Ырчы, модель, дизайнер-модельер, өзгөчө образдары менен элдин эсинде калган Лира Seven турмуш жолуна аттанды. “Манас баатырдын экинчи версиясын төрөп бергим келет” деген ырчы кыздын жүрөгүн ким багындырды? Бул боюнча ырчы өзү айтып берет.
– Саламатсызбы? Конгон тууруңуз туруктуу болсун! Жолдошуңуз менен кайдан таанышып калдыңыз? Кандай мырза жүрөгүңүздү багындырды?
– Саламатсыздарбы, рахмат. Мага оңою менен жигиттер жакчу эмес, өңүнөн мурун мен аң-сезимине, ички руханий дүйнөсүнө, кыздарга кылган мамилесине, ниетине көңүл бурат элем. Экөөбүз Айнура деген улуу эжем аркылуу таанышып калганбыз. Ал Москвада эл аралык компанияда менеджер болуп иштейт. Эки жыл мурун жолдошум Александр да дал ошол жерде иштеп кеткен. Эжем экөө жакшы достордон болот. Былтыр мен Дубайда жүргөндө эжем телефон чалып “Лику, бир жакшы жигит бар. Мүнөзү, ак көңүлдүгү сага окшош, калп сүйлөбөгөн, жөнөкөй, акылдуу. Экөөбүз жакшы достордонбуз, таанышып көрчү” деп калды. Макул болдум. Мен Бишкекке учуп келгенден кийин пандемия күчөп дүйнө жүзүндө карантин башталып, үйдө отуруп калбадыкпы. Экөөбүз телефон аркылуу таанышып сүйлөшүп жүрдүк. Балким, бири-бирибизден уялдыкпы, жадакалса көп ай видеочалуу аркылуу да сүйлөшкөн жокпуз. Бирок жылдызыбыз келишти. Кызыгы, күнүгө сөзсүз түрдө бир сааттан ашык түрдүү темада кызыктуу сүйлөшүп турдук. Ар кайсы тармактарда кандай ачылыштар болуп жатканын талкуулап, IQ’бүздү текшергендей эле бири-бирибизди сынап жаттык.
– Анан качан жүзмө-жүз жолуктуңуздар?
– Бир күнү ал мени Москва шаарына чакырып калды. Аэропортко барсам каттамдар токтотулуптур. Жалгыз бир учак бар экен. Ал дагы пакистандык же индиялык студенттерди алып кетип жатыптыр. Шагым сынып, кайра үйгө кеттим. Экинчи жолку аракетим коронавирус күчөп жаткан учурга туш келди. Орусияга кирүү үчүн жүйөлүү себеп керек экен. Учуп кетүү өтө эле кыйынчылыктарды жаратты. Негизи эле жөн жүрө албаган кыз экенмин да. Ошентип отуруп үчүнчү жолкусунда араң учтум. "Эми кандай болот, тиги жигит жакпай калса кантем?" деп санааркап, кечке ойлонуп жаттым. Аэропорттон кучак толо гүл менен жылмайып тосуп алды. Толтура элдин арасынан бою узун, келишимдүү, кычырап турган жигит дароо эле көзүмө урунду. Анан ошол жигит меники болду.– Жолдошуңуз кайсы жактын уулу? Кайсы тармакта эмгектенет?
– Жолдошум менден бир жаш улуу. Алтайдан болот. Дал Манас атабыз төрөлгөн жер. Мына сага дал келүү (күлүп). Кесиби боюнча IT-адиси.
– “Манас атанын экинчи версиясын төрөп бергим келет” дедиңиз эле. Ал жагы эмне болот?
– Бул өзүнчө бир чоң тема. Баары ойдогудай болуп келе жатат. Бирок эрте эч нерсе айтпай турайын. Мен андай сөздү өлкөбүздүн паракорчулукка баткан мамлекетке айланганына, жаныбызда жеп-жутарлар толтура экенине, майдаланып, духу жок калкка айланып бара жатканыбызды ойлонуп, ичим ачышып бугумду, ой-толгоомду жазгам. Ал сөздү Жараткандан суранып жакшы тилек менен жазгам. Анда күйөөгө тиерим оюмда да жок болчу. Жашоо ушундай экен да, жакшы нерселерди тилесең, оозго сала бергендей Кудай берип коёт экен.
– Өзүмдүн адамымды жолуктурсам дароо тааныйм дедиңиз эле. Чын эле ошондой болдубу?
– Сүйлөшүп баштаганда эле өтө жакын адамымдай болуп, ишенич, өзгөчө сезимдер пайда болгон.– Үйлөнүү үлпөт тоюңуздар кайда өттү?
– Москва шаарында. "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" демекчи, көп пландарыбыз пандемиянын айынан бузулду. Чектөөлөрдүн айынан тойду жылдырууга да туура келди. Чынында, ушул жылдын башында эле расмий түрдө баш кошконбуз. ЗАГСка 5тен ашык кишиге уруксат берилбегендиктен көп жарыя кылбай, тынч эле өзүбүзчө кайненем жана эжекем болуп расмий кол коюп койдук. Кийинчерээк жакын туугандар менен бирге Мальдив аралдарынан же Түркиядан кече өткөрөбүз деп жакшы эле пландап жатканбыз. Анан пандемиянын үчүнчү толкуну башталып кетти. Ушинтип тойду жылдырып отуруп 19-20-июлга, Курман айтка туш келип калды. Тойдо өзүм тиккен шөкүлө менен көйнөктү кийдим, күйөөмө ак калпакты баса кийгиздим. Тыпыйып эле калдык.
– Эки улут куда болуп отурат, ата-энеңиздер кандай кабыл алышты?
– Баары жакшы болду. Бири-бирин жарым сөздөн түшүнүп жакшы тил табышышты. Буга чейин сарсанаа болуп жүрүшкөн да, эми жүрөктөрү тынч. Кайненем өтө түшүнүктүү, ачык-айрым адам. Мени өзүнүн кызындай эле кабыл алды. Экөөбүз жакын курбулардайбыз.
– Жолдошуңуз сизди кандай сапаты менен арбап алды?
– Күтүп жүргөн адамым мени тапты. Акылдуулугу, чечкиндүүлүгү, кайсы иш болбосун майын чыгара жасаганы, айткан сөзүнө турганы, айкөлдүгү жакты. – Азыр Москвада эмне иш менен алексиз?
– Жакшы пландарым бар, ошону ишке ашырышым керек. IT жаатында билим алып жаткам. Окуумду ийгиликтүү аяктасам дейм.
– Чыгармачылык, ишкерлик жаатта кандай жаңылыктарыңыз бар?
– Ушул жылдын август айында Сингапурда мода жумалыгы болот, дизайнер-модельер катары өзүм тиккен шөкүлө менен көйнөктөрдү көргөзмөгө коём. Башка улуттар кыргыз элин улуттук кийимдеринен тааныйт. Илгери шөкүлөнү тектүү жердин кыздары жаңы эле күйөөгө аттанып жаткан кезде кийишчү. Азыркы убакта унутулуп калбасын деп заманбап ыкмага салып тигип чыккам. Бүткүл дүйнө жүзүндөгү сулуу бийкечтерге кийгизип чыгарып, модага айлантуу максатын көздөп жүрөм. Дубайда өтүп жаткан “СССР ханышасы-2020” сынагына Кыргызстандын атынан катышып жаткам. Бирок, тилекке каршы, пандемиядан улам мөөнөтү жылдырылды. Өз колумдан даярдалып чыккан баш кийимдер менен көйнөктөрдү тигүүнү, "Design By Lira Seven" аттуу коллекциямды жаңылоону уланта берем. Ал эми чыгармачылыкта жарым жылдай тыныгуу кылып турайын деп жатам. Бул жылы сентябрда атам (ред.: композитор Догдурбай Урманбетов) концерт берет. Кийинки жылы, буюрса, Кыргызстанда концерт берүү планым бар. Жолдошум дагы барат.
– Концерттен көрүшөлү, буюрса. Сиздерге бакыт каалайбыз.
Динара Акимова