КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Темир дарбаза дыңгырап жайма-жайдан жабылды. Башына мүшөк кийгизилип, оозу скотчтолгон Марс СТОнун ичинен тиги Тилектин атасы, Тилек өзү, Саша болуп унаага отуруп чыгып кеткенин тыңшап, сезип отурду. “Кетти... Карматпай кетти!” деп ойлонду өзүнчө... Ичи ачышып, көрө албастыгы ойноп кетти. Тилектин эркиндигине көз артты, ошого ичи күйүп жатты...

ххх

– Эми акчанын кайда экенин айтасыңбы?- таң агарып бараткан Бишкектин чоң көчөсүндө баратып Саша сурады.

– Айканын үйүнө айда... Ошол көп кабаттуу үйдүн бир бурчунда турат,- деди Тилек.

– Айканын батириндеби?

– Анын батирине катмак белем? Ошол көп кабаттуу үйдүн мен гана билген бир бурчунда...

Саша үн каткан жок. Унчукпастан эле айдап жөнөдү. Айтылган дарек боюнча жеткенде, Саша шашпай гана тапанчасын алып чыкты.

– Тилек, атаң бул жерде калсын. Мирбек менен Марсты го менин жардамым менен жайладың! Эми мени тынчытып койбойт деген ишенич жок... Аксакал унаанын алдына отурсун!- деди.

– Жарайт! Ата, Сашанын жанына отуруңуз...

Керим буйдалып турган жок. Уулунун айтканы менен болуп, унаанын алдыңкы орундугунан орун алды.

– Мына атам жаныңда отурат. Кам санаба. Ишти аягына чейин чыгаралы. Азыр бирөөбүз эле жаза тайсак ит болдук. Паспорт даярдаган тааныштарыңа айт. Атама паспорт даярдашсын. Эртеңкиге чейин күтөбүз.

– Күтүүнүн кереги жок. Биз баргыча даяр кылгыла дейбиз. Чек арадан даяр паспорт алабыз. Паспорт Бишкекте жасалбайт,- деди Саша.

– Андай болсо, андан бетер жакшы. Мен азыр акча менен чыгам,- деген Тилек Айка жашачу көп кабаттуу үйдү көздөй бет алды.

ххх

Айка уйкусунан ойгоно албай жатты. Бирок үйгө кимдир бирөө кирип келгенин даана сезди.

– Айка, ойгон! Биз бир жакка барышыбыз керек...

– Тилек, сенби? Сен үйгө кантип кирип келдиң?- көзү умачтай ачыла түштү. Тилек жылмайып гана койду. Тээ жана келгенде үйдүн топ ачкычынын бирин байкатпай жулуп кеткенин айткысы келбеди.

– Сен кийине бер. Эшикте Саша күтүп жатат. Силер бизди Тажикстан менен чек арага жеткирмей болдуңар,- деди. Айка коркуп кетти. Саша менен байланышын билип алган тура.

– Тилек, мен...

– Айка, бири-бирибизге бир нерсе түшүндүрүп отурууга убакыт жок. Ар ким өз жашоосу, өз эркиндиги үчүн күрөшөт. Мен сени ансыз деле түшүнүп турам. Батыраак кийине кал, суранам,- деди да, Тилек дааратканага кирип кетти. Үстүнө шапа-шуп спорттук кийимди чала кие калган Айка шашкалактап келип, даараткананын эшигин ачты. Дал ушул учурда Тилек унитаздын суу толуучу бөлүгүнөн тунук желим баштыкка салынган акчаларды алып чыгып жаткан. Айканын көздөрү тептегерек боло түштү.

– Сен акчаны... Качан жетиштиң?

– Жана келгенде салып кеткем. Бул үйдөн аны эч ким издемек эмес.

Айка өкүнүп кетти. Кичине баамчылыраак болгондо эмне?! Ашыкча көйгөйү жок, азыр Саша экөө акчаны бөлүштүрүп отурмак экен. Ачкычын уурдап, кайра эле ушул үйгө акчанын баарын катып. Деги сен кимсиң, Тилек?!

– Жүрү кеттик,- акчаларды рюкзагына салып Айканы жетеледи.

Өз ойлору менен алпурушкан бойдон, нес абалда кыз Тилектин жетегинде кете берди. Короодогу Сашанын унаасын көргөндө гана эсине келе түштү. Тилек унаанын каалгасын ачып, кызга отур дегендей ишаарат кылды. Айка унаанын ичинен орун алары менен, өзүнчө жылмайып баш чайкаган Сашаны көрдү.

Саша азыр Тилек чыгары менен анын атасына тапанча такап, акчаны алып калууну көздөгөн. Бирок анын кадамдарын Тилек эбак окуп койгон тура. Кызды ала чыкканын карабайсыңбы.

– Мына эми кете берсек болот. Менин адамым сенде, сеники менде... Негизи бири-бирибизге эле ишенип иш кылсак сонун болмок. Бирок заман ушул экен, эмне кыл дейсиң?!

Саша дагы эле күлүп жатты. “Кыйтыр” деди ичинен ал, күзгүдөн арткы орундукта отурган Тилекти тиктеп. Анан саамга ойлоно түштү да, унаасын от алдырып короодон чыгып кетти.

ххх

Жаш тергөөчү катталган орду деген дарекке барып Тилекти таппады. Мына экинчи күнү келип жатат. Кумга сиңген суудай эле жок болуп кетти. Ал оңбогур эркиндикке чыгары менен өлкөдөн чыгып кетпеди бекен?! Каяктан чыгат?.. Шүмшүк десе, ишендирип сүйлөгөнүн карабайсыңбы, эми болсо килейген таасирдүү адамдар менен согушууга муну жалгыз калтырып жок болуп кеткенине жол болсун. Кармалбай калчудай жүргөн чыгар. Үй камагы деген деле камак. Эркиндикке чыккандай сезип кетишет өздөрүн. Үйлөрүнөн чыкпай отурушпайбы?! Жаш тергөөчү өз ичинен наалып-напчып алды. Бирок мындан пайда болсо кана?! Издөө жарыялатып жиберсе кантет? Антпесе акырында өзү күнөөлүү болуп чыкпасын. Ушуну ойлоду да, бат-бат басып жөнөдү. Барат да үй камагынын шарттарын бузуп, изин таптырбай жатат деп издетип баштайт. Антпесе, ал муну тоготпой жатат. Шаша-буша жөнөдү.

ххх

А бул арада Сашанын унаасы кыргыз-тажик чек арасына жакындап барып калган.

– Тээ тиги сайды көрдүңбү?

– Ооба.

– Ошондон ары өтөсүң. Атаңдын паспорту, сенин паспортуң ошол адамдардын колунда. Акча бериштин кажети жок. Атам алардын баарына төлөп койгон, өлөр алдында... Сен ал адамдарга Саша “старшийдин” күйөө баласы болом деп айткын. Алар атамды сыйлаган кишилер.

– Аларга ишенүүгө болобу?

– Биз чек арадан качырып жаткан кыргыздардан сен биринчи эмессиң. Атамдын байланыштары менен бул жерден керек болсо саясатчылар да чыгып жүрүшкөн,- деди Саша кандайдыр бир сыймыктануу менен. Анан өзү ылайыктуу деген жерге келип токтоду да, унаасынан түштү.

– Мейли жакшы кал!- деди өзүнчө ойго батып отурган Айкага.

– Давай,- деди кыз сумсайыңкы.

Ата-бала унаадан чыгышты да, эмнегедир буйдала түшүштү.

– Саша, мына сенин “доляң”,- Тилек ага кара баштыкка салынган акчаны сунду.

– Санайынбы?

– Кааласаң санап ал,- Тилек бурулуп сайды көздөй бет алды. Саша ээрчишип бараткан ата-баланы карап, өз атасын эстеди. Өзүнчө эрдин кымтып, көкүрөгүнө ыза толуп чыкты. Колдору өзү эле тапанчасына жетип, сууруп чыкты. Басып бараткан Тилекти мээледи. Мына азыр курокту басса, томолонуп түшөт.

– Эй, Тилек!- үн чыккан тарапка бурулуп ага тапанча каратып Сашаны көрдү.

– Аркы өйүздө мага баарын даярдатып койгонуң чынбы? Тапанча көтөрүп чыкканыңа түшүнбөй калдым...

– Баары даяр! Атамдын арбагы ыраазы болсун деп ойлогом. Атам сен менен Сабинаны чыгарып жиберүүгө катуу далбастаган болчу. Бирок азыр ойлонуп кеттим. Карачы сен атаң менен баратасың... А мен жалгыз... Сени өлтүрүп салгым келет.

– Анда ат!

Саша курокту басып жиберди. Бирок тапанчанын катуу добушунун ордуна “тык” эткен темир үнүн гана эшитти. Эх, акмак, байкатпай мунун магазинин бошотуп кеткен тура! Аргасыз күлүп жиберди. “Өтө кыйтыр тура” деди ичинен. Атасы бекеринен буга кызын ишенип тапшырган эмес тура. Тилек жай баракат гана кете берди. Азыр ары өтсө, ал башка өлкөнүн жараны болуп калат. Андан ары Түркия, Америка...

ххх

Кыз жүргүнчүлөр чыгып жаткан тарапты алдастап карап жатты. Кана ал?.. Кечээ эле электрондук дарегине баратканын жазыптыр эле го?... Жүрөгү элеп-желеп.

Бирок Сабинаны Тилек биринчи байкады. Кара көздөрү балбылдап, көпчүлүктөн анын караанын издеп жатыптыр. Анан бир убакта ошол кара көздөр менен Тилектин каректери чагылыша түштү.

1-2 секундга каккан казыктай токтоп калган кыз бир убакта болгон күчү менен Тилекти көздөй чуркап жөнөдү...

(Аягы)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-08-02 09:48:53
Ии бүтүп калдыбы
+3
Baatirbek81
2021-08-02 10:00:46
Ошондо бүтүрүп таштадыбы?
Фантастика бүтү!
0
akmanai
2021-08-02 10:17:27
Авторго рахмат. Бир чыгарма эмес бир анектод жазыш учун да талант керек
+4
Markita
2021-08-02 10:23:14
Кино тартса болчудай, кызыктуу экен
+2
aksy.kg
2021-08-03 01:03:57
Бир аз эрте бүтүп калыптыр ментер эмне болду экен э. Бирок мыкты
+3
Miraida-toktosunova
2021-08-06 13:24:46
Калганын мен улап жазсам окшойт
0
gukush_92
2021-08-07 15:40:15
Экоонун жолугушуусу ыйлатат го кишини...
0
№ 973, 29-июль-4-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан