КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Ким?- тапанчасын алып чыгып, үн чыккан тарапты каратты.

– Мен Саша, ач...

– Сен кантип кутулдуң?

– Кантип кутулмак элем?! Өлтүрүп кутулдум.

– Сен мени алдай албайсың! Энеңдурайын жүнбаш!

– Марс, айкырышып тура беребизби экөөбүз? Ач, анын өлүгү багажда жатат. Көрсөң ишенесиңби?

Марстын аргасы кете түштү. А балким, чындап өлтүрүп, өлүгүн салып келген болсочу?! Аны бир билсе киргизип туруп билет. Башка арга жок.

– Чоң дарбазаны ачпайм. Ачкычың өзүңдө го. Калиткадан кир!- буйрук берди да, бир киши батчу эшикти тапанчасы менен шыкаалап мээлеп туруп калды.

Мурдунан аккан каны кургай элек, бети-башы тытылган Саша аста гана кирип келди.

– Марс, мен аны өлтүрдүм,- деди.

– Марс байке, ишенип болбойт! Бул орусуңа ишенип болбойт,- деп тызылдап жиберди Мирбек.

– Ал экөөбүз алышып кеттик. Же мен, же ал өлүшү керек болчу. Фортуна бүгүн мен тарапта болду... Кааласаң, Мирбек, менин башыма тапанча такап тур. А сен, Марс, чыгып багажникти кара! Бир жаман жери – акчанын кайда экенин айтпай өлүп кетти...

– Бас бери!- Мирбек шапа-шуп басып келип, Сашанын башына тапанча такап туруп калды. Ал муну шашып жасады. Тим эле ар бир кыймылынан сыртка мени жөнө дегенче, муну мээлеп туруп калайын деген ой окулуп калды.

– Туура эмес бир нерсе байкасаң, дароо атып ташта,- деди Марс Мирбекке буйрук менен.

Колдорун майда калтырак баскан Мирбектин чекесинен тер сызылып агып баштады. А Марс болсо калиткадан чыгып эле Сашанын машинасын көрдү. Салондо эч ким жок экени дароо эле көрүндү. Аста барды да, багажникти ачты. Тилек канга чыланып, эс-учун жоготуп жатыптыр. Дем албайт. Демек, Саша алдаган эмес. Кыязы, бычак менен бышып салган окшойт.

– Туй энеңдурайын, даана тупикке келбедикпи! Эми эмне кылабыз?- Тилектин өлүгүн кайдыгер карап үн катты. Кайрадан багажникти жаап, СТОго кирип келди.

– Эй, Саша, эмне кылабыз эй?! Мына бул дарбазаң ачылабы? Жанатан бери шайды алды...

– Ачылат. Тиги кичинекей зымды улаштырыш керек.

– Аа. Жанатан бери лом менен түртөм же анымдан майнап чыкпайт. Мирбек, коё бер, ташта болду тапанчаны! Саша алдабаптыр...- сүйлөп бүтүп эле, Саша айткан кичине зымды улаштыра баштады. А Мирбек болсо бир топко чейин ишенбей өзүнө-өзү сак болуп, дене-башы жыйрылган боюнча туруп берди.

Бул арада жашыруун электр тогуна кошулган СТОнун дарбазасы жайма-жай гана өйдө көтөрүлө баштады. Жанараак эле дене боюн дүркүрөтүп жаткан коркунучту кайдадыр жоготуп, Марс Сашанын унаасын өзү от алдырып ичкери айдап киргизди.

– Муну эмне кылгансың?- деди анан ал дубалда үн-сөзсүз тамеки түтөтүп турган Сашаны карап.

– Көрүнбөй турабы? Бычактадым...

– Жок дегенде бир нерсе айтууга жетиштиби. Кичинекей “зацепка” болсо да...

– Ал жерде өмүр үчүн жан талаштым. Оюма эч нерсе келген жок. Эптеп тирүү калыш биринчи маселе болду... Жаны чыкканча бычактай берипмин, ойлоп көрсөм. Нес абалда болдум.

– Э-энеңдурайын, атасы да, баласы да пайдасыз болуп калганын карабайсыңбы?! Буларды эмне кылабыз, Саша?

– Билбейм. Атасы кана?

– Тетиги кичине “кладовкаң” бар экен го, ошого киргизип салдык. Ал дагы кандан-бектен тартпаган өрт неме экен. Бизден бир коркуп койгон жок. Баласына кошуп өлтүрүп туруп эле, тоо-поого алпарып көмөт окшойбуз... Кандай дейсиң?

– Башка арга жок. Тынчытыш керек,- деди Саша суз гана.

А Мирбектин болсо заматта көңүлү айланып кыйналып чыкты. Кычап азыр ушуну жумшашат. Сен өлтүр деп кыйнашпаса экен...

– Мирбек, чалды алып чыкчы,- айткандай эле Марс ага буйруду.

Аргасы кеткен кишидей жана Марс “кладовка” деп атаган кичинекей төрт чарчы бөлмөдө байланып жаткан Тилектин атасын улкуп-жулкуп алып чыгып баштады.

– Э чал, балаң тынчыптыр го,- деди Марс анын башындагы мүшөктү чечип. Тээ жанатан булардын сөзүн угуп, уккан кулагына ишенбей бүлкүлдөп ыйлап жаткан экен ал. Ата да. Уулун жоготконуна ишенип-ишене албай үн-сөзсүз боздоп жатыптыр.

– Брат, башын жаап койчу,- Саша башын булкуп алып суранды. Кыязы шилекейи агып боздоп жаткан Тилектин атасынын алдында турган ага ыңгайсыз болуп кетти окшойт.

– Калп эле эзиле бербей ишти тез-тез бүтүрөлү. Абышканы ким жайлайт? Сөөктөрүн бул жактан алып чыкпайбыз. Тигил жакта чоң бочкалар бар, ошого кислотадан куюп денесин эритип жиберебиз... Эч ким таппайт,- Саша мындай ишти далай ирет жасаган адамдай жайбаракат сүйлөп жатты.

– Мирбек, ат!- көздөрү алайып турган Мирбекке Марс өктөм сүйлөдү.

– Жок, байке, киши атып көрө элекмин. Колум барбайт...

– Ай энең, назиктигин кара! Опер болуп коёт дагы...- ишенимдүү түрдө эле ишке ашырчудай СТОнун түбүнө Тилектин атасын сүйрөп жөнөдү. Бирок анын ишенимдүүлүгү абышка аны тик карап туруп алганда эле түгөндү. Жалдырап, мөңгүрөп калат деп ойлосо, тескерисинче, ызырынып карайт да.

– Балаң өзүнө-өзү кылып салды...

– Эй, берчи, эмне эле эзилесиң?! Өзүм эле атып таштайын!- арттан Сашанын үнүн угуп кубанып кетти. Деген менен артын ойлоп көрсө абышканы деле Сашанын колу менен өлтүргөн туурараак болчудай. Сашаны бир тиктеп алды да:

– Сенин эле колуңдан келбесе...- деп тапанчасын ага сунду. Бирок тапанчаны алып эле абышканы атып жибермекчи болуп жаткан Саша, тескерисинче, Марстын өзүн каратып туруп калса болобу?!

– Эй, Саша?

– Жап жаагыңды!

– Мирбек!- жан талашып Мирбектен жардам келчүдөй ал тарапты карады. Эми гана байкады, Мирбек жерде сулап жатыптыр. А анын жанында болсо, колунда темир “монтировка” кармап, кийими канга чыланганы менен, өзү сопсоо болуп Тилек туруптур.

– Ах, суки!- Марстын мээсине эми жетти. Саша Тилекке кошулуп буларды алдаган тура...

ххх

– Сен баары бир эч жакка кача албайсың, - деди бир убакта Мирбек менен кошулуп столго чырмала таңылып жаткан Марс Тилекти карап.

– А сен карап турсаң...- Тилек Марсты далыга таптап койду...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mubarak
2021-07-30 22:52:35
Еми эмне болот
0
№ 972, 22-28-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан