Алтынай Самарбекова, ырчы Адилет Азимовдун фанаты: “АДИЛЕТ БАЙКЕНИН ЫРЛАРЫ, СУЛУУЛУГУ, АК КӨҢҮЛДҮГҮ ЖАГАТ”

11 жаштагы Алтынай Самарбекова ырчы Адилет Азимовдун фанаты. “Ооруканада жатканымда Адилет байкем келип туулган күнүмдү куттуктап кеткен” деп кубануу менен айтып берди каарманым. Ырчыны “Адилет байкем” дейт экен ал. Алтынай жана апасы Эльвира Ниязова менен маек курдук.

– Алтынай, кандайсың? Өзүң жөнүндө айтып берчи.

– Саламатсызбы? Мен Алтынай Самарбековамын. 2010-жылы төрөлгөм. Туулган күнүм 14-февраль. Жайыл районунун Суусамыр айлында окуйм.

– Мектепте кайсы сабактар жагат?

– Математика, көркөм өнөр, англис тили. Математикадан жакшы окуйм. Бирок көбүнчө ооруканада болуп, мектепке көп бара албай калам.

– Эмне болуп оорудуң?

– Башында бутум ооруп ооруканага келсек, жаткырышып, моюнумдан биопсия алышкан.

– Бул тууралуу Эльвира айым сиз айтып берсеңиз.

Эльвира Ниязова, апасы:

– 2016-жылы кызыма кургак учук деп туура эмес диагноз коюшуп дарылашкан. Баспай калганда гана өпкөсүндө шишик бар дешип, онкологияга которушту. Ошол учурда бир өпкөсүнүн жармы жок калган. Дарт жеп коёт экен. Өпкөсүн алмаштырабыз дешти. Бирок кепилдик жок болгондуктан операцияга уруксат берген жокпуз. Азыр да врачтардын көзөмөлүндө турабыз. Бизди караган врачтарга рахмат, кызым азыр жакшы. Өзүбүз Суусамырдан болобуз. Ал жакта жолдошум, бала-чакам бар. Мен Алтынайга карап, кичүү кызымды да жаныма алып келип Кара-Балтадан ижарага батир алып жашап жатам. Бишкекке ооруканага бат-баттан барып турабыз. Азыр Алтынай гепатит С менен ооруп калып дарыланып жатат. Ошондуктан кызымдын көңүлүн чөктүрбөгөнгө аракет кылып жатам.

– Алтынай, азыр ден соолугуң кандай?

– Жакшы. Кээде бөйрөк жагым ооруп калат. Ошондо ооруканага барабыз, мага тамчылатма дары сайышат.

– Эми Адилет Азимов тууралуу сүйлөшөлү. Ырчыны кайдан таанып, жакшы көрүп калдың?

– Адилет байкени телевизордон көрчүмүн. Анын ырдаганы, өзү, мүнөзү, сулуулугу, ак көңүлдүгү жагат. Азыр “Барам, барам”, “Ачууланбачы” деген ырлары жагып жатат.

– Сен аны менен жолуккан экенсиң, ээ?

– Мен апама “Туулган күнүмө Адилет байкени чакырып бериңизчи” дегем. Биз жаткан ооруканада иштеген медайым аны тааныйт экен. Ошол эже чакырып берген. Адилет байке белек алып келген.

– Кандай белек алып келди?

– Биринчи жолу келгенде жумшак оюнчук, мөмө-жемиштерди алып келди. Ошондо экөөбүз сүрөткө түшкөнбүз. Андан кийин туулган күнүмдө экөөбүз түшкөн сүрөттү чыгарып алып келген. Адилет байкени көрүп сүйүндүм. Келбей коёт деп ойлогом. Вотсапптан жазышып турабыз. Туугандарымдын тойлоруна Адилет байкемди чакырам. Ал келип бекер ырдап берет. Мен башка ырчылардын ырларын көп укпайм. Адилет байкенин ырларын дайыма угам.

Апасы: – Алтынай химиотерапия алганда Адилеттин ырларын угуп жатчу. Ошондо медайым кызымдын Адилетти жакшы көрөрүн билип калган. Ал ырчынын айылдашы болот экен. Экөөбүз кызымдын туулган күнүнө сюрприз кылалы деп Алтынайга айтпай чакырганбыз. Анткени Алтынай “Адилет байке туулган күнүмдө келсе” деп кыялдана берчү. Бирок келет деп ишенген жокпуз. Жаш баланын шагын сындырбай, продюсери Зарина деген кыз экөө белектерин көтөрүп 2 ирет келип кетишти. Ыраазы болдук. Экөө сүйлөшүп, чогуу ырдашты. Алтынай аябай кубанып, “ал мага келди, силерге эмес“ деп палатадагы бейтаптардан кызганган. Азыр колу бошобой көптөн бери сүйлөшүшө элек.

– Алтынай, эмнени кыялданасың?

– Аман-эсен чоңоюп, доктур болсом деп кыялданам

– Бардык кыялдарыңа жет! Тез айыгып кет, ооруба!


Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
Адилет Азимовдун фанаты Алтынай: “Химиотерапия алып жатканда Адилет аганын ырларын укчумун”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 969, 1-7-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан