"ЭЧ КАЧАН ӨКҮНБӨЙМ"

– Алло, Альбина, кандайсың?

– Нуриза, сенби? Турмушка чыкканы жоголуп кеттиң го. Өзүң кандай жүрөсүң?
– Рахмат, жакшы эле. Баш-отум менен үй-бүлөлүк жашоого кирип кетпедимби.
– Сени жолдошуң менен ажырашып жүрөт деген кептерди уккан элем. Чынбы?
– Ооба. Жаман кабар бат тарайт тура.
– Эмне болду?
– Биздин мамилебиздин бузулушуна башка бир аял же жетишпестик себеп болгон жок. Баарына кайнатам жана кайнежем күнөөлүү. Жолдошум болсо аларды ордуна койгондун ордуна жашообузга мурдун тыкканына макул болуп, сөздөрүнө кирип мага каршы чыкканы үчүн күнөөлүү. Мен алар менен катышпай, сүйлөшпөй койсун дебейм. Болгону жашообузга аралаштырбашы керек эле.
Атасы мени башынан эле кабыл алган жок. “Эшик кагып, бешик түрткөн жубан” деп буга чейин үйлөнбөгөн уулун мага ыраа көрбөдү. Ортобузга кайненем көпүрө болчу. Ал мени кызындай жакшы көрүп, жылуу сөзүн аяган жок. “Уулум сени менен жашап жатканда жүрөгүм тынч. Сен аны өзгөрттүң. Айланасындагы жүрүм-туруму начар досторунан куткардың, ичпей, үйгө байырлап калды. Сага үйлөнгөнү иши жүрүшүп, байый да баштады” дечү. Көп сырдашчубуз. Буга кайнежемдин итатайы тутулуп кетчү. Чындыгында Замир мага жолукканы ачыла баштады. Багытын тапканга жардам бердим. “Берекелүү аял жолдошуна ийгилик чакырат” дешет го. Мен ошондой аял болдум окшойт. Бат эле жолу ачылып иши жүрүшө баштады.
– Кайненеңе эмне болду?
– Тилекке каршы, кайненемден айрылып калдык. Жолдошум ага аябай жакын эле, өзүн таштап салды. Атасы араң тургансып “апаң сенин аялыңдын башкача болушун каалачу. “Биз менен чогуу жашаса” деп кыялданчу. Сен жаныма келип жашабасаң өлүп калам” деп коркута баштады. Жолдошум эки оттун ортосунда калып, катуу өзгөрүп кетти. Жакын адамынан айрылып калган жолдошумдун арманын түшүнгөнгө көп аракет кылдым. Алаксытып саякатка алып барып келдим. Күйүтүн айыктырганга, жан дүйнөсүндөгү боштукту толтурганга бар күчүмдү жумшадым. Окшошпой койду. “Атама кетем” деди. Коё бердим. Ата-баланы айыргыдай мен киммин? Башка бирөө ортобузга от жакса кекиртегин жулуп алат элем. Анын үстүнө кетем деген адамды байламак белем?
– Кош бойлуу экениңди билеби?
– Билет. Өзүм чалып кабарладым. Башында ишенген жок. Эптеп аны кетирбей кармап калууга аракет кылып жатат деп ойлоп, көңүлүмдү оорутту. Болбосо наристелүү болууну 5 жыл күткөн элек. Айрыкча апасынан айрылгандан кийин жолдошум “бала төрөп берчи, балким, алаксып, жараатым айыгат” деп калган.
– Кызыңа кандай ата болду?
– Күйөөм жаман адам эмес. Кызымды өгөйлөп бир да жолу катуу сүйлөгөн жок. Кымбат белектерди алып берип өз баласындай көрчү.
– Жарашууга аракет кылып жатабы?
– Кылып жатат. Бирок көңүлүм ооруп калганга кечире албай жатам. Мага да убакыт керек окшойт. Анын үстүнө өзгөрүшүн күтүп жүрөм. Экинчи баламды да атасыз калтыргым келген жок.
– Сагынсаң да керек?
– Албетте. Таламымды талашкан, көзүмдү караган Замиримди сагынам. Ушунча жыл чогуу жашап, көнүп калган адамды коё берүү оңой эмес экен.
– Аны кечире аласыңбы?
– Балким. Эгер кылган жоруктары үчүн чын дилинен менден, ата-энемден кечирим сураса кечире алам. Кудай кечирип жатканда, мен ким болуп кетиптирмин?
– Ата-энеңди да таарынттыбы?
– Ирээнжип калышты. Мурдагы жумшак, ак көңүл адам оозго алгыс сөздөр менен сөгүп жатканда тааныбай калышты.
– Сага достор “ошого тийбей эле койчу” дешти эле. Өкүнгөн жоксуңбу?
– Жок. Бул менин тандоом. Аны тандаганыма эч качан өкүнбөйм. Азыр жашоо мага оңой болгон жок. Бирок алдыда жаркын келечек күтүп турганына ишенем.
Эми сен тууралуу сүйлөшөлүчү. Арманымды айта берип өзүң тууралуу сурабай калыптырмын го (күлүп). Турмушка чыктыңбы?

– Силердин арманыңарды уга берип психикам талкаланды, хе-хе. Тийгим келбей калды.
– Бизди укпа. Сенин жашооң башка да. Бирок шашпа.
– Аның туура. Эми арманыңды эле эмес, жакшы кабарыңды айтып чалып турсаң.
– Ха-ха, макул. Төрөгөндө чалам, ээ? Жакшы кал!
– Жакшы кал!

Альбина

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Merelisha
2021-07-19 14:19:47
Көпчүлүктөн ушул сөздү угупмун. Психкамы бузуп атасыңар,күйөөгө тийбейм дегенин.)
+2
Erlan_95
2021-07-20 03:52:12
Скука полная
+1
Mister-XXX
2021-07-23 02:33:25
Менимче,ажырашкан келиндин өзүндө күнөө бардай го...
-1
№ 971, 15-21-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан