«КҮЙӨӨМДҮ КОШУНА КЕЛИНДЕН КЫЗГАНЫП...»

– Папи?

– Оу, балам.

– Сен апамды неге жакшы көрөсүң?

– Апаңды жакшы көрбөсөм таенең урушат да (жубайын карап күлүп).

– Мени жакшы көр.

– Сени ансыз деле жакшы көрөм, бөжөгүм десе. Таң атпай ата-бала бир нерселерди кобурашып, бири-бирин кытыгылап уйку беришпейт. Анан мени тургузуп баштайт. Эртең менен балдарга тамак берем, күйөөмдү жумушка жөнөтөм. Айтор, үйдүн оокаты, балдардын түйшүгү менен бош убакыт деле болбойт. Жай турмушта бекем ишенимде жашаган катардагы үй-бүлө элек. Эки уулубуз бар. Үйүбүз жатакана тибинде болгондуктан кошуналарыбыз менен аябай жакын жашайбыз. Күн ысыкта тамак бышырган плиткаларын баары коридорго алып чыгып жасашат. Кечкиге тамакты даярдоо өзүнчө узак процесс, ушакташып, ар кайсыны сөз кылып, бири-бирибиздин балдарыбызды, күйөөлөрүбүздү сүйлөшүп калабыз. Биз жашаган үйдө домофон коюлбагандыктан акыркы айларда көп буюмдар жоголчу болду. Бир күнү менин баламдын бут кийими, эртеси кошунамдын баласынын коляскасы, анысы аз келгенсип ууру коридордо турган муздаткычтагы кыямдардан бери уурдаганды адат кылып алды. Маңдайыбызда жашаган кошунабыздын күйөөсү техника буюмдарын сатчу, ошол киши коридорго камера коймой болду.

– Камера коёлу, ууруну бат эле табабыз.

– Ии, ошентиңизчи, болбосо коридордо оокат калбай калды, бүт уурдап кетип жатат,- биз кубаттадык. Камера койгондон көпкө узабай эле ууру дайын-оту менен жоголду. Эч нерсебиз жоголбой эле мурунку жашообузга кайтып келдик. Бирок бул камера биздин үй-бүлөнү аз жерден бузуп жиберейин деди. Адатта келиндер бош отурганда кимдин күйөөсү каякта иштейт, эмнеге кызыгат, үйгө саат канчада келеринен бери айтып беребиз. Менин күйөөмдүн жумушу кечинде жакшы болот, ошондуктан үйгө кеч келет. Бир жолу коңшу келин экөөбүз сүйлөшүп отурсак:

– Эже, сиздин күйөөңүз кеч келеби, эрте келеби такыр ишиңиз жок, ээ? Бир аз катуураак кармабайсызбы. Көзөмөл болбосо эркектер каалашынча туруп-басып, “гүл жыттап” жүрө беришет,- деген кеңешин айтып калды. Сөзүнө маани деле берген жокмун, чынында. Өзү күйөөсүнөн көп шекшийт, мени да ошондой кылгысы келип жатат деп койдум.

Бир күнү кошуна бөлмөдөн идиш-аяктардын сынган үнү, кошуна келиндин ачуу кыйкырыгы угулду. Чыксам эле кошуналардын баары урушуп жаткан аял-күйөөнү ажыратып жатышыптыр. Аялынын чачы сапсайган, ыйлагандан көзүндөгү тушу капкара болуп бетине агып калыптыр. Көрсө, уруш кызганычтан чыгыптыр. Андан мурунку күнү күйөөсү үйүндө түнөгөн эмес. Эртеси ал күйөөсү аялынын телефонунан шектүү жазышууну окуп калат да, дароо камераны караганга чуркайт. Чын эле келиндин үйүнө көк спорттук костюмчан мырза түндө келип, 3 сааттан кийин чыкканы билинет. Күйөөсү видеону аялына көрсөтсө, ал ар кайсыны айтып актанып жатты. Келиндин актануусу канчалык чындыкка жакын билбейм, бирок менин күйөөм да такай көк спорттук костюм кийип жүрчү. Ошону ойлоп алып ичимден бушайманмын. Менин бозоргон өңүмдү сураба, кошуналар деле байкап калышты окшойт. Үйгө кирип эле жолдошума чалып, ызы-чуу салып баштадым.

– Дал сенин көк спорттук костюмуң, кара кепкаң, анчалык дал келүү мүмкүн эмес! Жашабайм! Ажырашам!- дедим.

– Эй, сен үйдө отура берип жинди болуп калдыңбы? Күйөөсү бар кошуна келинге барып эмне кылам, мээң жайындабы?- деп сүйлөндү. Эч нерсесин уккан жокмун. Көз алдымда баягы видеодогу көк спорттук костюм менен кара кепка туруп алды. Эртеси кичүү баламды алып, улуусун таштап апамдыкына кетип калдым, телефонду өчүрдүм.

Арадан үч күн өттү. Күйөөм чалган жок. Ичимден “күнөөсү бар да, ошону билип бети чыдабай жатат” деп койдум. Бир жумадан кийин айылга кеткен кошунам чалып, тиги күйөөсүнүн көзүнө чөп салган келиндин “кылмышын” ачыктап берди. Ал келин чындап эле жеңил жүргөн аял экен, көңүлдөшүн үйүнө чакырганда таанылбасын деп менин күйөөмдүн эшиги ачык турган унаасынан спортивкасы менен кепкасын алып кийгизип, үйүнө киргизиптир. Чыкканда жигити чечип, кайра ордуна коюптур. Аны тиги кошунам көрүп калат. Айтор, биринчи укканда ишене берген эмесмин, бирок таразалап көрсөм чындыкка жакындай. Эртеси баламды көтөрүп алып үйгө бардым. Күйөөм үйдө жок экен. Кошуналар “сиз жок күйөөңүз бала менен аябай кыйналды, же бизге таштабайт. Кечке балаңызды салып алып унаа менен иштеп жүрөт” дешти.

Күйөөм кечинде келди, аябай талашып-тартышып уруштук. Ал менин шекшигениме, күмөн санаганыма ачууланды, жини келди. Көк беттигимди карматып мен да күнөөмдү толук моюнума алган жокмун. Айтор, бул окуядан улам аял-күйөө ортосундагы ишеним баарынан кымбат экенин түшүндүм. Ишеним айлап-жылдап жаралат тура, кимдир бирөөнүн күмөн сөздөрү бат эле ал нерсени уратып койбош керек экен. Түгөйлөр ортосунда ишеним бекем болсо баарын жеңет.

Айнура

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 970, 8-14-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан