КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Аделя жини менен букетти жулмалап туруп таштандыга ыргытты. Өзүнөн-өзү шолоктоп ыйлап жатты. Эне кызын сооротуу менен убара. Ичинен ойлонуп бул жагдайга түшүнбөй жатты. Анын жинине тийбейин деп эч кандай суроо берген жок. Аделя ачуусу менен бүгүнкү туулган күндүк кеченин болбой турганы тууралуу курбусуна СМС жазып, бөлмөсүнө кирип жатып алды. Эне байкуш кызынын бөлмөсүн тегеренип жүрөт. Жай алып жата албай койду.

– Кайдан да кагазын ала койдум эле? Арска эмне мынча жини келди? Кечени болтурбай койгудай, мынча ыйлагыдай эмне болду?- деп суроосуна жооп таба албай бушайман.

– Чоңойду, жан дүйнөсүндө өзгөрүү болуп жаткандыр,- деп санааркоосун басууга аракет кылганы менен, кызынын абалын көрүп тынчы кетип жатты. Кызын мынчалык түйшөлткөн маселе аны ойлондурбай койгон жок.

ххх

Унаа жолдон чыгып барып силкингенде Тахир да, Байэл да чочуп ойгонуп кетишти. Тахир дароо “тормозду” тээп үлгүрүп калды.

– Кудай өзү сактады.

– Жолдо унаалар жогунан аман калдык.

Экөөнүн тең көздөрү умачтай ачылды. Кудайга шүгүр кылып демдерин баса албай жатышты. Чочуп калган немелер машинасын жол жээгине токтотуп эс алууну туура көрүштү.

Буга чейин эс албай жүргөнгө экөө тең катуу укташыптыр. Терезеден ачуу тийген күндүн нурунан ойгонду Тахир. Караса саат 10дон өтүп калыптыр.

– Байэл, тур, саат түш болуп калыптыр.

– Ушунча уктадыкпы?- экөө ойгонуп сапарын улашты. Бул маалда Капар Алматыга товар жеткирип кеткен балдарга сарсанаа болуп, эбак ары-бери чалып ызылдатып баштаган. Жанында кечээ жеткирип кеткен товардын акчасы да бар болчу.

– Телефондору өчүк. Чек арадан өтүшпөптүр. Эмне болду буларга?

– Тахир бизди кабарсыз калтырчу эмес эле. Ага бир нерсе болгонбу? Түндө экилерде баратабыз деп жазган. Ошол бойдон байланыша алган жокмун,- Баха чылымдан дембе-дем чегип отурду. Аңгыча Капардын телефонуна чалуу келди.

– Жакшы болсо эле болду. Рахмат кабарың үчүн,- дегенин укту Баха.

– Эмне болуптур?

– “Ак-Жолдон” өтүшкөнүн айтышты. Келип калышса керек. Калганын келгенде билебиз да.

Байэл Бишкекке келери менен Аделяга чалып жатты. Такыр албай койду кыз. Каттарды жаза берди. Эч эле жооп болгон жок. Аделяны дагы таарынтканы үчүн өзүнө жини келди. Аңгыча унаа керектүү дарекке жетти. Дарбаза ачылып ичке кирип келишти. Адаттагыдай Капар менен Баха чылымды чегип эшик алдында отурушуптур.

Жигиттер саламдашып, Тахир көкүрөгүндө асынган сумкасынан бир тутам акча алып чыгып Капарга сунду. Эмнеге кечигишкенин сурады эле, жаралган жагдайды түшүндүрүп айтты Тахир. Капар аларды бүгүн эс алгыла деп кетирип жиберди.

– Жүрү, жөн кетпей мен сени биздин залга табыштай кетейин. Машыгууң ансыз да үзгүлтүккө учурап жатат.

– Эртең барбайлыбы,- деди Аделяга шашып жаткан Байэл.

– Бас, жол бою эле бара кетебиз. Жакын эле.

10 мүнөткө жетпей экөө залга кирип келишти. Машыгып жаткан балдар аябай көп экен. Тахир бирин бери чакырып сүйлөшүп, Байэл менен тааныштырды. Байэл залдагы түзүлгөн шартка суктанып алды. Ал эми ушул залда машыкмай болду.

ххх

Байэл чыгары менен Аделя окуган окуу жайдын дарегин айтып, ошол жакка жеткирип коюшун өтүндү. Тахир Байэлди түшүрүп, жүрүп кетти. Жигит дайымкы отурган отургучта улам окуу жайдан чыккандарды карап отурат. Аделянын курбуларынын баары чыкты, бирок Аделя жок. Аделянын жанынан көп көрүп жүргөн кыздын аркасынан жетип барды.

– Кандайсың?

– Салам. Эмне болду?

– Аделя...

– Ал бүгүн келген жок.

– Кечээ чогуу болдуңарбы?

– Жок. Билбейсиңби, ал туулган күндүк кечени токтотуп салды.

– Кандайча?

– Эмне болгонун эгер сен билбесең, анда менден сурабай эле кой,- кыз Байэлди акырая карады да, басып кетти.

Байэл эмне болгонуна түшүнбөй бушайман болуп туруп калды. Отургучта ойлонуп отурду да, чечкиндүү ордунан турду. Гүл саткан жайга барды. Айланып гүлдөрдү кыдырып чыкты.

– Саламатсызбы, сизге жардам керекпи?

– Эже, кыздарга жаккан эң жакшы гүлдөн чоң кучак бериңизчи,- деп жиберди жигит.

– Көпчүлүк кыздар пионду жактырышат. Бирок андан көп алам десеңиз кымбат болуп кетет.

– Ала берем.

Байэл кучак толгон гүлдү алып таксиге отуруп, Аделянын үйүн көздөй жөнөдү. Атасы мага десе өлтүрүп салса да барам деп чечти. Такси Байэлди айткан дарегине жеткирип, жүрүп кетти. Ал дароо дарбазанын коңгуроосун басты. Эки жолу басты, эч ким чыккан жок. Кечке баскылай берди. Байэл өзүнүн жоругуна таң калып жатты. Мурун коңгуроону басмак тургай эшиктин алдына келе алчу эмес. "Ким мынчалык коңгуроону кечке басып жатат?" деп Аделя жини келип эшикти шарт ачып жиберди. Жигитти көрөрү менен дарбазаны дароо жапты. Бирок үйгө кирип кете албады. Дарбазанын түбүндө тура берди. Байэл да кеткен жок. Аделянын ичкериде турганын сезди. Тыным албай сүйлөй берди. Алматыга кеткенин, байланышууга мүмкүн болбой калганын айтып актанып жатты. Жолдо кырсыкка учурап кала жаздаганын да айтты. Атайын айтты муну. Аделянын боорукер экенин, ага санааркаарын жакшы билет. Бир кезде эшик ачылып көздөрү шишиген, чачтары уйпаланган Аделя чыкты. Байэл сүйүнүп кетти. Кыздан кечирим сурап колундагы гүлүн берди. Кыз гүлдөрдү араң көтөрдү, жаш айланып турган көздөрүн кубаныч аралады.

– Мен жактырган гүлдү каяктан билдиңиз?- кыз Байэлге эч эле таарына албайт. Ушинтип эле жазылып кетет.

– Билдим да,- жигит күлүп тим болду.

Экөө кечинде жолугуша турган болуп коштошушту. Аделя үйдө өзүнөн башка киши жок экенине кубанды. Акчасын аябай бир кучак пион алып Байэлдин үйгө чейин келгенин чоң эрдик катары көрдү. Кечке эч нерсеге көңүлү чаппай жаткан кыздын бир заматта көңүлү жай боло түштү.

ххх

– Саламатсызбы? Батир боюнча байланышып жаттык эле,- телефондун ары жагынан аялдын үнү угулду. Байэлдин интернет желесине жайгаштырган жарнамасы иштей баштады көрүнөт.

– Саламатсызбы? Сизди угуп жатам,- Байэл үнүн олуттуу чыгарып сүйлөшө баштады.

– Биз Москвадабыз азыр. Жакында Бишкекке барабыз. Өзүбүзгө үй карап жаттык эле. Сиздердин батир бизге аябай жакты. Дал ушу сиздикиндей эки бөлмөлүү батир карап жатканбыз.

– Бул батирди сатпайт элем, акча зарыл керек болгондуктан сатып жатабыз. Бүгүн Бишкектен эле арзан экен деп көргөнү келебиз деп жаткандар бар. Биз дагы тез арада сатышыбыз керек. Сиз жетишесизби, билбейм. Силер Москвадан келгенче көп болуп кетет го. Анан силер албай койсоңорчу?- Байэл аялды ынандыра алды. Бул ишти чынында бат өздөштүрүптүр.

– Сизге анда ишенимдүү болуш үчүн акча которолу. Азыр өзүмдө жети миң доллар бар, ошону которуп турсам болобу?- аял шашкалактап жооп берди. Мындай арзан, жакшы батирди колдон чыгаргысы келген жок.

– Макул, анда сиздерди күтөйүн.

– Эсебиңизди жөнөтүп коёсузбу?

Үй алам деп толкунданып турган аялга алдап кетпейби деген ой келген жок. Кат аркылуу келген эсепке дароо акчаны которуп жиберди. Байэл бир заматта акчага марып отуруп калды...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-06-28 10:57:06
Баелди аяп жаткан,эми жек көрө баштадым
+2
Bobby1995
2021-06-29 00:07:28
Байэл жакпай калды не бул ишке барып калды
0
№ 968, 24-30-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан