КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Байэл катка ишенбегени менен, оюнан эч эле чыгара албай койду. Эшиктин алдындагы отургучта отуруп дембе-дем чылым чеге берди. Терең ой менен ачуулануунун курчоосунда отуруп бир куту чылымды чегип салганын байкабай калыптыр. Кутунун ичинен чылым колуна урунбай калганда өзүнө келе түшкөнсүдү. Телефонун караса түнкү саат 3:40 болуп кетиптир. Балким, Аделя телефонун күйгүзгөндүр деп ойлоп, ага дагы чалып көрдү. Кыска чакыруу кетип тык өчүп калды, кыз аны “кара тизмеге” киргизип койгон эле. “Кой, бир аз болсо да эс алайын” деп Байэл үйгө кирди. Көзүн жумуп уктоого аракет кылганы менен, акылынан “Аделя сенин тууганың” деген сөз кетпей ары-бери оодарылып уктай албай жата берди. Сыртта таң сүрүп келе жатканы байкалып калган маалда Байэлдин көзү илинип кетти.

Телефонуна келген чалууларды Байэл бир топко сезбей уктай берди. Тапырап кыйкырып тепкичтен чуркап өткөн балдардын үнүнөн ойгонуп кетти. Телефонун караса, Аида 5 жолу чалыптыр.

– Тууй ата, дагы кечиктимби?- Байэл тура калып шашкан бойдон Аиданыкына жөнөдү. "Эми жакындап тамырын тартып келе жатканда мени кетирип жибербесе болду" деген санааркоо болуп жатты. Лифттен түшүп өзүн күнөөлүү сезе акырын келип коңгуроону басты.

– Ой, ким келип калган?- Аида жакшы маанайда тосуп алды.

– Кандайсыз, Аида эже, мени кечирип коюңузчу. Болду, башка кайталабайм.

– Ой, эч нерсе болбойт. Жашсың, уктап каласың. Баламды өзүм эле жеткирип койдум. 2-3 жолу чалсам алган жоксуң, билдим уктап калганыңды. Кебетең эмне, түнү менен жакшылык көргөн эмессиң го.

– Кеч уктап...- Байэл башын жерге салды.

– Бас, тамак ичебиз. Мен сага тамак даяр болгондо чалгам, чогуу тамактанып алып, анан бутик менен салондун иштерин көзөмөлдөп келели.

Көптөн бери жанында жүргөн кишисиндей эле Аида ишинин баарын ага айтып жатканы Байэлди таң калтырып жатты.

– Ме, муну ичип алчы,- жигитке алгач муздак суу сунду. Сууну жутуп жиберген жигиттин уйкусу ачыла түшкөнсүдү. Аялзатынын мээримине тойбогон Байэлге Аиданын камкордугу жагып жатты. Тамак ичип болгон соң аял кийинип чыкканча жигит залды кыдырып сүрөттөрдү көрүп, ар кайсы өлкөдөн келген сувенирлерди кармалап жүрдү. Баласын бетинен өөп жаткан Аиданын сүрөтүн көрүп “эх, Байэл, аш менен урган кишини таш менен урмай болдуң го” деди ичинен. Акча деген азгырык бар да. Уят-сыйыт, Кудайдан коркуу дегенди аттап өтүп кетет. Талап-тоноп, уурдап-согуп, улуп-жулууга даяр болуп ач карышкырдай эле кол салууга даяр кылып салат. Байэл кыла турган иши өзүнө пайда деле алып келбесин, ээси айдактап койсо ошол тарапка жүгүргөн бирөөнүн ити болуп жүргөнүн да аңдай элек. Уурда десе уурдайт, саба десе сабайт, өлтүр десе өлтүрөт, отур десе отурат. Бул агым аны бир күнү көргө алып барганда өзүнүн жекелиги жок, айбандан айырмаланбай калганын түшүнөр.

Бирде Баханы, бирде Тахирди карап чайды шорулдата ууртап төрдө олуттуу нерсени ойлонуп отургандай Капар. Телефондон көзүн албай берилүү менен футбол көрүп Баха отурат.

– Ыя, Тахир, тиги Байэлден дайын жок го. Иш эмне мынча создугуп кетти? Көзөмөлдөп жатасыңбы?

– Ооба, шеф, баары пландагандай кетип жатат. Ал азыр тигил аялдын айдоочусу болуп жумушка кирди.

– Байка анан, жумушуна берилип кетип, биздин иш экинчи планда калбасын. Бизден оңой кутулууга мүмкүн эмес экенин, анын тынч жашоосу биздин жаныбызда гана болорун мээсине жеткирип кой.

– Жок, шеф, ал аябай берилип иштеп жатат. Ал биз ойлогондон дагы көп акча жасайт, көрөсүз го.

– Ошондой эле болсун. Сен болсо тиги кампадагы нашалардын эсебин таба бер. Жакында дагы келет. Баха, футболуңду токтот. Айдын аягы болуп калды, жигиттерди ээрчитип алып “доляларды” чогултуп кел.

ххх

Арс акыркы күндөрү спорттон алыстап, көңүл ачуучу жайларга көп бара баштады. Бүгүн дагы адатынча барга келди. Унаасын коюуга жер издеп жаткан Арс каткырып күлүп бир жигит менен ээрчишип бардан чыгып келе жаткан Аделяны көрдү.

– Бул эмне, ичип алганбы?- артынан ээрчий карап ишене албай турду. Аны көздөй басканы менен, жетишпей калды. Бардан чыгып эле тиги жигиттин унаасына отурду.

– Баатыр ата жок муну эч ким көзөмөлдөбөй калган го,- деп сүйлөнгөн Арс унаасын от алдырып Аделя отурган машина кеткен тарапка айдады. Унаа түз эле шаардын сыртына чыгып кетти. Арс алардын артынан айдап жүрүп отурду. Аделя унаасын таанып калбасын деп алардан алыс токтоп, өзү капюшонун кийип жөө алар тарапка басты. Тоо тарап тынч болгондуктан экөөнүн сөзү Арска ыраактан эле угулуп жатты. Сыдырым жел менен кобурашкан үндөр Арска даана угулуп, кыздын жигитке жөлөнүп турган карааны үрүл-бүрүл көрүнүп турду.

– Болду, жигитиңе жиндене бербечи. Ал болбосо башкасы тургандыр. Андай жигитти чекеден чертип табасың.

– Мага мындай мамиле кылып жан дүйнөмө алай-дүлөй салгыдай ал ким өзү? Анын кечириминин мага кереги жок. Кайра-кайра сурай берген кечирими мен үчүн пайдасыз. "Туура эмес кылдым, кечирип койчу, сага көңүл бура албай калдым, кечирип койчу, кабарымды билдиргенге мүмкүнчүлүк болбоду, кечирчи, сени сарсанаа кылдым, кечирип койчу"... Деги эле түгөнбөй койду ушу "кечирип койчусу". Анын сансыз кечирими баарын баштагыга келтире албасын же түшүнсөчү. Кайда, ким менен эмне кылып жүргөнүн билбейм. Дайынсыз болуп кетет да, бир күнү пайда боло калат. Ал мага көңүл бурбаган сайын менин жан дүйнөм ооруп жатат...- кыз Барсбектин көкүрөгүнө өзүн таштап шолоктоп ыйлап баштады. Ичимдик ичип алган неме эмнени сүйлөп жатканын деле билген жок. Барсбекке ичиндегисин болушунча төгүп жатты. Жигит кызды бооруна имере тартып акырын чачтарынан сылады. Бышактап ыйлап жаткан кызды коё бергиси келген жок. Бир саамга үндөбөстөн кучактап тура берди.

– Мунусу ким? Эмнеге бул? Экөөбүз бирге өсүп-чоңойдук эле го, маселесин мага айтса болот эле го,- Арс өзүнчө кызганып жатты кызды. Жетип баргысы келди, бирок азыр барганы эч нерсени өзгөртпөсүн түшүндү да, унчукпай отура берди.

– Сендей досум болгону кандай жакшы. Кыздар эмне, мага калп эле жагынымыш болуп жүрө беришкени менен, алардын ичинде эмне бар экенин билем. Эч ким мага сендей дос боло албайт, эч ким,- деген кыздын сөзү Арска жага түштү.

– Демек, бул сенин досуң. Байэлге болсо таарынычың көп экен,- Арстын ойлогону ордунан чыккансып кымыңдап сүйүнүп алды өзүнчө.

– Мен дайыма сенин жаныңдамын. Башкысы, сен ыйлабачы.

– Жанында боло калганын мунун,- Арс жигитке жини келди. Ушул учурду Арс колдон чыгаргысы келген жок. Эмне кылса дагы ушуну менен Байэлди кыздын жашоосуна киргизбей турган болду. Байэлди кантип жаман көрсөтүүнүн жолун издей баштады.

“Аделяны уурдатуу керек. Ал бул ишти Байэлдин айынан болду деп түшүнүшү кажет. Аделя жоголду дегенди укканда Баатыр ата сөзсүз учуп келет. Мен болсо аларга издешем. Баатыр ата Байэлди өзү жок кылат”. Арс шаарды көздөй ушуларды ойлонуп келе жатты. Планын ишке ашыра алабы, эгер ишке ашса кимдин пайдасына иштейт, аны убакыт көрсөтөр...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 978, 2-8-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан