КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Маржан үйгө киргенде эле маңдайынан жолдошу чыкты.

– Эмне көздөрүң кызарып калган?- аялынын кыйналып жаткандай кебетесин көрүп Болот чочуп кетти.

– Жумуш көп, ошондон эле болсо керек,- чыгарда өзүмдү күзгүдөн бир карап албапмын деди ичинен Маржан.

– Акыркы жылдары жумушуң сага оор боло баштаганы байкалып жатат. Дайыма чарчаңкы абалда жүрөсүң. Маанайың да суз. Балким, жумушуңдан чыгып үйдө эс аласың? Ушинтип жүрүп ооруп калсаң эмне болот?

– Төрт дубалды тиктеп үйдө жата аламбы?

– Ой, эми үйдөн такыр чыкпай калмак белең, каалаганыңды кылып жүрө бер, дүкөн кыдыр, салонго бар дегендей,- чын эле аялына жаны ачып турду. Маржандын кыйналып жүргөнүн байкап эле жүрөт. Жумушу оор деп ойлоп койчу. Жумуштан чыгып эс алса эле аялы жаркырап көңүлү ачылып калчудай болуп жатат. Анын ичинде башка көйгөйү бар экенин Болот кайдан билсин? Маржан чарчадым деп жатып алды. Болоттун маңдайында отурууга дарманы жок эле. Оюнун баары Байэлде. “Эптеп бир жолун таап кыздан алыстатышым керек. Эрте тапсам, Баатырга мурун эле айтсам эмне, балким, экөө башта эле тууган болуп таанышмак. Карындашы менен сүйүшүп калат деген эмне шумдук? Бул да болсо Кудайдын бизге кылган жазасыдыр. Эх, биз го биз. Балдарда эмне күнөө? Буларга биздин кылганыбыздын запкысын тарттырып жатабыз. Ушунун баарына мен күнөөлүүмүн...”

Мындай ойлордун учу үзүлбөй койду. Маржан таң атканча өзүн жеп чыкты. Уктамыш болуп дубалды карап жатканы менен, түнү бою уйку бетин көргөн жок. Таң сүрүп жерге жарык киргенде эле туруп, үйдөн чыгып кетти.

ххх

Арс үчүн алдыдагы беттеш мааниге деле ээ болбой калды. Ойлогону эле Аделя. Байэлге болгон кыжырдануусу боюнан ашып, сүйүүнүн азабын тартып турган чагы. Канчадан бери сактап жүргөн режимин бузуп, түндө ичимдик да ичип алды. Таңды көчөдө унаасында атырды. Кечээ тартылган телефонундагы Байэл менен Аделянын бактылуу сүрөтүн карап жинденип отурду. Аделя андан качкан сайын Арстын кубалап жеткиси келип жатты. “Мендик болбойсуңбу, Байэлдики да болбойсуң! Мен жөн турбайм. Эч болбосо тынчтыгыңарды, ынтымагыңарды бузам” деп рулду бир муштады. Саатты карады да, дароо кимдир бирөөгө телефон чалды. Ага бир даректи айтып, ошол жактан жолугарын макулдашты да, газды катуу басып унаасын учурган бойдон айдап кетти. Аделянын үйү жактан бир жигит менен жолукту Арс. Өзү колуна гүл көтөрүп алган. Тиги жигитке колун жаңсап, Аделянын үйү жакты көрсөтүп аябай бир неселерди түшүндүрдү да, унаасын айдап барып Аделянын дарбазасынын алдына токтоп, коңгуроону басты. Бир аздан кийин дарбаза ачылып сумкасын көтөрүп Аделя чыкты. Бул убакта Аделя сабакка жөнөйт. Айбек келди окшойт деп шашып чыккан, Арсты көрүп алайып туруп калды.

– Кандайсың?- Арс жакындап гүлдү сунуп, кызуулугуна салып кыздын бетинен чоп эттире өөп алды. Аделяга ичимдиктин жыты бур дей түштү.

– Келбеңиз дебедим беле сизге? Эмне, ичип да алгансызбы?- Аделя акырая карап гүлдү түрттү.

– Алып койчу, мен сага атайын алып келдим. Көрдүңбү таң атпай келдим. А тигиниң болсо беймарал уктап жатат.

– Уф-ф, макул, алайын, бирок башка кайталабаңыз. Барып, эс алыңыз, үйдөгүлөр көрбөсүн.

– Кетем азыр. Бирок, элестет, Аделя, ичим өрттөнүп жатат, мен сени сүйөм, а сен башканы. Болгондо да менин душманымды,- жигит көкүрөгүн каккылай.

– Чүш, болдуңуз!

– А мен башкаларды сүймөк турсун, көрбөй жатпаймынбы. Сен менден качкан сайын мага жашоо кызыксыз. Беттештер да калды,- Арс колун шилтеди да, унаасына отуруп учурган бойдон айдап кетти. Ал кеткенден кийин эле Айбек келип токтоду.

– Эмне кечиктиңиз?

– Тыгын кычап...

– Аз жерден эшиктин алдында концерт болуп кете жаздады.

– Тиги Арспы?

– Дал өзү?

– Ии, ага эмне болгон, өлөрүнө карабай?

– Билбейм эмне болгонун,- сөздү көбөйткүсү келген жок.

– Гүлчү,- Айбек күзгүдөн Аделяны карап ачууланып турганын байкады. Андан ары эч нерсе деген жок. Унаа окуу жайдын алдына токтоду.

– Муну жеңеме берип коюңуз, өзүңүз алгандай болуп.

– Эмнеге?

– Жөн эле. Сөзсүз эле бир нерсе болгондо бермек беле, кызыксыңар,- унаанын эшигин тарс жаап басып кетти Аделя.

ххх

Байэл Тахир менен жүрүп үйгө кеч келип жаткан. Ал жаткандан бир аздан кийин эле шырп-шырп деген үн угулуп уктай албай койду. Терезеден караса бирөө көчөнү шыпырып жатыптыр. Бир аз чыдап койсом кетер деп кайра жатты. Жарым саат өттү, токточудай эмес.

– Эй, сен уктатасыңбы?

Тигил укмаксан боло өз ишин уланта берди.

– Эй, сага айтып жатам, таң атканда шыпырсаң болбойбу? Мен сенин айыңдан уктай албай жатам. Кетчи, болду, шыпырып деле бүттүң го. Эшик тынчып калды. Байэл эми таттуу уйкуга киргенде телефонунан ойготкуч чырылдап калды. Турбаска чарасы жок, бүгүн болгондо да балдарды Капар чогултуп жаткан. Ал кечиккендерди жаман көрөрүн Байэл жакшы билет. Абакта отуруп чыккандан бери убакытка өтө так болуп калганын айтып калышат. Байэл айтылган убакытка Капар жайгашкан дарекке келди. Сырттагы жигиттер Байэлди түз эле ичке киргизип жиберди. Капардын жанында беймарал чай ичип отурушканына караганда Баха менен Тахир небак эле келген көрүнөт. “Капар дегенде уйкулары качып калат көрүнөт. Булар укташкан деле эмес го” деп ойлоп жиберди тигилердин жанына келгенче.

– Ассалом алейкум!

– Алейкум салам,- Капар саламды алик алып жатып саатын карады. Кыязы, кечикпей келдиби деди көрүнөт.

– И-и, кел, чайга отур,- маңдайына кол жаңсады. Өзү болсо адаттагыдай хандын тагындай болгон үстөлүндө отурат.

– Мына, биздин чөйрөгө аралашканыңа көп эле убакыт болуп калды. Бизге эч ким сага окшоп оңой жол менен келген эмес. Сен беттеш күнү шефке көрүнүп калганың үчүн ушундай болду. Сага суктанып жаныбызда жүргөнгө ашыгып канчасы жүрөт? Так что, Бася, ордуңду бил,- Баха чайын шорулдата ууртап чыныны столго койду да, кебин андан ары улантты. Капар кээде көз кыйыгын Байэлге салганы болбосо, калыбынан жазбай отурат. Бул маалда Тахир бөлмөдөн чыгып кетти.

– Пайда бере турган өсүмдүк дайыма убакытты, камкордукту талап кылат, аны баарыбыз билебиз. Сен өзүңдү ошол түшүм бере турган өсүмдүкмүн деп эсепте. Зыянынан башка пайдасы жок отоо чөп эмессиң да. Эми сен Тахирдей болуп өзүң чоң маселелерди чечип, чоң суммаларды тартып келе алгыдай болушуң керек,- тренинг өтүп жаткандай берилип сүйлөп жаткан Бахага Тахир бир кара папка алып келип берди.

– Бардык маалыматтар бар,- Тахир ордуна отурду. Ичин ачып бир сыйра карап чыкты Баха.

– Байэл, сен иштин жөнүн түшүнөсүң. Мына бул папкада капыстан байып кеткен бир аялдын таржымалы бар. Күйөөсү бир олигарх болчу. Өмүрү кыска экен, өтүп кетти. Бар байлыгы бүт аялында калды. Бир уулу бар, ал үчүн аял баарына даяр. Сенин түшүм берер маалың келди. Кандай пландайсың, аны өзүң билесиң. Эгер планың жарабай калса өз башың менен азабын тартасың. Эрежени билесиң, бизди сата турган болсоң бизден тирүү калбайсың. Кызылдарсыз, эч кандай маселе жаратпай чоң сумма өндүрөсүң, бизнестерине доляга отурасың, айтор, мүмкүн болушунча аракет кыласың,- Баха папканы Байэлди көздөй ыргытты.

– Канча убакыт?

– Мага десе бүгүн, баары сенин колуңда. Өлүмдөн башканын баары эрте болгону жакшы да. Сен бошсуң, Байэл. Өзүңө, бизге, ишиңе баарына сак болуп, планыңды түзө бер. Планың бышканда байланышка чык, калганына мен жардамдашам,- Тахир Байэлди сыртка узатып жөнөдү.

– Документтерди жоготуп алба. Ал көптөгөн эмгек менен чогулган. Бася, Бася, эми сага ийгилик!- сыртка чыгып бара жаткан жигитти узата карап Баха ушуларды сүйлөдү.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
alym21
2021-07-19 11:32:53
Альфонс болуп кетпесе болду эми
0
№ 971, 15-21-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан