60 жаштагы Таалатбек Масадыковду коомчулук эл аралык саясатта, коопсуздук маселесинде такшалган адис, мыкты дипломат деп тааныйт. Ал бир топ жыл билим берүү системинде, Бириккен улуттар уюмунда атайын миссиянын алкагында чет өлкөлөрдө иштеген. 2017-жылы Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоого талапкер болуп, жыйынтыгында 5-орунду ээлеген. Бул арада Сооронбай Жээнбековдун бийлигин "кадр саясатын талкалады" деп сындап, буга ошол кездеги президенттин айланасындагы команданы айыптап келген. Масадыков шайлоо системин түп тамырынан алмаштырып, бийликке реформатор, таза адамдардын келишине жол ачуу керек деген пикирди карманат. Буга чейин коомчулукта Масадыковдун тажрыйбасын мамлекет пайдаланышы керек деген пикирлер айтылып келген. Ошондон уламбы, анын кызматка дайындалышын көпчүлүк колдоого алып, Масадыковго үмүт артып турушканы байкалат.
Жолдубек Качкынбаев