КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Байэлди узатып жиберген Аида конок бөлмөгө кирди. Дасторкондо турган коньяктан куюп бир аз ууртап койду.

– Мейли, бүгүн чогуу коньяк иче албай калдык. Бирок ал күндөр да алыс эмес,- коньяк куюлган бокалды көтөрүп аял терезени көздөй басты.

ххх

Чындык менен жүздөшүү ушунчалык оор экенин Маржан тамырынан өткөрүп жон териси менен сезип келе жатат. Таап эле алсам, боорума кысып болгон чындыкты айтар элем деп жүргөн Маржан дале Байэлдин жанына бара албай жүрөт. Эми баягы жазган катын Байэлге жеткире албай убара. Арстан берип жиберейин деген. Бирок Арс менен такыр байланыша албай койду. Эгер Байэлди көрүп калсам, ошол жердеги бир студенттен берип жиберем деген ой менен түш оой өзү Аделянын окуу жайы жайгашкан жерге келди. Күтүп отурганына бир сааттай болуп калды. Байэлден дайын жок. Ал аңгыча окуу жайдын алдынан уулу Барсбекти көрүп калды.

– Бул эмне кылып жүрөт бул жакта?- ачуусу келип кетти. Унаадан түшүп уулуна барайын деп, кайра өзүн токтотуп калды.

– Мен эмне кылып жүрөм? Сизчи десе эмне дейм?- машинасын от алдырып жүрүп кетти. Ою уулунда калды.

– Кең Бишкекте башка кыз калбай калгансып, сен дагы Баатырдын кызын сүйдүм дей көрбө. Биринен кутула албай жатып, бири башталбаса эле болду,- аял унаада өзү менен өзү сүйлөшүп бушайман болуп бара жатты.

ххх

Аделя сабактан кечирээк чыгып калганына ыңгайсызданып, Байэл келип күтүп калды го деп шашып сыртка чыккан. Чыкса Байэлден дайын жок. Балким, келгендир, мен кечиккенде бир жакка кетип калгандыр деп телефонун жандырып, түшкөн каттарды карап чыкты. Байэлден бир да билдирүү түшпөптүр.

– Кызык,- кыздын маанайы чөгө түштү. Аңгыча жанына Барсбек келип калды.

– Кандай, окумуштуу? Ушунча кеч чыгасыңбы? Келгениме бир сааттан ашып калды.

– Ой, сен кайдан адашып?

– Сага келдим. Арт-студияга барып келели деп жатпадык беле.

– Мен аны эсимден чыгарып коюптурмун.

– Деги сенин оюңда эмне бар? Бас, жүрү, тамактанып алып барып келебиз.

Аделя кылчактап эки-жакты карап Байэлди издеп жатты. Көрүп калса дагы ызы-чуу салбасын деген ой келди. Көзүнө илешпеген соң телефон чалып көрдү. Адаттагыдай өчүк.

– Уф, качан болбосун өчүк. Өзүңдөн көр,- деди да, Барсбектин артынан басты.

– Бир нерсе дедиңби?- Барсбек аркасында келе жаткан Аделяга карады.

– Эч нерсе деген жокмун. Сени эле ээрчип бара жатам,- деди кыз билмексен боло күлүп.

– Өтүңүз, мадам,- Барсбек машинасынын эшигин ачып Аделяга салонду көздөй кол жаңсады.

– Ой, тим эле, сени мага тийиштирип эле койсо.

– Эми силерди сыйлаш керек да, кыздын кырк чачы улуу дешет го,- Барсбек унаасын от алдырып кайдадыр жөнөп кетти. Кыз аны дос катары көрөт. Аделя кичинесинен эле эркек балдарга жакын. Бакчада, мектепте балдар менен ойногонду жакшы көрчү. Атасынын досторунун кыздары деле бар, Аделя алар менен эмес, балдары менен достошкон. Кыз үчүн Барсбек деле ошолордун катарында.

ххх

Байэлге аялдын сунушу чын эле жакты. Аида Байэл үчүн өзү жол салып берип жатпайбы. Аялга жакын болуунун мындан артык кандай жолу болсун? “Жипти айдап, сулуу аялды жандап жүргөндүн эмнеси жаман? Эмнеси болсо дагы Тахир менен бир кеңешип коёюн” деп ойлонгон Байэл Тахир менен жолукмай болду.

– Ырас келбедиңби, баягы жер төлөдөгү товарларга кардар чыгып жатат. Жүрү, мени менен барып кел. Жол бою сенин ишиңди да сүйлөшөбүз.

Байэлдин келип калганы ага майдай жакты. Тахирге жигиттердин арасынан Байэлден ыңгайлуу өнөктөш жок. Башка жигиттердин Капар менен Бахага жагыныш үчүн ар бир кадамын айтып келгендерин жактырбайт. Экөө Тахирдин унаасы менен жолго чыгып кетишти.

– И-и, ошондой дечи... Бир көрүп эле сени айдоочу кылып алгысы келгидей, аны эмне кылып башын айландырып алдың?

– Түзгөн план боюнча эле иштеп жаткам. Өзүнөн-өзү эле ушундай болуп баары шыр кетти. Анан дагы 100 доллар берип рахмат айтканы, үйүнө чакыра калганычы,- Байэл кылганына машыркана күлүп калды.

– Айдоочу, жардамчы дечи... Жакшы, сенин планыңдан да жакшы кетип жатат бул жагы. Андан көрө сен анын ишеничине кир. Сага мындан аркы картаны өзү ачып берет. Ойлонбой туруп эле макул дей бербейт белең.

– Кичине бааланып коёюн дедим да. Каякта иштейсиң дейт. Оюма биринчи келгени дүкөндөргө товар жеткирүү болду.

– Даа, Бася, негизи сенин бир нерсең бар. Шефтерге жагып калганыңда эле байкагам. Мага деле оңою менен киши жакпайт негизи, а сени ээрчитип жүрбөймүнбү,- деди Тахир чылымын күйгүзүп жатып. Булардын жанында жүрүп Байэлдин ичиндеги карышкыры ойгоно баштады. Көзү ачылды, көп нерсени түшүнүп билди. Абадан акча жасаганды үйрөндү. Буларга сүңгүп киргени Байэл өзүн жаман жолдо жүргөндөй деле кабыл албай калды. Ага кадимки адал эмгеги менен нан таап жеп жаткандай эле туюлчу болду.

Жолдо баратып Байэл Аидага телефон чалып сунушуна макул экенин айтты. Аял муну кубануу менен кабыл алганы анын үнүнөн билинип турду Байэлге.

– Атасын көргөндөй эле кубанат го.

– Сага кызыгып калганында бир нерсе бар,- Тахир мыйыгынан жылмая башын чайкап койду.

– Мени эмне кылсын, элпек бала экен, жакшы жардамчы кылып алайын деп жатса керек.

– Жашсың да, жашсың,- Тахир күлүп койду. Бара турган жерине жетип калгандыктан андан ары сөзүн улаган жок. Унаа бурулары менен дарбаза шарт ачылды. Корсулдап иттер үрүп калды. Короонун жарыктары күйүп, аларды көзү жүлжүйгөн толук жигит тосуп алды.

– Кызыл скотч менен чапталган коробкадан экини алып чыккыла,- деген Тахир адатынча чылым чегип отурду. Иттердин үнү басылчудай эмес. Багажын ачып баштыктагы эттен эки иттин алдына таштады.

ххх

Түн бир оокум болду. Аделя дале уктай элек. Байэл болсо өчүк. Ким менен эмне кылып жүргөнүнө күн бою кызыкпаганына кыз өзүнчө бушайман. Кызыл-жашыл болуп боёлгон кийимдерин көрүп кыз аргасыздан жылмайды. Арт-студияга барышса эч ким жок экен. Барсбек экөө кобурашып ар кайсы сүрөттү кызыга карап чоң залды айланып чыгышты. Аделя сүрөт тартып баштады эле, жөн турбай Барсбек ага боёк сүртүп кетти. Кыз ага жооп кылам деп кубалап жүрүп ага сүрттү. Ошентип бири-бирине эрегишип жатып кийимдеринин баары боёк болуп калды.

ххх

Коробкаларды салары менен Тахир унаасын от алдырып короодон чыгып кетти.

– Тиякка-биякка эле ташып калабыз, деги булар эмне?

– Ушул суроону берүү эми оюңа келдиби? Экөөбүз канчадан бери ары-бери ташып жүрөбүз. Бир дагы жолу кызыгып сурабаганыңа таң калып жаткам. Сенин ушул ашыкча суроо берип, ар кайсы ишке мурдуңду сала бербеген мүнөзүңдү жактыргам,- деп Тахир күлүп калды.

– Наша. Түрмөгө киргизебиз, бүгүндөн калтырба деген. Ошого түнү менен жеткириш керек.

– Түрмөгө наша киргизиш оңой элеби?- Байэл таң калганын жашыра алган жок.

– Түрмөгө эмнелер гана кирбейт. “Крышаң” болсо колуң баарына жетет. Ал жакта деле кадимкидей жашоо бар.

Байэл бир топко унчукпай калды. Жолугуша турган дарекке жетишти көрүнөт. Тахир телефондон бирөө менен сүйлөшүп сыртка чыгып кетти. Аңгыча унааны көздөй эки жигит басып келип баягы коробкаларды көтөрүп жөнөдү...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 975, 12-18-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан