ЖЕСИРДИ КАМЧЫГА НИКЕЛӨӨ

Мурунку заманда жесир аял кайрадан күйөөгө тийүүдөн баш тартса аны буюмдарга никелеп койгон учурлар болгону атайын изилдөөлөрдө айтылат.

Күйөөсү каза тапкан жесир аялдын тагдыры анын баласы бар же жок экендигине, алардын кыз же эркектигине, аялдын жашына жана башка шарттарга жараша чечилген.

Ысык-Көл аймагынан топтолгон маалыматтар боюнча, кыргыздардын салттык турмушунда жесир аялды үйүндөгү кара кумганга, казан койгон түпкүчкө, казан кармаган туткучка никелеп койгон учурлар кездешкен. Мындай иш-аракет күйөөсү өлгөн аялды алып берүүгө ылайыктуу киши жок болгондо же ал кайрадан турмушка чыгуудан баш тартып койгон учурда жасалган. Жөрөлгөнү жасоого түрдүү себептер түрткү болгон. Алсак, жесир аялдын жасаган тамак-ашы, кармаган буюмдары адал болсун деп жасалган. Анткени кыргыздарда эри жок аялдын, жесирдин тамагын “арам тамак” деп ичишкен эмес. Мындай иш-аракетти кээ бир келин кетип калбасын деген максатта да жасашкан. Бул салтты аткарууда курак жактан чектөөлөр болгон. Мисалы, жашы 60тан ашып, карып калган жесир аялдарга мындай жол менен нике кыйылган эмес. Бул ыкма көбүнчө кырк-элүүдөгү аялдарга тийиштүү болгон. Себеби алардын бала-чакасы бойго жеткендиктен алар кайрадан күйөөгө тийүүдөн баш тартышкан.

Жогоруда келтирилген үй буюмдарынан тышкары жесирди камчыга никелеп койгон учурлар да кездешкен. Аял киши 67 жашка чейин жесир калса, андан туугандары башка эрге тийүүсүн талап кылышкан. Себеби жесир аялдын үйүнө башка эркектердин кирүүсүнө тыюу салынган. Эгерде жесир аял “балдарым бар” деп көгөрүп болбой койсо, анын жакындары “үйүңө кирип-чыгып, колуңдан даам татып, намаз окуп турууга мүмкүнчүлүк болсун” дешип 3 күбөнү чакырышып, камчыга нике кыйып коюшкан. Камчынын сабы сөзсүз түрдө табылгыдан болгон. Башка саптуу камчыларга нике жүргөн эмес.

(Этнограф, тарых илимдеринин кандидаты Динара Молдокулованын “Кыргыздардын салттык жүрүм-турум маданияты” китебинен алынды)

Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Noon
2021-09-06 12:02:05
Карангылык
+3
Erlan_95
2021-09-07 13:33:24
Noon, ну, это уже в прошлом))
0
Noon
2021-09-06 12:03:18
Аялга келгенде эле шарият да, салты да иштеп кетет. Эркекке келгенде эле эркекчилик болуптур деп калышат . Малдар
+4
Tyty1990
2021-09-07 09:50:15
тенирчилик, караңгылык.
0
Sajakat14
2021-09-10 13:32:18
Tyty1990,окуганды билесиңби?Намаз окугандар үйүңө кирип тамак ичип туралы.Жасаган тамагың адал болсун арам болбой деп ушундай жөрөлгөлөрдү жасашыптыр!Бул деген намаз окугандар"Үйүңө кирип чыгып тамак аш ичип туралы,намаз окуганга мүмкүнчүлүк болсун" дешип чыгарган өздөрүнүн салттары!Теңирчи деп жээригениң кыргыздын ата бабаларын жээригениң!Кыргыздар Ислам дини пайда боло электе эле жашап келишкен!Тарыхты дагы сыйлайлы!Күйөөсү жок аял арам экенда патриархаттарга!Бирок ал аялдын тамагыжа
0
№ 978, 2-8-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан