КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Эгер мен дал сен айткандай көрсөтмө берсем ишти акырына чейин чыгарасыңбы?

– Эркекче сөз берем!

– Досун менин табелдик куралым менен Бакыт өзү аткан деп күнөөнү ага оодарарыбыз менен ал дагы жаңы жомок токуйт. Бирөөнүн акчасын уурдап алган деп чыгышы мүмкүн, мисалы...

– Мен сага кепилдик берем деп жатам го. Бардыгын ага каршы токуйбуз.

– Андай болсо мени биринчи сыртка чыгар! Үй камагына де...

– Сен соо немесиңби? Эч нерсе боло электе эле кантип чыгарып жиберем?

– Бул сенин колуңдагы нерсе. Документтин баарын сен жасайсың. Сотко сен багыт бересиң. Үй камагына чыгарып алып деле суракка алууга болот деп багыт бер да...

– Эй, керек болсо мен Бакыт экөөңө тең көргүлүктү көрсөтүп коём. Жөн койсо соодалашып аласың да!

– Жо-ок, жаңылышасың. Сен Бакытка каршы же мени менен биригесиң, же жалгыз Чокчолой баатыр болом деп жатып анын “связдарына”, таасирдүү байкелерине жем болосуң. Жем болгум келбейт деп өзүң айткансың. Мени чыгар! Жем болбойсуң...

Жаш тергөөчүнүн чекесинен чыпылдап тер чыгып кеткенин байкады Тилек. Эмне чечим чыгарар экен? Үй камагына деп чыгарары менен ал өлкөдөн качып чыгат. Сабинага жетет... А булар кала беришсин. Ушунча интригалуу боткосун өздөрү чала беришсин. Ал кетет... Ушуну ойлонууга жетишти.

– Биринчи көрсөтмө бер, анан чыгасың. Ошентип сүйлөштүк эле го эртең менен эле?

Тилек ал көрсөтмө берери менен ызы-чуу башталарын сезип турду. Сөз көбөйүп баштайт. Бакыт эле жөн жатат дейсиңби?! Акча тоногонун айтып чыгат... Баягы милициянын Жигулисин таптырып чыгат, Аскардын өлүмүн айтат. Андай сөз көбөйсө үй камагы деген нерсе эзели ишке ашпайт.

– Жок! Биринчи үй камагына чыгар! Сага атам жардамдашат... Ызы-чуу көтөрөбүз. Коомчулуктун күчү менен сыртка чыгып алууга болот. Бакытты деле коомчулуктун күчү менен камадык го. Мен түшүндүрдүм эле го сага...

Жаш тергөөчү кыйылып туруп калды. Тамырын тарттырып жиберген тура. Айласы кете түштү... Артка кайтууга кеч эмес. Шефинен да, Бакытынан да кечирим сурап, “ит болдум, куш болдум... Жаштык кылыптырмын” деп мына бул маңдайында турган таалайсызга уп-узун иш токуп чыккыс кылып камап салса болот. Бирок анда баягы эле кейпинде калат. Башчысынын сөзүнөн чыга албаган айдама бойдон кала берет. Экинчи жолу бар. Баарына каршы чыгат. Шефинен өйдөрөөктө отургандардын көзүнө илинет. Коомчулуктун көзүнө илинет. “Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл” деп ушуну айтат. Чоңго асылат, чоң ишти колунан келбесе да жасоого аракет кылат. Жасап кетсе иши оңолду, жыгылса жок дегенде өзүнө ат жасап алат. Карьералык секириктерди ошондо жасайт.

– Сыртка чыгып алгандан кийин ушинтип соодалашам деп ойлобо, уктуңбу?! Алеки заматта кайра камап, энеңди үч коргондон көрсөтүп коём!

Эшикти тарс жаап чыгып кетти Азамат. Тилек жеңилдей түштү. Бардык ойлору ал мерчемдегендей ордунан чыгып жатат...

ххх

– Анын атасын уурдаган күндө акчаны кандай кылып бөлүшөбүз?- Марс кекеч жигиттен сурады.

– Капа кылбайм... Экөөңө беш-бештен чыгарып берем.

– 5000 долларбы?! Мен эмне ошондой арзыбаган акча үчүн килтейген тобокелчиликке барамбы?

– Башка аргаң жок! Антпесеңер мен баягы аудио жазууларды чыгарып жиберем. Ит эле болосуңар...

– Сашка, сен кырдаал кандай өзгөрүп кеткенин түшүнбөй калдыңбы?! Азыр Тилектин айланасында ушундай чоң ызы-чуу көтөрүлдү. Бирок эч ким акча тууралуу айта элек. Эми элестет, сен аудио жазууларды чыгарып жибергениңди... Бизди кармашат, сени кармашат... Акча тууралуу толтура бийлиги бар адамдар билет. Билесиңби, ошондо эмне калат сенде? Могу да калбайт!- бармагын ортон менен сөөмөйдүн ортосунан чычайта көрсөттү.

– Ошончо чоң ызы-чуу көтөргөн адамдын атасын эмнеге уурдайм деп жатасың анда?

– Жок, Сашка сен түшүнбөй калдың... Кырдаал башкача болуп турат азыр. Эгер биз азыр...- Марс кекеч жигитке шашпай түшүндүрмөкчү болуп сөз баштаганда Мирбек сөзүн бөлдү:

– Братан, мунуң кайра бардык сөзүңдү жаздырып жаткан жокпу?

– Жаздырмактан жаздыра берсин. Азыр буга мен көбүрөөк керекмин. Башка тандоосу жок. Так вот, Саша... Сен анын атасын уурдайсың. Мен сенин милициядагы кулагың менен көзүң болуп берем. Атасын сени уурдады деп эч ким ойлобойт. Баарын Бакыттан көрүшөт... А бул жакта сен экөөбүз акырын гана баарын ишке ашыра беребиз. Түшүнүктүүбү? Бирок, акчаны тең жарымынан бөлөбүз. Фифти-фифти... Элүүгө-элүү!

Орус жигит буйдала туруп калды.

– Тобокелчилик менде болуп жатса, эмнеге тең жарымын сага беришим керек?

– Экөөбүздүн тобокелчилигибиз бип-бирдей. Сен кармалсаң биринчи болуп мени сатасың! Мен аны айдан ачык билип турам. Ошондуктан 700дүн 350сү сеники, калганы меники...

Сашанын аргасы кете түшкөнүн Марс алактай түшкөн көздөрүнөн эле түшүнүп койду. А Мирбек болсо бул экөөнүн сүйлөшүүсүнөн коркуп кетти. “Кайдагы нерсеге илинип калдым?” деди ал өзүнө-өзү.

– Мен бул нерсеге кошула албайм,- Мирбек андан эч ким сурабаса деле жооп берди.

– Сен эбак кошулгансың! Артка жол жок,- Марс аны кагып койду. Бул убакта орус жигит ойлонуп бүтүп акыркы чечимин чыгарды да, колун сунду: “Келиштик!”- деди ал Марсты тике карап.

ххх

Сабина бир нече күндөн бери конуп жаткан хостелдин жуунуучу бөлмөсүндө чачын өз алдынча кайчы менен кескилеп жатты. Таанылып калбаштын амалы. Ырас аны Москвадан таанып калуу мүмкүнчүлүгү аз... Бирок сактыкта кордук жок дейт. Чачын кескилеп бүтүп өзүн күзгүдөн карады. Сулуу адамга бардыгы жараша берет. Чачы жигиттердикинен аз-маз гана узун болуп турса да кызга куп жарашыптыр... Өзүн жылмая бир карап алды, даярдап койгон боёкту чачына сүйкөй баштады...

Бул хостелде Сабинага коңшу болуп жашап жаткан кыз аны адегенде тааныбай калды. Бөлмөгө чачтары сапсары, орус кыз кирип келгендей болду. Көрсө Сабина экен...

– Сен? Эмне жанагы сонун чачыңды кыркып салдыңбы?

– А мага бул причёскам көбүрөөк жагып жатат...

– Сен бул хостелдин администратор орус кызына куюп койгондой окшош турбайсыңбы? Мен азыр байкадым,- деди коңшу кыз. Сабина үнсүз жылмайып койду. Сыр алдырбаш керек. Ал орус кызга түспөлдөшүп кетерин Сабина эбак түшүнгөн. Чачын ошол администратор кыздыкындай кылып кыркып, боёп алганынын да себеби бар. Анын башында сонун идея бышып жатат...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 968, 24-30-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан