КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Байэл Арстын аркасынан акмалап айдап жөнөдү. Чоң жолго чыга бергенде унаасын катуу ылдамдыкта айдап Арсты ашып өтүп жолун тороду. Арс алдына чыга калган унааны көрө коюп тормозду басканга араң жетишти. Унаа сүрүлүп барып алдындагы унаага жанашып токтоду. Жинденген Арс атырылып эшикке чыгып алдындагы унаага жетип барды.

– Эй, акмак, сен эмне жаныңдан кечтиң беле?- алгач унааны тааныган жок.

– Ой-ой, коркуп кеттим. Жинге тийген кандай экен?- кыйкырынып, сөгүнүп жетип келген Арска унаадан чыгып келе жатып сүйлөдү.

– Иттин гана баласы, сен белең? Эмне, мени акмалагыдай болуп калдың беле? Көмөлөтө сүзүп кетпептирмин да. Сөөгүң талаада ит-кушка жем болмок. Сени ким сурап келмек эле?- Байэл Арсты көз талаштыра муштап жиберди.

– Сүйлөйт десе сүйлөй бербечи. Көрөбүз кимдин ит-кушка жем болорун,- көзү караңгылай түшкөн Арсты Байэл жакадан ала муунтту.

– Коё бер, өзүңдү ким ойлоп алгансың?- Арс жулкунуп бошонду.

– Куйругуңду түйүп качып кетпей, мени менен чогуу айда.

– Мен сени мененби?- кытмырлана күлдү Арс.

– Жолдун ортосунда турганыңа сүйүн, болбосо... Эркексиңби, эркекче чечишели.

Унаалар кубалаша айдап ээн талаага жетип келишти. Арс унаадан түшөрү менен Байэлге тапанча сунду,- Байэлди коркутуп качырам деп ойлогон.

– Ит аткандай атып салам!

– Ме, ат, духуң жетеби?- Байэл Арска жакын келди.

– Сен Аделяга татыктуу эмессиң.

– Сен татыктуусуңбу? Сендей катынды Аделя жанына жолотпойт. Юбкаң кана? Мушташкандан коркуп жатасыңбы? Мушташ, жеңилсем Аделяга татыктуу эмес экенимди кабылдайм,- Байэл Арстын тапанчасынан коркуп да койгон жок. Арсты билекке чапканда бош турган тапанча ыргып кетти. Байэл шамдагайлык менен жерден алды да, туш келди ыргытып салды.

– Өзүңө катуу ишенип алгансың го,- Арс сырткы күрмөсүн чечип жерге таштады.

Айдын жарыгында бирин-бири ашата сөгүп, сүйүүсүн жеңип алгысы келген эки жигит балжа-булжа түшүп мушташып жатышты. Каны кайнап турган немелер бири-бирине оңой атаандаш эмес эле. Моюн талаштыра соккон соккудан Арс кулап түштү.

– Аделяга жакындап көр. Керек болсо атын оозуңа алба!- Байэл жерде жаткан Арсты болушунча туш келди тепкилей берди. Шайы кете түшкөн Байэл унаасын көздөй барды да, от алдырып жөнөп кетти.

ххх

Маржан уулу Барсбектин бөлмөсүнө кийимдерин алып кирди. Барсбек керебеттин үстүндө ноутбукту карап көмкөрөсүнөн жаткан бойдон уктап калыптыр. Үстүн жаап, ноутбукту алып коёюн дегенде экран жарык боло түштү эле, Аделянын сүрөтү көрүндү. Маржан чочуп кетти. Бөлмөдөн тышка атып чыкты. “Уулум, сен ашык болдум дей көрбө. Башка кыз калбай калгансып, Байэлге окшоп Баатырдын кызын сүйүп кала көрбө” деп күбүрөнүп жаткан Маржанды Болоттун үнү чочутуп жиберди.

– Кимге сүйлөп жатасың?

– Ой, уулуң дагы адатынча төшөктүн сыртында уктап калыптыр,- уурусун карматкандай аял ыңгайсыздана түштү. Болот башка эч нерсе деген жок. Санаасы тынып калды.

Түн бир оокумда Байэлге кат жазуу оюна келди. Болгон окуяны жазам деп ойлогон, жаза албады. Бир аз жазып, анысын кайра тытып таштандыга сала берди. Акыры жөн гана Аделя анын тууганы экенин жазды. Кагазды колунда кармаган бойдон терезеден сыртты карап термеле ойлонуп турду. Акыры бир жолун таап Байэлге катты бермей болду.

ххх

Арс чыйрыгып үшүп чыкты, астына да сыз өтүп жаткандай. Турайын дейт, дарманы келбейт. Жаткан жерин сыйпаласа колуна чөптөр урунду. Өзүнө келе түштү. Көзүн ачса таң үрүл-бүрүл сүрүп калыптыр. Талаада жатканын түшүндү. Оодарылса денеси жанчылып калыптыр. Бүткөн бою ооруксунуп турду. Башын көтөрүп эки жакты карады. Арыраакта турган машинасы, алыстан шаардын жарыктары көзүнө урунду.

– Мага эмне болду? Кандайча бул жактамын?- катуу удар жеп калган неменин эсине эч нерсе келчүдөй эмес, башы каңгып оорутуп жатты. Туруп тамтаңдай басып унаасына жетип от алдырып, үшүп калганга жылыткычын иштетти. Бир аз жылынган соң күзгүгө моюн сунду. Машинанын ичиндеги жарыктан бетинин кан экени даана көрүндү. Колу менен кармалап көрдү, эбак эле катып калыптыр.

– Үйдөгүлөр козголгончо үйгө жетейин,- Арс унаасын айдап шаарды көздөй жөнөдү. Үйүнө жетип, унааны сыртка токтотту да, акырын кирип дароо душка кирди. Мурду эле канаган көрүнөт, Кудай жалгап бети таза экен. Сол көзүнүн алды көгөрүп калыптыр. Байэл менен жолукканын эстеди. Кийимдерин чогултуп таштандыга салды.

– Бул үчүн жооп бересиң. Жеңилдим деп сени тынч жашатып койбойм,- муштумун түйө жинденип Арс бөлмөсүнө кирип кетти.

ххх

Арс деп жүрүп убакыттан уттурган Байэл таң эрте туруп ишине киришти. Аялдын кайсы жактарда жүрөрүн, уулунун бала бакчасынын дарегин, баарын билди. Социалдык тармактардагы аялдын баракчасы Байэлге даяр карта болуп берди. План боюнча аракетин баштады, аял менен мамиле түзүүнү көздөгөн Байэл аны артынан калбай акмалоого өттү. Аял унаасын токтотуп, сулуулук салонуна кирип кеткенде Байэл барып унаанын дөңгөлөгүнүн желин чыгарып салды да, унаасында аялдын чыгышын күтүп отурду. Бир сааттан өтүп аял салондон чыкты. Машинасынын эшиктерин алыстан ачып чекчеңдей басып келип машинесин ачты. От алдырып жатып дөңгөлөктүн жели чыгып калганын сезди. Чыгып карап эле жиндене телефонун алып бирөөгө чалганы жатканда Байэл капыстан ушул жерге токтой турган киши болуп келип калды.

– Кечиресиз, сиз чыгып жатасызбы? Мен сиздин ордуңузга коёюн.

– Муну көргөн жоксуңбу?- аял дөңгөлөктү бир тепти.

– Ой, кечиресиз, аны көргөн жокмун да. Бар беле, алмаштырып берейин?

– Шашып жаттым эле. Унаам ушул жерде кала берсин. Мени жеткирип койчу,- аял так кесе сүйлөдү.

– Макул, кел, отуруңуз. Унаам сиздей сулуу айымдар отурганга ылайыкталган эмес, көңүл бурбаңыз.

– Мага айырмасы жок. Ансыз деле такси чакырып жаткам. Убактым аз.

Аял дарегине жетип калганда акча берди.

– Албайм, эже, уят эмеспи, мен таксист эмесмин да. Андан көрө номериңизди...

Аял Байэлдин сөзүн аягына чейин укпастан капчыктан алып чыгып визиткасын сунду да, тыкылдай басып кетти.

Байэл интернеттен дөңгөлөк жасагандардын номерин карап жанагы дарекке чакырды.

– Чыгаша болбосо, киреше кирбейт. Муну колго алсам, анан калганы турган иш,- жигит кайра аялдын унаасы калган жерге келди. Дөңгөлөктү жасатып бүткөн соң аялдын визиткасын алып чыкты.

– Мм, Исаева Аида Жапаровна,- телефонуна номерди терип чала баштады.

– Алло, Аида Жапаровна, мен сизди жеткирип кеттим го. Унааңыздын дөңгөлөгүн жасатып койдум. Каалаган учуруңузда айдап кетсеңиз болот. Ачкычыңыз болгондо жеткиртип коймок экенмин.

Аиданын эсине ачкыч түштү. Сумкасын карап таппай калды.

– Мен шашып жатып ачкычты ичинде калтырып кеткет турбаймбы. Сенин болгонуң жакшы болбодубу.

– Андай болсо, эже, сарсанаа болбоңуз,- Байэл өзүнүн унаасын таштап, аялдын унаасын айдап жөнөдү. Жипти чаң ызгыта айдап бир моокумун кандырып алды. Байэл дарекке жете бергенде аялга телефон чалды.

– Эже, мен келдим. Ачкычты алып каласызбы?

– Азыр, 5 мүнөт.

Байэл унаага суктана көз жүгүртүп жатканда аял чыгып калды. Жигит аны утурлай басты.

– Рахмат сага. Убара болдуң. Кантип ыраазычылык билдиришти билбей турам. Атың ким?

– Байэл.

– Жакшы атың бар экен. Мени Аида эже десең болот. Азыр буга чай ичип кой,- аял жигитке 100 доллар сунду.

– Жөн эле коюңуз, болгону жигиттик парзымды аткардым.

– Албасаң мен капа болом.

– Албайт элем. Бирок сиздей сулууларды капа кылган күнөө болот го...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 973, 29-июль-4-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан