КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Капар өз сынынан жазбай тынч отуруп алып жанындагылардын көз карашын, сүйлөгөн сөзүн, кыймыл-аракетин дыкат талдап отурду.

– Мм, ишти болсо бердик. Кың дебей жөнөп кеткенине караганда көзү жетти көрүнөт. Кеңеш берип, жол көрсөтүп коюшубуз керек эмес беле?- Баха Капардын оюн билгиси келди.

– Өз алдынча иш жасап көрсүн. Кандай иш болбосун башынан ар ким өзү кылып көргөнү, өз акылын пайдаланганы жакшы. Бир нерсе болуп кетсе, ким эмне айтса ошону кылайын деп дөлдүрөп бирөөнүн ишаратын күтүп тура бербей, ойлонуп жолун табат,- деди Капар адаттагыдай эле бир калыпта. Ал бирөө иш кылып жатса киришпейт, жайына коёт. Ага айдама эмес, өз алдынча ойлонуп иш кыла алган, бирок пайдасын аны менен бөлүшкөндөр көбүрөөк жагат. Такыр эле иттей болуп чакырса келип, кет десе кетип, айдактаса үрүп жүрө бергендерди ал башка иштерге пайдаланат.

Байэл үйү жакка жеткенде унаасын токтотуп баягы кара папканы карап калды. “Бир уулу бар, ал үчүн аял баарына даяр” деген Баханын сөзү акылына кадалып калгандай улам-улам кулагына жаңыра берди. Рулду черткилеп, чылым чегип бир саамга унаада ойлонуп отуруп, папканы көтөрүп батирине кирип кетти. Уктоочу керебетине отуруп баягы папканын ичиндеги кагаздарды чача баштады. Чү дегенде эле арыкчырай, чырайлуу 30 жаштардагы аялдын, ага тиркелген 3-4 жаштагы баланын сүрөтүн көрдү.

– Мм, сулуу аял экен. Баласы да тим эле өзүнө окшош го,- Байэл кичинекей баланы бир топко карап отурду да, блокнотуна бир нерселерди жазды. "Мээге баарын сактайм деген болбойт, баары бир чаржайыт болуп кетет" деп минтип кагаз бетине жазып пландап иштөө керектигин Тахир үйрөткөн. Анан телефонун алып социалдык тармактарды ачып, аялдын аты-жөнүн жазып, аны ошол жактан издей баштады. Улам бирин ачып сүрөтүн көрүп, колундагы сүрөткө салыштырып жатып үч социалдык тармактан аялдын баракчаларын таап алды. Бирин калтырбай барактап, ар бир сүрөттү, видеону карап, анын алдындагы билдирүүлөрдү окуп чыкты. Көпчүлүгүндө күйөөсүн эскериптир, баласын кандай жакшы көрөрүн жазыптыр. Аялдын баласына болгон сүйүүсүн, сонун сөздөрүн окуп алып Байэл өзүндөгү эгерим толбогон боштукту сезди. Килейген киши болуп калса да энесинин сүйүүсүнө сугарылып өсүп жаткан балага эмнегедир ичи тарып кетти. Өзү ошол сүйүүнү сезбей калганына ызаландыбы, айтор, таноолору көөп, ачуусу жүзүнө чыга түштү.

ххх

– Ким болуп кетти, жаадырды го,- телефонуна катары менен түшкөн билдирүүлөрдүн үнүнөн улам жигит телефонун карады, жайнаган сүрөт келиптир. Көрө калайын десе интернет начар болуп, сүрөттөр ачылбай тура берди. Түндө тыңыраак уктабаганга телефонду карап жатып көзү илинип кетиптир. Телефонго келген чалуу аны ойготту. Тынч болгонго бир топко уктаптыр. Чалууну алганга жетишпей калды. Караса жанагы сүрөт жөнөткөн номер экен. Дароо сүрөттөр эсине түштү. Ачса баары көчүптүр. Аделя менен Арстын сүрөттөрү экен. Арс кучактап, гүл берип, өөп жаткан... Айтор, ар бир кадамы тартылыптыр, болгондо да Аделянын үйүнүн жанынан. Байэл баарын көргөнгө чыдабай койду. Чекесинен чылпылдап тер чыгып, көзү канталап чыкты. Аделянын номерин терди, өчүк экен. Кайра-кайра чалып, СМС жаза берди. Телефон эч күйбөй койду. Ого бетер жини кайнап чыкты.

– Менден качып жатасыңбы, ушинтип эле баарын бүтүрүп коём деп жатасыңбы?- сүйлөнүп, улам-улам СМС жаза берди. Улам ары-бери басат, эмне кыларын билбей калды. Бир маалда сүрөт жөнөткөн номерге чалды. “Мындай номер жок” деди ары жактан чыккан үн. Чыгып машинасын от алдырып эле мурун өзү машыккан залды көздөй жөнөдү. Оюнда Арсты ошол жактан тапмак. Зуулдата айдап тез эле жетип, балдар машыкчу залга кирип барды.

– Эй, сага эмне болду, биз качан бут кийимчен кирчү элек?- агай далдаңдап кирип барган Байэлди карап калды.

– Арс келдиби, Арс?

– Учурашпайсыңбы биринчи, эмне делдектейсиң, сага Алмаздан башкасы киши эмеспи?- машыктыруучунун жини келип кетти.

– Арс экөөңдүн бүтпөгөн чырыңар дагы ырбадыбы? Кандай, брат?- Байэлди тааныгандардын бири келип учурашты.

– Кандайсыңар?- Байэл жайланып балдар менен учурашып, агай менен саламдашты.

– Ал залга келбей жатат. Эмне кылып жүргөнү белгисиз. Пландалган беттешине да чыкпай турган болду. Агай аны тизмеден алдырып салды. Чыккан менен утулат да даярданбагандан кийин. Андан көрө айтчы, өзүң эмне кылып жүрөсүң?

– Мындай эле, залга бармай, майда-чүйдө иштер менен эле,- деди Байэл көңүл кош. Анын оюнун баары Арс менен Аделяда болуп жатты. Коштошуп залдан чыгып кетти.

ххх

Издегенин таппай жинденип турган жигитке Аделя телефон чалып калды.

– Каяктасың сен? Эмнеге телефонуң өчүк?- жигит учурашпай эле Аделяга өктөм сүйлөдү.

– Сизге эмне болгон? Эмне кыйкырасыз?- эч нерседен кабары болбогон Аделя жигиттин ороңдоп жатканынын себебин түшүнгөн жок.

– Аделя, мен баарын билем.

– Эмнени?

– Билмексен болбочу. Арс менен жолугуп жатканыңды айтып жатам.

– Эмне деп эле жатасыз?

– Каяктасың азыр, мен сага эмне деп жатканымды көрсөтөйүн.

– Үйдөмүн.

– Чыга бер, бат эле жетем сен жакка,- Байэл унаасын учурган бойдон Аделянын үйүнө жетип келди. Алкынтып-жулкунтуп унаасын айдап келген Байэлди көрүп Аделя бир нерсе болгонун түшүндү. Жадырап-жайнап келген Байэл жок, урунарга тоо, урушарга жоо таппай тургандай абалга жетип калыптыр. Учурашкан да жок. Унаага отур деп башы менен гана ишарат кылды. Кыз унаага отурары менен жигит телефонун Аделяга сунду.

– Көр, буга эмне дейсиң?

– Эмне-е?- кыз алгачкы сүрөттү көрүп эле катып калды. Андан ары жылдырган жок.

– Акмак, ушул үчүн келиптир да. Тажадым мен, тажадым. Кантип кутулушту билбей калдым. Айтканды түшүнбөйт же урушканды түшүнбөйт,- Аделя бышактап ыйлап кирди. Биринин артынан бири сызылып түшүп мөлтүлдөп агып жаткан жашты көрүп Байэл Аделяны аяп кетти. Чын эле анын көздөрүндө аруулук бар, күнөөсүз, кирсиз көздөр эле. Байэл кызды өзүнө тартып кучактады. Ийинине башын жөлөп алып бир топко токтоно албай ыйлады. Байэлге анын башын жөлөп турганы жакты. Чаң салып салчудай болуп сапырылып келген Байэл кыздын жанында өзүнөн-өзү жоошуп калды. Кыз сооронуп алып, Арстын кандайча келгенин төкпөй-чачпай айтып берди.

– Чын эле мас бекен?

– Калп айтмак белем? Оозунан арак буркурайт. Күтүүсүз жерден бетимден өөп жиберди жинге тийип. Көрсө, атайын пландап келген турбайбы, ага эптеп эле бизди ажыраштырыш керек болуп жатат.

– Мен ага бирди көсөтпөсөм элеби!

– Теңелбей эле коюңузчу.

– Ушинтип сени эки күндүн биринде келип өөп кетип турсунбу анан? Ансыз деле сен үчүн теңелбей эле келе жатам го. Жүрү, андан көрө бир жактан тамактаналы, курсагым ачты.

Кыз-жигит кобурашып отуруп тамактанып чыгышты. Байэл залга барам деп шашып Аделяны үйүнө жеткирди.

ххх

Арс менен баары бир жолукмай болду. Залдагы балдарга чалып Арстын номерин алды. Анысы да өчүк болуп чыкты. Бүгүндөн калтырбай бүтүргүсү келди ушул ишти. Балдардан дарегин билип, кеч кирип калганда Байэл Арстын үйүнүн жанында турду. Унаасын оолак токтотуп коюп жакын келип дарбазанын ичине көз чаптырды. Бастырманын астында токтоп турган Арстын унаасын көрдү.

– Демек, үйдө бекинип жаткан экенсиң да. Кечке жата албайттырсың,- Байэл Арстын көчөгө чыгышын күтмөй болду. Болжогондой эле жарым саатка жетпей Арстын унаасы короодон чыкты.

– Көрсөтөм сага, мушташып чечишебиз...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 972, 22-28-июль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан