КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Аял менен коштошкон Байэл 100 долларды чөнтөккө салды. Баары пландаганынан дагы жакшы болду. Кымыңдаган бойдон такси менен унаасына жетти. Байэлди узатып ичкери кирген аял көпкө ал тууралуу ойлонду. “Мындайлар бой көтөргөн керсейген немелер болчу эле. Жакшы жигит экен” деп Байэлге аябай ыраазы болуп отурду.

ххх

Терезеде адатынча Аделя жылдыздарга суктанып отурду. Жылдыздарды караганда эс ала түшөт. Жанында Байэл болсо андан да жакшы болмок. Анын далысына башын жөлөп, ага эркелеп жылдыз учкан сайын бирге тилектерин айткан учурда Аделядан бактылуу киши жок. Антип отурмак кайда, телефону өчүк, кечээтен бери Байэлден дайын жок. Акыркы учурда Байэл кызды көбүрөөк капа кылчу болду. Сүйүүнүн көзү сокур дейт эмеспи, канча жини келбесин күдөрүн үзбөй Байэлге дагы бир чалып көрдү, өчүк. Аңгыча видеочалуу менен Барсбек чалып калды. Ата-энесин ээрчип үйүнө конокко келгенде эле Барсбекке Аделя жагып калган. Кызды чочутуп албайын деп сезимдеринен шек билдирбейт. Жөн гана ар нерсени айтып, кызга кызыктуу маектеш болуп берет. Барсбек орто бойлуу, кең далылуу, жүлжүк көздүү ак жуумал жигит. Өзү да адамга жугумдуу, жылдыздуу. Аделя экөө башында эле жакшы тил табышып кетишкен. Экөө ошондон бери телефон аркылуу көп сүйлөшүшөт. Көптөн берки тааныштардай эле бири-бирин тамашалап, аркы-беркини айтып, айтор, экөөнүн сүйлөшө турган темасы түгөнбөйт.

– Кандай? Бош элесиңби?

– Көрүп жатасың да эмне кылып жатканымды,- Аделя терезеде отурганын, сырттагы караңгы түндү көрсөттү.

– Дал убактысында чалыптырмын да. Күндө айта берип жылдыздар сенин тилегиңдин баарын жаттап бүттү го, ыя?- Барсбек кызды тамашалай күлүп калды.

– Тилекти айтасың да. Мен өзү унутулуп кала турган адам эмесмин го,- кыз кылыктана саамайындагы чачтарын өйдө көтөрдү.

– Аның чын, мен да сени унута албай жүрбөймүнбү...- жигит оюндагысынын бир үзүмүн тамаша-чынга аралаш ортого салды.

– Ыя? Ошондойбу? Кыйын болуптур сага,- кыткылыктап күлгөн кыз тамаша катары эле кабыл алды. Жигиттин түпкүрдөгү изги сезимдерин байкаган жок.

– Барсбек, мага бирөө чалып жатат,- Аделя Байэлдин чалуусун алды.

– Мындай убакытта менин чалуумду күттүрүп ким менен сүйлөшүп жатасың?- одураңдап өктөм сүйлөдү. Учурашпай кепти ушинтип баштады Байэл. Акыркы убактарда кызга салкын мамиле кылып жатканын акчанын, күмөндүү иштердин артынан жүрүп жигит өзү деле байкабай калды.

– Мен го мен, сиз эмнеге керели кечке өчүксүз?- жини келип турган кыз да бир тийди.

– Жыргап жүргөн жокмун. Жумуштан бошобой жаттым.

– Бир да жолу телефон кармаганга убакыт артпаган кандай жумуш ал?- кыз ызалана мукактанып үн катты. Эгер Байэл учурашып, сагынганын айтып жакшынакай сөз баштаса кыз эч нерсе демек эмес. “И-и, жумушунан чарчаптыр” деп аны аямак. Дароо кызганып кыйкырып баштаганы үчүн кыздын жигитке ачуусу келип кетти.

– Телефонум өчүп калган. Үйгө келерим менен сага чалдым,- калпын карматып койчудай болуп жигит актанып жиберди. Кыз билгенден башка телефон номери бар экенин, керели кечке башка номер салып жүргөнүн кызга айтмак беле? "Жүк түшүрдүм, жабык беттешке чыктым" деп эле койгону болбосо, эмне иш кылып жүргөнүн кыздан жашырат. Бирөөлөрдү тоноп иштеп жатам деп айта алат беле?

– Кечирип койчу, мен сени кызганып кетпедимби,- Байэл кызды жумшартууга аракет кыла баштады.

– Кимден, караңгы түндөнбү? Үйдө жалгызмын, апам менен сүйлөшүп жаткам,- кыз калп айтты атайылап эле. Ачык айттым дегиче дагы бир чырдашуу башталат. Ушинтип кутулайын деди. Ансыз да Арстан кызгана берип жүдөтүп жиберди кызды.

– Эми төрт тарабың төп келишип турса. Сени кантип кызганбай коём? Мүмкүн болсо, сени эч кимге көрсөтпөй сандыкка салып жаныма алып жүрөт элем.

– Анчалыкка кетпеңиз. Ансыз да үйдөгүлөрдүн сандыгынан кутула албай жатам. Дагы атам жок ээн-эркин жүрөм. Эми атам келсе кайра башталат.

– Мейли, жакшы жат. Мен өчүрдүм,- деди Байэл шашыла. Эшиктин коңгуроосу басылганда Тахирдин келгенин билди. Экөө эми сүйлөшүп баштаганда күтүлбөгөн жерден Байэлдин телефонду өчүрүп салганына кыз ого бетер жинденип калды.

– Анда чалбай эле койбойт беле. Эмне чалды?- өзүнчө жиндене сүйлөнүп отуруп эмнегедир Барсбекке чалгысы келди. Ага мурда-кийин өзү жазып же чалып көргөн эмес. Дайыма Барсбек чалар эле. Номерди терип, кайра өчүрүп жатып, акыры Барсбекке чалуу кетти. Бул учурда Барсбек телефонду ишене албай карап турду. Капыстан чалып алды деп ойлоду. Бирок чалуу узакка созулду. Жигит кубанган бойдон телефонду алды. Барсбек эмнегедир адаттагыдай дароо сүйлөп жиберген жок. Ортодо тынчтык бир нече мүнөткө созулду. Кыз чаларын чалып алып унчукпай тура берди. Анын үстүнө Байэлге таарынып калган неме дароо ачылып сөз баштай албай койду. Кыздын өзү чалганы жигитке сезимдерин билдиргендей эле туюлду. Толкунданып кетти.

– Эмне унчукпайсың? Мен сүйлөбөсөм сен такыр сүйлөбөйт турбайсыңбы...- кыздын ыңгайсыздана түшкөнүн сезген жигит.

– Сүйлөбөй тура берсем эмне кылар экен дебедимби,- ушинтип экөөнүн сөзү уланып кетти. Кыздын көңүлү жайлана түштү. Экөө түн бир оокумга чейин сүйлөшүштү.

ххх

Байэлдин түзгөн планы иштеп жатканына Тахир баа берди. Аялдын баласын уурдоого башка балдарды дайындап бермей болду Тахир. Байэл бүгүн дагы аялды акмалаганга даярданып жатты. Аял социалдык баракчага эч кандай видео, сүрөт киргизбей жатканына Байэл кабатырланып жатты. Ушул ишти ийгиликтүү бүтүрүп алсам деп ак эткенден так этип санааркап турган чагы. Сыпайы көрүнгөн жигиттин мындай жаман оюнан кабары жок аял бул маалда Байэлди ойлоп жатты. Узун бойлуу, кең далылуу, келбеттүү, сылык-сыпайы жигит көргөндөн бери эмнегедир акылынан чыкпай койду.

– Менден көп болсо 3-4 жаш кичүүдүр. Айдоочу кылып алсам, анан калганын көрө жатармын...- Аида Байэлди кылтакка илүүнү көздөй баштады.

Күтпөгөн жерден Байэлге Аидадан чалуу келди. Байэл кытмыр жылмая телефонду алды.

– Алло, саламатсызбы?- Байэл олуттуу үн менен.

– Кандайсың? Сени менен сүйлөшөйүн дедим эле. Убактың болсо бүгүн мага жолугуп кетпейсиңби?

– Сиз үчүн убакыт табабыз. Дарегиңизди жөнөтүп коюңуз,- дароо макул болбой анан, көктөн издегени жерден табылып жатпайбы.

Түш оой Байэл аял жөнөткөн дарекке келди. Бул дарек аялдын батири жайгашкан жер экенин Байэл дароо билди. Билмексен боло аялдан тактап сурап, 7-кабатка көтөрүлдү.

– Кел, мынча бат келет деп күткөн эмес элем,- жаркылдап күлүп Аида тосуп алды. Байэлди конок үйүн көздөй алып жөнөдү. Чакан дасторкон даярдап коюптур.

– Күттүргөндү жакшы көрбөйм. Анын үстүнө бүгүн бош элем,- дасторконго отуруп жаткан Байэлдин көзүнө коньяк урунду.

– Жакшы экен, мен да күткөндү жаман көрөм. Кел, тамакка кара.

Аиданын шашпай отурайын деген ою бар эле. Жигит бекерчи адам катары көрүнгүсү келген жок.

– Эмне иш менен чакырдыңыз эле?- дароо суроо узатты.

– Мен айдоочу издеп жаткам. Айдоочум, жардамчым боло турган ишенимдүү жигит керек мага. Сен мага жактың. Айлыгыңды жакшы төлөп берем. А өзүң эмне иш кыласың?

– Дүкөндөргө товар жеткирем.

– Эмне кыласың чаң болуп товар ташып? Сендей жигитке андай майда-барат жумуш жарашпайт. Эгер иштегенге каалооң болсо кел. Оор деле жумуш кылбайсың, менин жанымда эле жүрөсүң.

– Ойлонуп көрөйүн. Иштөө графигим кандай болот?- дароо макул дегиси келген жок. Бир аз бааланып койгусу келди.

– Эми, Байэл, мен сени аркандап албайм, коркпо. Каалаган убагыңда кетсең болот. Адамдын эркиндигин чектеген жакпайт мага.

– Болуптур, Аида эже, эртең менен жообун берем. Сиздин ишеничиңизди жерде калтырбаганга аракет кылам.

– Күткөндү жаман көрөм, эстетип коёюн. Жакшы бар,- Аида Байэлдин колун кармап бетинен акырын өөп койду.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 974, 5-11-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан