстан карабаска аргасы жок...

– Эже, сиз кимге келдиңиз эле?- деген үндөн өзүнө келе түштү Маржан.

– Бул залга кичинекей балдарды алат бекен, билгени келгем,- деп жиберди. Башынан эле ойлоп келе жаткан бул жоопту.

– Жок, эже, бул жакта жалаң чоңдор машыгат,- деген жигит ары басып машыгуусун улантты.

Акырын эки-үч жолу сүрөткө тартып алды. Бул жерде канча отурбасын уулуна азыр жолуга албасын билди. Көргөнүнө каниет кылып сыртка жөнөдү. “Кандай болбосун Баатырга айтышым керек. Болотко эмне деп айтам? Уулум деп кучактап маңдайыңдан жыттай аламбы? Кечирер бекенсиң?” Маржан чубалжыган ойлордун сазынан чыга албай жатты. Көйгөйү кайнап төгүлүп жатса да өз ичине сактап башкаларга айта бербеген жаны муну кантип айта салат? Чоң сырга айланган бир учурдун катачылыгы өмүр бою аны коштоп келе жатат. Эми дагы канча сактайт, аны убакыт көрсөтөт. Бирөөнүн сыры болсо бир жөн. Бул сырдын каарманы өзү болуп жатпайбы...

ххх

Байэл түш оой Тахирге жолукканы жөнөдү. Сүйлөшкөндөй эле экөө барып Байэлге бир нече банктык эсеп ачтырышты. Батирлердин сүрөттөрүн ар жактан чогултуп топтоп жасап чыгышты.

– Кирешеден бөлүшөсүң да,- берилип сүрөттөрдү карап жаткан Байэлге кайрылды Тахир.

– Албетте, биринчи киреше болсун.

– Болот, бирок айына бир эле иш жаса. Анан акчага кызыгып кетип кызылдардын кылтагына илинип калба. Алардын бир тизмесине түштүң дегиче биздеги сага болгон мамиле өзгөрөт. Сага берген кагаздан окудуң да бул боюнча.

Байэл унчукпай ойлонуп калды. Себеби ал кагаздар үйгө барган бойдон кыймылдабай турган. Аңгыча Тахирдин телефонуна чалуу келип, сүйлөшүп калды. Байэлге “макул” деген эле Тахирдин жооптору угулуп жатты.

– Капар байкелер чакырып жатат.

– Азыркыгабы?

– Кеттик. Кечинде бир иш бар экен.

Экөө баягы хан сарайга келишти. Бул жер алардын кеңсеси деп койсо болот. Иштин баары ушул жерде сүйлөшүлөт. Эшиктин алдындагы бассейнди тиктеп бир колуна чылым, бир колуна теспе кармап Капар отурат.

– И-и, келгиле.

Жигиттер саламдашып жанына туруп калышты. Бирөөнү күтүп жаткандай Капар унчукпай чылым чегип отура берди. Аңгыча Баха бир жигитти ээрчитип келип калды. Аларды көрүп Тахир кетирейинби деп көзү менен Байэлди көрсөттү эле, Капар башын чайкап койду.

– Баха, бүгүн Жайдардын маселесин чечип бергиле. Баягы машиналардын акчасын ала албай жүрүптүр. Чыңгыз тоготпой жаткан көрүнөт, кыязы. Милицияга арыздана албасын билет да. Биз аркасында турганыбызды эске албай калса керек. Бир эсине келтирип койгула. Акчаны толук кайтарганча тыкыр көзөмөлдөп тур, Баха. Балдарды даярдап ал кечкиге. Дымактуу неме тиш кайрайм десе керек.

– Түшүндүм.

– А, баса, Байэл, тиги машыктыруучуң Дубайга кеткенин уктум. Ал эми ошол жактагы иштери менен алек болот да. Сен биздин залга которул. Өзүңө жакшы болот. Бизге да ашыкча маселе жаратпай.

– Мм. Ал жакта беттеш пландалып...- Байэл оозун жыйып алгыча Баха жооп бере салды.

– Андан коркпо. Айтпадык беле, беттешке чыгуу жагынан маселе болбойт. Андай беттештин далайына чыгасың. Биздин беттештерде сен кармап көрө элек акчалар ойнойт. Куру мушташкандан сага эмне пайда?..

– Болуптур,- деди акчанын изине түшүп алган неме. Акчага катуу берилип баратканын Байэл өзү байкабай калды. “Курсагымды тойгузганга эле акчам болсо” деп жүргөн жигит убакыттын өтүшү менен өзгөрдү. Ал эми кандай жол менен болсо да байыгысы келип жатты.

– Тахир, муну залга табыштап жайгаштыр. Беттеш боюнча мен сүйлөшүп коём,- деген Баханын беттештин үстүнөн да акча өнөп калгысы келди.

– Макул, шеф.

Байэл толугу менен булардын карамагына өттү. Кандай калчайт, өздөрү билишет...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ulan73
2021-06-14 14:42:33
Казакстанда Болотко жоолукканда эле балабыз бар деп айтыш керек эле Маржан. Чыгарма окшошпой калдыго.
+1
№ 966, 10-16-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан