КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Бакыт уккан кулагына ишенбей туруп калды.

– Кандайча чыгып кетти?!- деди ал ачуулана. Жактоочусу күнөөлүү кишидей элейе түштү.

– Ал жагы бизге түшүнүксүз... Коомчулуктун басымы менен чыгып кеткен өңдүү. Бул жерде тергөөчүнүн жардамдашканы байкалып турат.

– Акмак! Үй камагына чыгып кеткенин кара?! Та-ак... Менден оңой кутулбайсыңар. Мага телефон керек...

Жактоочу аргасыз шалдырай түштү да, анан жини келе төш чөнтөгүнөн смартфонун алып чыкты.

– Турат, кандайсың? Ооба, мен Бакытмын. Туке, акыбалды көрүп жатасың. Бүгүн тиги Тилек үй камагына чыгып кетиптир. Сен аны алып киришиң керек кайра. Баягы Көлдө табылган өлүк, тетиги суу сактагыч тарапта катылган Жигули... Баарын сууруп чык. Кандай иш токуйсуң, билбейм. Бирок кайра алып кир. Тиги тергөөчү менен тирешип алдык. Тергөөчүнү алмаштырганга аракет кыл. Уктуңбу, Туке? Баарын Марс билет. Ооба биздин эле Марс. Давай эртелеткиле! Мага “серьёзно” асылышса силер да соо калбайсыңар, ушуну түшүнүп койгула. Биз баарыбыз бир кемедебиз.

Жактоочу кимдир бирөөнү телефон аркылуу сестентип жаткан Бакытты таң кала карап турду.

– Жактоочу катары мени бардык нерселер тууралуу кабардар кылып туруңуз. Антпесе...

– Эгер мен сенин жардамың менен чыга турган болсом ошентмекмин. А так сен деген жөн гана “формальностсуң” да,- Бакыт жактоочуну жекире карады.

ххх

Керим уулунун чыкканына кубанып бүтпөй жатты. Ананчы, Кудайдан суранганы болуп отурат. Тилеги маңдайында.

– Эми биз эмне кылабыз? Дагы адвокат алсакпы?- деди ал ойлуу бараткан уулун карап.

– Жок. Биз колдон келишинче эртерээк өлкөдөн чыгып кетүүбүз керек. Эки эле күн убактыбыз бар. Сотко канча бердиңиз?

– 12 миң доллар.

– Баягы акчаданбы?

– Ооба.

– Алар жасалма экени билингенче жок болуп кетишибиз керек. Сиз азыр Орусияга кетчү автобус бекетине барыңыз. Бекжан деген адам бар. “Тилектен келдим, калган сумманы алууга даяр болсун деп айтты” деңиз.

– Жарайт!

– Бизди чыгарып кетүүгө камынсын. Унутпаңыз, Бекжан деген адам.

Атасына дагы бир жолу эскертти да, таксини токтотуп түшүп, узап баратты.

ххх

Күндүн ысыктыгынан автобус бекетинде жүргөн бирин-экин айдоочу чоң дарактын түбүнө көлөкөлөп карта ойноп отуруптур.

– Ассалоому алейкум! Мага Бекжан деген жигит керек эле,- деди Керим.

– Менмин,- деген Бекжан аны шектүү карады.

– Мен Тилектен келдим эле.

Көздөрү жайнай түшкөн Бекжан ордунан шарт тура калып жашы бир топко барып калган Керимди колтуктай жөнөдү.

– Та-ак, аксакал, мындайыраак барып сүйлөшөлү...

– Ал калган сумманы берем деди. Мени алып чыгып кетсин деп айтты.

– Кантип алып чыгып кетем? Камакта да.

– Бүгүн чыкты.

– Аа, ошондой деңизчи. Андай болсо Тилекке айтып коюңуз, адегенде мурункуну төлөсүн. Кийинкини өзүнчө сүйлөшөбүз.

– Ал аябай убакыт тар деди. Бүгүн-эртең чыгышыбыз керек дейт.

– Аксакал, уулуңуз мага карыз. Адегенде ошону төлөсүн. Ал менин акыбалымды билет.

Керим жооп кылган жок. Азыркы сүйлөшүүлөр ага туман болуп жатты. Эмне жөнүндө сөз болуп жатканын толук түшүнө албады.

– Мен айт дегенди айтып келдим. Калганын өзүңөр чечишип аларсыңар,- деп жооп кылып, бекеттен шашпай гана чыга жөнөдү.

– Жакшылап ойлонсун! Менден бөлөк аны эч ким чыгара албайт.

Бекжандын артынан кыйкырганын укмаксанга салып койду.

ххх

– Далдоо жерге өтсүнчү! Күндүз ушул жерден көтөрүп кетмек белек?!

– Эртелеш керек! Азыр такси тосуп жөнөп кетет. Алдагы шоросун ичип бүтөрү менен алып кетебиз. Даяр тургула!

Унаанын ичинде Саша, Мирбек, Марс кажы-кужу боло талашып жатышты. 4-5 кадам алысыраакта алар издеген адам шашпай гана жарма жутуп турат. Бул адам көп акчага жол ачат. Тилек акчанын кайда экенин бир айтса ушул адам үчүн гана айтат.

– Ичип бүттү! Давайте!

Саша Тилектин атасын көздөй айдады. Мирбек менен Марс көз менен оозду гана ачык койгон капкара бет каптарын жүздөрүнө түшүрүштү.

Жаңы эле жарманы ичип бүтүп, эми арыраак баскан абышканы капыстан эле эки жигит унааны көздөй сүйрөп жөнөштү. Максым саткан кыз көзү алайып, коркконунан үн да чыгара албай туруп калды. Унаанын арткы орундугуна абышканы ыргытып жиберген бирөөсү кызды карап: “Бирөөгө айтканыңды билсем башыңды кесип кетем” деп зекиди да, алдыңкы орундукка отурары менен унаа зуу койду.

Баары бир заматта болгондуктан каккан казыктай катып калган кыз тээ бир топто гана барып эсине келгендей “өөх” деп терең дем алды.

ххх

Башына кийилген мүшөктөн улам Керим кай жакка келгенин түшүнбөй жатты. Темирдин калдыр-кулдур эткени угулат. Унаанын майы жыттанат. Качан гана мүшөктү башынан алышканда түшүндү, бул жер унаа оңдоочу жай экен. Аны уурдагандардын бирөөсүнүкү болсо керек, ичинен жаап алышыптыр.

– Аксакал,- маңдайында турган экөөнүн бирөө сүйлөп баштады. – Биз сизге тийбейбиз. Болгону Тилек акча кайда экенин айтсын.

– Айтпасачы!

– Айтпаса анда атасы өлөт.

– Мен сенин үнүңдү таанып жатам. Бет кабыңды чечип койсоң деле болот. Сен менин уулум менен иштегенсиң. Бир ирет үйгө да баргансың. Атыңды гана унутуп жатам. Ким элең?

– Сиздин уулуңузга биздин тиешебиз жок. Болгону ал уурдап алган акчалар бизге таандык. Андыктан берсин. Болду, маселе жок.

– Мен адамдын үнү менен жүзүн унутпайм.

– Бизге Тилектин телефонун бериңиз.

– Анын телефону жок. Жаңы эле камактан чыкты.

– Анда үйдүн дарегин бериңиз.

– Аны бере албайт экенмин. Кечирип кой.

– Мен билем үйүн,- жанатан бери бул жайдын караңгы бөлүгүндө үнсүз отурган дагы бирөө шашпай басып келди.

ххх

Тилек түн киргенче күттү. Айланада чегирткелердин сайраганы гана угулуп калган учурда бир кезде акчаларды каткан баягы ичке колотту көздөй жөнөдү. Өзү белгилеген жерди айныбай тапты. Майда таштарды үйүп койгон болчу. Шарта-шурт аларды алды да, казып баштады.

ххх

Үйүнө тээ түн бир оокумда кайтты. Каалганы ачып киргенден кийин гана атасы келбегендигин билди. Жүрөгү “шуу” дей түштү. Алдастап кетти. Ар жак-бер жагын элеңдей карап көп нерселерди ойлоп жибергенге жетишти. Капыстан жерде жаткан кагазды көрдү. Кыязы, каалганын жылчыгынан ыргытылса керек.

“Атаңды тирүү көргүң келсе, акчанын кайда экенин ушул номерге жазып жөнөт” деп жазылыптыр ак баракта. Телефон номер жазылган. “Эми эмнеси башталды?” муштуму менен дубалды тарс эте бир урду...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Beka1986
2021-07-05 09:11:55
Эмне аз,я
+1
Beka1986
2021-07-05 09:12:07
Көп көп жазгылачы
+2
Nurtoruk
2021-07-05 12:48:34
аябай эле азго
0
akmanai
2021-07-05 13:43:46
Коп нерсеге башы жеткен Тилектин атасын башкалар уурдап кетээрине кантип башы жетпейт?? Атасынын ордуна башка деле киши табылмак да "эгер бир жолун тапса"
0
№ 969, 1-7-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан